Казахские песни Узбекские песни

Песня «Махабатым»
исполнителя Данияр Эрматов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жамалыңдан жанып турган элесиң,
Көз алдымдан кетпей тартылат.
Гүл болуп жазда ачылгандай,
Чырайыңдан нуруң чачылат.
Кайырма:
Сезимде, ал сезимде
Махабатым сен, сен ак сезимде.
Сезимде, ал сезимде
Махабатым сен, сен ак сезимде.
Кучагымды жайып тосом сагына,
Үмүтүмдү үзбөй күтөмүн.
Асманда айдай жаркырасаң,
Булут болуп жандап өтөмүн.
Кайырма:
Сезимде махабатым азгырат,
Алыстан кол булгалап чакырат
Ак жүзүң арбалып, жеткизбей талпынат
Жеткизбей ал мага, алыска талпынат

Другие песни исполнителя:

  • Суктанам, суктанамын, Жапжашыл айланага. Укмуштай жаз көркөмү, Теңелбейт сага гана. Кайырма: Тартынбай бери карап күлчү, жаным, Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным, Түбөлүк күлгүн болуп жүрчү, жаным. Аралап жаш шиберди, Келесиң сен жаныма. Сезимиң уялыңкы, Сезилет мага гана. Кайырма:
  • Жаным, бүгүндөн баштап кадамым, Сен үчүн болот басканым, жаным. Жаным, болчу сен менин канатым, Үйдөгү жанган чырагым, оу, жаным. Кайырма: Ата-энемдин тилеги, Ыймандуу болсун келини. Кыз күтүп жүрүп жетпеген, Апамдын болчу шериги. Жаным, болчу сен менин керегим, Түгөнбөс үйдө берекем, жаным. Жаным, ата-энем көрүп небере, Бололу биз да ата-эне, ай, жаным. Кайырма: Ата-энемдин тилеги, Ыймандуу болсун келини. Кыз күтүп жүрүп жетпеген, Апамдын болчу шериги. Кыз күтүп жүрүп жетпеген, Апамдын болчу келини.
  • Кара көз сулуу, ажайып нурдуу, Татынакай биздин кыздар, ай. Арбап алышат, ойго салышат, Назданышкан назик кыздар, ай. Кайырма: Кыздар, ай, кыздар, ай, Кыздар, ай, кыздар, ай, Татынакай биздин кыздар, ай. Кыздар, ай, кыздар, ай, Кыздар, ай, кыздар, ай, Кылыктанган, сүрдүү кыздар, ай. Ачылган гүлдөй, асманда күндөй, Ай чырайлуу, сулуу кыздар, ай. Жүрөк эриткен, көңүл сергиткен, Кылыктанган, сырдуу кыздар, ай.
  • Бий кана чыгактары жагылса, башкача дүйнө, Музыка сезим козгоп жаңырса, кетпеймин үйгө. Бул тарап шымаланган жигиттер, көзү нурланган, Бул тарап суйкайышкан бийкечтер, чачы чубалган. Кайырма: Келчи жанаша, колдон кармаша, Элден башкача, Каткырып ачылабыз, чачыла. Бийлейли ча-ча. Таштачы бир мүнөткө кайгыңды, ойлоп тойбогон, Башыңды, буту-колуң, белиңди тынбай толгоно. Айланып көп толгонуп канбадым, кайрадан башта, Менин күлөм, сен да мага күлүп кой, кубаныч жаша. Кайырма: Келчи жанаша, колдон кармаша, Элден башкача, Каткырып ачылабыз, чачыла. Бийлейли ча-ча.
  • Келгиле жаштар, көңүлдөрдү көтөрөлүк, Ырдап , бийлеп баарыз тең кубанычка бөлөнөлүк. Анткени эсте калсын ушул күндөр түбөлүкө, Кезек келет бир убакта эңсей турган жаштык күндү. Ошондуктан уялбай, эчнерседен тартынбай, Баркын билип кереметтүү жаштык кездин, алтындай. Ойноп-күлүп, шаңдуу бийлеп, талыкпастан бийлеп турсак, Жаштар, бул анткени биздин ураан! Кайырма: Жалындап жана бергин жаштык кез,жылдыздай, Жүрөктө дайым сенсиң жаштык кез, унутулбай. Келгиле, жаштар бийге, көңүлдү көтөрүп, Келгиле, жаштык кездин өмүрүн сүрөлү. Кетпечи, жаштык кез, сен бизден алыстап, Кетпечи, жаштык кез, жүрөктү жаралап. Мына эмесе жаштар, Шаңдуу шайыр музыкалар. Бийлегиле кыз-жигиттер, Сүйүүңөрдүү таапсыңар. Жаштык кездин кереметин, Мына бизге демин берип. Айлананы шаңга бөлөп, Өзүбүздү жеңил сезип. Баары бизде ынтымактуу, Жалындаган жаштык кезде. Бир-бирибизге бакыт каалап, Ак сүйүүнүн жолун издеп. Келечеке максат коюп, Биз бактылуу жаштарбыз деп. Суктаналы бактылуулук, Жаштык кез биз жакта. Кайырма: