Казахские песни Узбекские песни

Песня «Неге?»
исполнителя Данияр Эрматов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Максатыма толук жете албай,
Тагдырымдын жолун чече албай.
Эми сенден азыр алысмын,
Өзүңдү көрө албай.
Өкүнүчтөр курчап тунук сезимди
Күтүлбөгөн убак бизге кезикти
Кайырма:
Мен да кыйнап сени
Сен да кыйнап мени
Неге жүрдүк билбеймин деги
Нечен жылдар өтүп жаңырып,
Ортобузда сүйүү нурданып.
Эми минтип айлам түгөнүп,
Калдымго айрылып.
Өкүнүчтөр курчап тунук сезимди,
Күтүлбөгөн убак бизге кезикти.
Кайырма:
Мен да кыйнап сени
Сен да кыйнап мени
Неге жүрдүк билбеймин деги

Другие песни исполнителя:

  • Бакыт сунуп өмүр бир келген, Учкан куштай сызып, күндөрүң ирмем. Аруу таңдай маанай арнагын, Шаңга бөлөп баарын күлгөнүң менен. Билип жаман жолго баспагын. Ак дилиңди таза бойдон сактагын Адам бойдон калып өзгөрбөй, Адал иштеп, асыл ойдон качпагын. Кайырма: Кечиргин, кечир өткөндү, Кечиргин, душман, көпкөндү, Көтөрүп алсыз, чөккөндү, жардам бергин. Кечиргин, буттан чалганды, Кечиргин, күйүт салганды, Анткени өмүр жалган бул, бир тууганым. Убактылуу, билсең тактың да, Байлыкка, бийликке дилиң азгырба, Кичипейил болуп жүргүнүң, Бирдей баары, жараткандын астында. Жакындарга дайым жолуккун, Жакырларга жардам берип колуң сун, Таарынычтын баарын унутсак, Мына ошондо келет бизге сонун күн. Кайырма:
  • Суктанам, суктанамын, Жапжашыл айланага. Укмуштай жаз көркөмү, Теңелбейт сага гана. Кайырма: Тартынбай бери карап күлчү, жаным, Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным, Түбөлүк күлгүн болуп жүрчү, жаным. Аралап жаш шиберди, Келесиң сен жаныма. Сезимиң уялыңкы, Сезилет мага гана. Кайырма:
  • Байыртан ата салтын улаган эл, Кыйын күндү жеңип өткөргөн. Ынтымак, ырыс-кешик кураган эл, Душмандары коркуп, сезгенген. Кайырма: Ала-Тоонун нурусуң, Ак пейилдүү улутум, Баатырлардын мекени жерим. Кыргызымдын уулусуң, Көтөрөлү бир бурчун, Желбиретип бийик желегин. Тарыхың жол көрсөтүп караңгыда, Урпактарга келген кептериң. Таңеймин күндөн дагы жарык нурга, Бабалардын баскан издерин. Кайырма: Ар күнү шайыр мүнөз ырга жакын, Обон созуп ак жүрөгүнөн. Дасторкон жайып дайым сыйга жакын, Бата берип ак тилегинен. Кайырма:
  • Айтылбай дагы сөзүм калды, Жашырып сенден сырды кантип сактаймын? Тоготпой кете бердиң, артка кылчайбай, Сенден мен ажырасам кантип жашаймын? Кайырма: Токто, жаным, кетпе! Сени сүйөм, Эгер көрсөм башка менен оттой күйөм. Суранам дагы бир келчи кайра мага, Билесиң жүрөк сыздайт сен деп гана. Кечирчи, ушул сөздү эми айтпаймын, Түшүндүм болгон сөздүн баары жалганын. Ойлонбой сүйлөп сенин көөнүң ооруттум, Сенсиз жалгыз турмушта кантип жашаймын? Кубанычка бөлөп сенин көөнүң алайын, Кучагыма кысып алып сүйүүмдү айтайын. Ишенгенсиң, дагы ишен менин сүйүүмө, Сен бактылуу болушуңду дайым каалаймын. Кайырма: Сенсиз өтөт жашоом кызыксыз, Мээримиң төкчү жүрөк жылытып, Жаз кетип, күз да келди, кайдасың?..
  • Жамалыңдан жанып турган элесиң, Көз алдымдан кетпей тартылат. Гүл болуп жазда ачылгандай, Чырайыңдан нуруң чачылат. Кайырма: Сезимде, ал сезимде Махабатым сен, сен ак сезимде. Сезимде, ал сезимде Махабатым сен, сен ак сезимде. Кучагымды жайып тосом сагына, Үмүтүмдү үзбөй күтөмүн. Асманда айдай жаркырасаң, Булут болуп жандап өтөмүн. Кайырма: Сезимде махабатым азгырат, Алыстан кол булгалап чакырат Ак жүзүң арбалып, жеткизбей талпынат Жеткизбей ал мага, алыска талпынат