Казахские песни Узбекские песни

Песня «Туулган күн»
исполнителя Данияр Эрматов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Убак жылып алга,
Кадам таштап бир жылга
Өткөн кезиң калды,
Кол булгалап артыңда
Көп күндөр алдыда,
Өткөн кезге муңайба
Курчап сени турсун,
Жакындарың дайыма
Жараткан бөлөсүн бакытка
Кайырма:
Туулган күнүң менен,
Өздүк майрам бул деген
Куттуктайбыз сени,
Аппак тилек ой менен
Кабыл болсун бүтүн,
Тилектер бүт сен үчүн
Өткөрөлү бирге,
Сен жаралган уулуу күн
Калоолорду арнап,
Көңүл ачып, ыр ырдап
Жакшылыктын баары,
Ар дайым турсун жандап
Өмүр гүлүң жайнап жаркырап
Кайырма:
Туулган күнүң менин,
Өздүк майрам бул деген
Куттуктайбыз сени,
Аппак тилек ой менен

Другие песни исполнителя:

  • Бакыт сунуп өмүр бир келген, Учкан куштай сызып, күндөрүң ирмем. Аруу таңдай маанай арнагын, Шаңга бөлөп баарын күлгөнүң менен. Билип жаман жолго баспагын. Ак дилиңди таза бойдон сактагын Адам бойдон калып өзгөрбөй, Адал иштеп, асыл ойдон качпагын. Кайырма: Кечиргин, кечир өткөндү, Кечиргин, душман, көпкөндү, Көтөрүп алсыз, чөккөндү, жардам бергин. Кечиргин, буттан чалганды, Кечиргин, күйүт салганды, Анткени өмүр жалган бул, бир тууганым. Убактылуу, билсең тактың да, Байлыкка, бийликке дилиң азгырба, Кичипейил болуп жүргүнүң, Бирдей баары, жараткандын астында. Жакындарга дайым жолуккун, Жакырларга жардам берип колуң сун, Таарынычтын баарын унутсак, Мына ошондо келет бизге сонун күн. Кайырма:
  • Жаным, бүгүндөн баштап кадамым, Сен үчүн болот басканым, жаным. Жаным, болчу сен менин канатым, Үйдөгү жанган чырагым, оу, жаным. Кайырма: Ата-энемдин тилеги, Ыймандуу болсун келини. Кыз күтүп жүрүп жетпеген, Апамдын болчу шериги. Жаным, болчу сен менин керегим, Түгөнбөс үйдө берекем, жаным. Жаным, ата-энем көрүп небере, Бололу биз да ата-эне, ай, жаным. Кайырма: Ата-энемдин тилеги, Ыймандуу болсун келини. Кыз күтүп жүрүп жетпеген, Апамдын болчу шериги. Кыз күтүп жүрүп жетпеген, Апамдын болчу келини.
  • Алаканга салып жүрөм, Аярым мен сени сүйөм. Ашыктык отуна күйөм, Көтөрөм кыялыңды, Катып жүргөн сырларыңды, Катпа менден жыргалымды. Билем жаным сен эркесиң, Бирөө барын сен сезерсиң, Ачтың сүйүү терезесин. Кайырма: Бир болууну самаймын, Өзүңсүң аярым Жанымда болчу дайым Сүйүүнүн жалыны, Сезимдин жарыгы, Жанымдын жарымы сен. Сөзүң таттуу балдай сенин, Сүйлөткүм бир келет менин. Сөзү жок да сезет сезим Карегиңден мен айланып, Өзүңө калдым мен байланып Аяганың байкалып. Жүрөктөрдөн сүйүү чачып, Өмүр бою дидарлашып, Өтөлүчү кол кармашып
  • Кызыл гүл көрдүм, Жүрөк арбалды. Сезимдер кайкып, Сүйүүм арналды. Гүлгө жетпедим, Тагдыр ушундай, Кайсарып учам, Кайгы кушундай. Кайырма: Тамчы, тамчы шүүдүрүм, Таң алдына жетпей күбүлдүң. Канча, канча сулуу кыздардын, Кирпигинен көз жаш болуп Кирпигинен актың, үзүлдүң. Алчумун тосуп, Мойнуңдан жыттап. Көбүрчүм көлдөй, Көөдөнүм ыктап. Ал күндөр калды, Арман оролгон, А балким, жомок, Балким, болбогон.