Казахские песни Узбекские песни

Песня «Айылымды сагындым»
исполнителя Данияр Эрматов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Көп жылдар сенден жүрөмүн алыста
Өмүр менен түшкөн жарышта
Жашоонун шартсыз мыйзамы экен
Убакыт тар сага барышка

Кайырма:

Көңүлүм жай албай сага баралбай
Дайра болуп толкуп агалбай
Салам айтам кыргыз элим аманбы
Сагындым мен айылымды талаамды
Ичкен сууңду актабасам
Эгер сени тандабасам
Суранам кечир балаңды
Эске салып жоругуңдү
Апам байлап жоолугуңдү
Тосуп ал бүгүн барат уулуңдү

Көзүмдөн учуп айыл таңдары
Балалыгым анда калган иий
Жеталбай саган жүрөгүм куса
Башка түшүп өмүр залалы

Другие песни исполнителя:

  • Кызыл гүл көрдүм, Жүрөк арбалды. Сезимдер кайкып, Сүйүүм арналды. Гүлгө жетпедим, Тагдыр ушундай, Кайсарып учам, Кайгы кушундай. Кайырма: Тамчы, тамчы шүүдүрүм, Таң алдына жетпей күбүлдүң. Канча, канча сулуу кыздардын, Кирпигинен көз жаш болуп Кирпигинен актың, үзүлдүң. Алчумун тосуп, Мойнуңдан жыттап. Көбүрчүм көлдөй, Көөдөнүм ыктап. Ал күндөр калды, Арман оролгон, А балким, жомок, Балким, болбогон.
  • Суктанам, суктанамын, Жапжашыл айланага. Укмуштай жаз көркөмү, Теңелбейт сага гана. Кайырма: Тартынбай бери карап күлчү, жаным, Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным, Түбөлүк күлгүн болуп жүрчү, жаным. Аралап жаш шиберди, Келесиң сен жаныма. Сезимиң уялыңкы, Сезилет мага гана. Кайырма:
  • Сага гүлүм сунамын, сүйүүм арнаймын, Мага бир келген тунук махабатымсың. Жашоомдун кызыгы сенсиң, жаным, Бир болуп, таталы сүйүү балын. Карагаттай көзүң ыйлатпаймын түбөлүк, жаным. Кайырма: Кол кармашып биз дайым, Жашайлычы түбөлүккө, жаным. Ак сүйүүнүн сырларын, Ачалы бири-бирибизге, жаным. Бул өмүрдөн тапканым бир өзүң, жаным, Бакытым, айым, күнүм, ачык асманым. Бирге болчу, жаным, мени менен, Бир өтөлү сүйүү деңизинен. Бир өзүңдү, жаным, сүйө берем, жалгызым менин Кайырма
  • Кадалам мен сенин кара көзүңө, Тандабас мени болсоң да. Тартуулайм мен сенин гана өзүңө, Сунулган гүлүм болсо да. Жалындай жалындап, Жылдыз нурун тартуулап, Жараладың, жабыркадым, карындаш. Үмүтүм тамчылап, сени күтөм ар убак, Жүрөккө сүйүү бердиң тартуулап. Кайырма: Жүрөгүм, жүрөгүм, Ооруп калды жүрөгүм, Ойлогон сайын жүдөймүн. Жүрөгүм, жүрөгүм, Эңсеп сени сүйөмүн, Арналат сага жүрөгүм. Ак куулардын арасынан тааныдым, Жаныма келчи, жарыгым. Ай тумарым, ак сүйүүнүн булагын, Өзүңө бурчу сураарым. Жалындай жалындап, Жылдыз нурун тартуулап, Жараладың, жабыркадым, карындаш. Үмүтүм тамчылап, сени күтөм ар убак, Жүрөккө сүйүү бердиң тартуулап. Кайырма: