Казахские песни Узбекские песни

Песня «Апамдын болчу келини»
исполнителя Данияр Эрматов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жаным, бүгүндөн баштап кадамым,
Сен үчүн болот басканым, жаным.
Жаным, болчу сен менин канатым,
Үйдөгү жанган чырагым, оу, жаным.
Кайырма:
Ата-энемдин тилеги,
Ыймандуу болсун келини.
Кыз күтүп жүрүп жетпеген,
Апамдын болчу шериги.
Жаным, болчу сен менин керегим,
Түгөнбөс үйдө берекем, жаным.
Жаным, ата-энем көрүп небере,
Бололу биз да ата-эне, ай, жаным.
Кайырма:
Ата-энемдин тилеги,
Ыймандуу болсун келини.
Кыз күтүп жүрүп жетпеген,
Апамдын болчу шериги.
Кыз күтүп жүрүп жетпеген,
Апамдын болчу келини.

Другие песни исполнителя:

  • Арбалып арзууларга багынып Ансайын көргүм келет сагынып Ар качан карайм сенин жолуңду Алдымдан чыгабы деп жаңылып Кайырма: Ай асманда, жарык чачканда Мен сага барам сүйүүм толкуп ташканда Жаз көктөмдө, жарык өчкөндө Жолуккум келет сиз менен жамгыр төккөндө. Жолугуп айткым келди бар сырды Жоругу мени өндөн азгырды Шылтоолоп койгом анда жөн эле Келе бер күто бербей жамгырды Ак жамгыр төгүп жатты тамчылап Сезимдер сени көздөй талпынат Баратам кол чатырдын астында Бул күндү күткөм менда канча убак
  • Жалын жаштык, студенттик кез, Сезилбестен өтөбү тез? Кыялымда кала берди, Түш сыяктуу жаркын элес. Кайырма: Студенттик күн азбы-көппү, Кандай сонун күндөр өттү. Эң кызык кез жаштыгымды, Кайсы жакка алып кетти? Билим алып, илим тапкан, Алтын барак, калем саптан, Махабаттын кулпун ачкан. Студенттик күн баарыбыздын. Ошол кезде чогуу жүргөн, Сагынамын досторумду, Баарыбызды тааныштырган, Биз жашаган студенттик кез. Кайырма:
  • Дарак билип жазда бүчүр байлаарын, Күздө түшкөн жалбырагын сагынбайт. Сенден сулуу болсо дагы алганым, Сендей мага бул дүйнөдө табылбайт. Көлгө жетпей суулар соолуп акпаса, Жарга жетпей жигит жалгыз жатпаса. Кайсы кызга кадалбасын карегим, Баары бөлөк, баары сенден башкача. Кимден калган табигатка таарыныч, Кимден калган үйлөнүүлөр жаңылыш. Жүрөктү өрттөп коштоп жүрүп отурат, Өзүмдөгү сага деген сагыныч. Сендей мага бул дүйнөдө табылбайт.