Казахские песни Узбекские песни

Песня «Тамчы шүүдүрүм»
исполнителя Данияр Эрматов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кызыл гүл көрдүм,
Жүрөк арбалды.
Сезимдер кайкып,
Сүйүүм арналды.
Гүлгө жетпедим,
Тагдыр ушундай,
Кайсарып учам,
Кайгы кушундай.

Кайырма:
Тамчы, тамчы шүүдүрүм,
Таң алдына жетпей күбүлдүң.
Канча, канча сулуу кыздардын,
Кирпигинен көз жаш болуп
Кирпигинен актың, үзүлдүң.

Алчумун тосуп,
Мойнуңдан жыттап.
Көбүрчүм көлдөй,
Көөдөнүм ыктап.
Ал күндөр калды,
Арман оролгон,
А балким, жомок,
Балким, болбогон.

Другие песни исполнителя:

  • Жамалыңдан жанып турган элесиң, Көз алдымдан кетпей тартылат. Гүл болуп жазда ачылгандай, Чырайыңдан нуруң чачылат. Кайырма: Сезимде, ал сезимде Махабатым сен, сен ак сезимде. Сезимде, ал сезимде Махабатым сен, сен ак сезимде. Кучагымды жайып тосом сагына, Үмүтүмдү үзбөй күтөмүн. Асманда айдай жаркырасаң, Булут болуп жандап өтөмүн. Кайырма: Сезимде махабатым азгырат, Алыстан кол булгалап чакырат Ак жүзүң арбалып, жеткизбей талпынат Жеткизбей ал мага, алыска талпынат
  • Алыстаба менден жаным, Качпа сенден суранамын. Бүт оюмду ээлеп калдың сен Жүрөк оту күчөп барат, Сен жок калса жалгыз калат, Сезимиме бүлүк салдың сен. Кайырма: Карагат көздөрүңө мен Баары бир жетип аламын. Ээрибес жүрөгүңө мен, Көрөсүң ачкыч табамын. Мүнөзүң катуу тоготпос, Баш ийет мага баары бир, Кыялың эрке жолотпос, Табат го менден сүйүүнү. Жүрөк байкуш ооруп турат, Сезим гүлү соолуп турат, Бакыт берчи мухит тамчы сен. Күндө багыт таба берем, Мен өзүңө бара берем, Ак сүйүүмдү кабыл алчы сен. Кайырма: Кыялым байланат, Ырларым арналат, Өмүрүмдү арнасам сага…
  • Жолугуп ойлонбогом эч нерсени Чынында түйшүктүн да жеткен чеги Үйрөтүп санаалардын көздөрүмдө Мынчалык күлбөптүрмүн көптөн бери Кайырма: Айтылды тамаша сөз түркүн-түркүн Бул күнгө баасы жетпес, берсе миң күн Жаандай дарыяны ташкындаткан Күч берди мага бүгүн сенин күлкүң Күлдүрүп, күлүп көпкө бир басылбай Боорумду эздиң мынча кымбатым ай Бирөөгө таарынганым унутуп калып Айтылды жүрөктөрдө сыр катылбай Кайырма :