Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жазым, келчи»
исполнителя Алтынай Нарбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Күндөрү өтпөй кыштын,
Сагындым жаздын жытын.
Санааркап басып жүрөм,
Сайрашын күтүп куштун.
Кайырма:
Агарган ак булуттар,
Жашоого жамгыр сунаар.
Сагындым жазым сени,
Кабар бер жаштыгымдан.
Жаштыгым кайрып берчи,
Ак сүйүүм ала келчи,
Жазым менин…
Эңседим жазым сени,
Эңседим назым сени.
Көктөмүм көрүнчү эми,
Көңүлүм үшүп кетти.
Кайырма:
Жаңы жаз бактым болчу,
Күн күлүп айым толчу.
Жанымды келээр жазым,
Жан сүйөөр жанга кошчу.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Күтпөчү сагынарым, сагынарым, Саргарып калар бекер ак ыраңың. Жайнаган элик көзүң сумсайбасын, Жароокер мен өзүңдү сагынамын. Келип кал дүйнө-жүзүн жарык кылып, Шоолаңды, нуруңду эч аябастан. Өзүңсүз мен кеттим муздай сынып, Өзүңсүз жылдызы жок, бүркөк асман. Маанилүү сен бар үчүн жарыкчылык, Маанилүү ырдоо жана күтүү жетпей Тагдырым берет жыргал зарыктырып, Жашаймын махабаттан үмүт үзбөй.
  • Алыстан бир сен үчүн келгенимди, Сыр кылып кызыл гүлдү бергенимди, Сен билген жоксуң. Ичимден сүйөмүн деп айтканымды, Үшкүрүп үйгө амалсыз кайтканымды, Сен билген жоксуң. Атыңды ак баракка жазганымды, Анардай кызыл өңдөн азганымды, Сен билген жоксуң. Үйүңдү жалжал карап күткөнүмдү, Көзүмдөн ысык жашты төккөнүмдү, Сен билген жоксуң. Түшүмдө сени менен жүргөнүмдү, Эзилип эркин ойноп- күлгөнүмдү, Сен билген жоксуң.
  • Атар таңым, кубанычым, үйдө кутум, Асыл жарым, ардагым, бакыт кушум. Өмүр бою жаркырап жанымда жүр, Өзүң барда мен үчүн дүйнө бүтүн. Кайырма: Сапарлашым, түгөйүм, сагынарым, Сүйгөн жарым, эрмегим, жалынарым. Мен карыйын түйшүгүң тартып жүрүп, Сен карыба, жан биргем, кагылайын. Бир өмүргө өзгөрбөс арчадайым, Бийиктеги жылдызым, бак-таалайым. Алдымда жүр жетелеп максаттарга, А мен болсо артыңдан акмалайын. Кайырма: Кудай кошкон жандоочум, сүйдүрөрүм, Угуп турчу, чынымды билдирейин. Сенин барың суранып Жараткандан, Сени менен түбөлүк бир жүрөйүн. Кайырма:
  • Өзүңдү сүйгөн күнөмбү, Өрттөндүм, аргам түгөндү. Ашыктык гүлү ачылсын а, Жүрөккө сепчи үрөндү. Махабат гүлү ачылсын а, Жүрөккө сепчи үрөндү. Адамда ар сыр кыял бар, Айта албайт аны уяңдар. Өчпөгөн менин чолпонум ай, Өзүңө мендей бир кыз зар. Өчпөгөн менин чолпонум ай, Өзүңө мендей бир кыз зар. Дартымды аччу далалат, Арга тап сүйүүм аманат. Суу бүркүп сүйүү отуна да, Жүрөктү кетпе жаралап. Суу бүркүп сүйүү отуна да, Жүрөктү кетпе жаралап.
  • Ажайып деп тоонун гүлүн искеген, Арзуу жытын неге мурда сезбегем. Ушунча жыл өмүр сүрбөй кур, бекер. Балким, сенин жытың гана издегем. Алыс кетсем илебиңди сагынам, Ооруп калсам, жытың татсам айыгам. Сен жыттанган шамал уруп турса деп, Мен ичимден табияттан жалынам. Мындай жытты кызганышар арчалар, Арзуу жытын сезбей өтөр канчалар. Көз жумарда не деп сүйлөйм билбеймин, Жытың искеп анан, мүмкүн, жан чыгар. Торгой өңдүү тоо гүлдөрүн эңсегем, Жытың издеп жолго чыгам күндө мен. Сендей жакшы жолукса да жашоомдо, Сендейди мен таба албасмын дүйнөдөн.