Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жалгызым»
исполнителя Данияр Эрматов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сага гүлүм сунамын, сүйүүм арнаймын,
Мага бир келген тунук махабатымсың.
Жашоомдун кызыгы сенсиң, жаным,
Бир болуп, таталы сүйүү балын.
Карагаттай көзүң ыйлатпаймын түбөлүк, жаным.
Кайырма:
Кол кармашып биз дайым,
Жашайлычы түбөлүккө, жаным.
Ак сүйүүнүн сырларын,
Ачалы бири-бирибизге, жаным.
Бул өмүрдөн тапканым бир өзүң, жаным,
Бакытым, айым, күнүм, ачык асманым.
Бирге болчу, жаным, мени менен,
Бир өтөлү сүйүү деңизинен.
Бир өзүңдү, жаным, сүйө берем, жалгызым менин
Кайырма

Другие песни исполнителя:

  • Кечир мени, башка сөз айта албаймын. Кечир мени, жаныңа бара албаймын, Бара албаймын, бара албаймын, Бара албаймын… Кайырма: Сүйбөймүн мен сени, кечир мени, Сүйөмүн башканы билгин эми. Сен деген сезимим өчкөн эле, Кечир мени, кечир мени, кечир мени. Ыйлабачы көздөрүң жашка толуп, Калгам сенден эчак мен башка болуп, Башка болуп, башка болуп, Башка болуп… Кайырма:
  • Сен дагы мени сагындыңбы Мен сени сагынганда Жактырдым сени алгач көздөр кабылганда Жан шерик болдуң тайгак жолдо Мен жалгыз баратканда Ыраазымын сага жолуктурган жаратканга Кайырма: Сени сүйөм сени сүйөм Кайталап сүйөрүмдү Сага гана сага гана Арнаймын гүлдөрүмдү Карагат кара көздөрүң менен Ээледиң жүрөгүмдү Арнаймын сага ааламдагы Сезимдин тазасын Сен болдуң менин бир жаралган Чексиз бактым Түбөлүк таттуу өмүр сүрүп Тунук сүйүү жашасын Эчкимди мени алмаштыргыс махабатым
  • Суктанам, суктанамын, Жапжашыл айланага. Укмуштай жаз көркөмү, Теңелбейт сага гана. Кайырма: Тартынбай бери карап күлчү, жаным, Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным, Түбөлүк күлгүн болуп жүрчү, жаным. Аралап жаш шиберди, Келесиң сен жаныма. Сезимиң уялыңкы, Сезилет мага гана. Кайырма:
  • Жаным, бүгүндөн баштап кадамым, Сен үчүн болот басканым, жаным. Жаным, болчу сен менин канатым, Үйдөгү жанган чырагым, оу, жаным. Кайырма: Ата-энемдин тилеги, Ыймандуу болсун келини. Кыз күтүп жүрүп жетпеген, Апамдын болчу шериги. Жаным, болчу сен менин керегим, Түгөнбөс үйдө берекем, жаным. Жаным, ата-энем көрүп небере, Бололу биз да ата-эне, ай, жаным. Кайырма: Ата-энемдин тилеги, Ыймандуу болсун келини. Кыз күтүп жүрүп жетпеген, Апамдын болчу шериги. Кыз күтүп жүрүп жетпеген, Апамдын болчу келини.
  • Күнөө кимде эми? Күнөө мендеби? Сүйгөнүм жок деп, Кыйнадың го, жаным, сен мени. Кайырма: Арман, арман, арман. Сүйгөнүңдөн айрылган жаман. Жаман баарынан, Сүйбөгөнгө сүй деп жалынган, Сүйбөгөнгө сүй деп жалынган, Сени сагынам, сага багынам. Экөөбүздү бөлгөн, Тагдырга мен абдан таарынам. Арман, арман, арман. Сүйгөнүңдөн айрылган жаман. Жаман баарынан, Сүйбөгөнгө сүй деп жалынган, Сүйбөгөнгө сүй деп жалынган, Арман, арман, арман. Сүйгөнүңдөн айрылган жаман. Жаман, жаман, жаман. Сүйбөгөнгө сүй деп жалынган, Сүйбөгөнгө сүй деп жалынган.