Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сүйдүрүп алам»
исполнителя Данияр Эрматов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Алыстаба менден жаным,
Качпа сенден суранамын.
Бүт оюмду ээлеп калдың сен
Жүрөк оту күчөп барат,
Сен жок калса жалгыз калат,
Сезимиме бүлүк салдың сен.
Кайырма:
Карагат көздөрүңө мен
Баары бир жетип аламын.
Ээрибес жүрөгүңө мен,
Көрөсүң ачкыч табамын.
Мүнөзүң катуу тоготпос,
Баш ийет мага баары бир,
Кыялың эрке жолотпос,
Табат го менден сүйүүнү.
Жүрөк байкуш ооруп турат,
Сезим гүлү соолуп турат,
Бакыт берчи мухит тамчы сен.
Күндө багыт таба берем,
Мен өзүңө бара берем,
Ак сүйүүмдү кабыл алчы сен.
Кайырма:
Кыялым байланат,
Ырларым арналат,
Өмүрүмдү арнасам сага…

Другие песни исполнителя:

  • Нур шооласын төгүп, Ай жүзүңдөн өбүп, Кыялымда сени гана. Таалайыма жазса бир өзүңдү мага, Болор белең мендик гана? Кайырма: Эзилип жүрөк, Эңсеп сени жүрөт, Эби жок согуп жүрөк. Түгөнбөгөн күйүт үзүлбөгөн үмүт, Жолуңду карап күтөт. Тамшанып жүзүңө, Табышмак көзүңө, Тартылам дайым өзүңө. От болуп махабат, Сезимге чок салат, Жан дүйнөм сага байланат. Кайырма:
  • Сага гүлүм сунамын, сүйүүм арнаймын, Мага бир келген тунук махабатымсың. Жашоомдун кызыгы сенсиң, жаным, Бир болуп, таталы сүйүү балын. Карагаттай көзүң ыйлатпаймын түбөлүк, жаным. Кайырма: Кол кармашып биз дайым, Жашайлычы түбөлүккө, жаным. Ак сүйүүнүн сырларын, Ачалы бири-бирибизге, жаным. Бул өмүрдөн тапканым бир өзүң, жаным, Бакытым, айым, күнүм, ачык асманым. Бирге болчу, жаным, мени менен, Бир өтөлү сүйүү деңизинен. Бир өзүңдү, жаным, сүйө берем, жалгызым менин Кайырма
  • Айтылбай дагы сөзүм калды, Жашырып сенден сырды кантип сактаймын? Тоготпой кете бердиң, артка кылчайбай, Сенден мен ажырасам кантип жашаймын? Кайырма: Токто, жаным, кетпе! Сени сүйөм, Эгер көрсөм башка менен оттой күйөм. Суранам дагы бир келчи кайра мага, Билесиң жүрөк сыздайт сен деп гана. Кечирчи, ушул сөздү эми айтпаймын, Түшүндүм болгон сөздүн баары жалганын. Ойлонбой сүйлөп сенин көөнүң ооруттум, Сенсиз жалгыз турмушта кантип жашаймын? Кубанычка бөлөп сенин көөнүң алайын, Кучагыма кысып алып сүйүүмдү айтайын. Ишенгенсиң, дагы ишен менин сүйүүмө, Сен бактылуу болушуңду дайым каалаймын. Кайырма: Сенсиз өтөт жашоом кызыксыз, Мээримиң төкчү жүрөк жылытып, Жаз кетип, күз да келди, кайдасың?..
  • Көп жылдар сенден жүрөмүн алыста Өмүр менен түшкөн жарышта Жашоонун шартсыз мыйзамы экен Убакыт тар сага барышка Кайырма: Көңүлүм жай албай сага баралбай Дайра болуп толкуп агалбай Салам айтам кыргыз элим аманбы Сагындым мен айылымды талаамды Ичкен сууңду актабасам Эгер сени тандабасам Суранам кечир балаңды Эске салып жоругуңдү Апам байлап жоолугуңдү Тосуп ал бүгүн барат уулуңдү Көзүмдөн учуп айыл таңдары Балалыгым анда калган иий Жеталбай саган жүрөгүм куса Башка түшүп өмүр залалы