Казахские песни Узбекские песни

Алтынай Нарбаева.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Алтынай Нарбаева

  • Биз төрөлгөн ошол үй базар болуп, Турчу эле го өзгөчө шаңга толуп. Азыр кайда бир тууган, асылдарым, Жүрөм баарың сагынып, куса болуп. Кайырма: Бир тууганым, таянар асылдарым, Аска-зоодой бел болор жакындарым. Карааныңар дем болот кайда жүрсөм, Амандыгың тилеймин баарыңардын. Биз чоңоюп, балалык артта калып, Ар кимибиз ар тарапка багыт алып. Азыр ата-эне болуп калгансыңар, Асыл жарлуу үй-бүлөдөн бакыт табып. Кайырма: Күндөр улам зымырап өтүп барат, Жүрөгүмдү сагыныч бөлүп-жарат. Сезимимди кусалык ээлеп алып, Жолугушар кезди күтүп жүрөм самап. Кайырма: Амандыгың тилеймин кымбаттарым.
  • Күттүм көп, жол карадым сен тараптан, Төгүлгөн жаанда калып, кечээ күттүм. Ушул жол мени жалгыз алпараткан, Бир кездеги тагдырыбыз экөөбүздүн. Күтүүдөн үмүт болуп жагылгамын, Күйүттү ырга айланткан тагдыр болдуң. Экөөбүз жаш чагына бөлөнмөкпүз, Өмүрдө бөлөк түшкөн биздин жолдор, Бөлөк түшкөн өмүрдө биздин жолдор. Күттүм көп, жол карадым сен тараптан, Төгүлгөн жаанда калып, кечээ күттүм. Ушул жол мени жалгыз алпараткан, Бир кездеги тагдырыбыз экөөбүздүн. Бөлөк түшкөн өмүрдө биздин жолдор, Бөлөк түшкөн турмушта биздин жолдор.
  • Айдыңга ак куулар жол алды, Сагындым сени. Жайнады дүйнө да, жаңырды, Сагындым сени. Жаз өттү, жалбырак саргайды, Сагындым сени. Ак кайың ак мамык жамынды, Сагындым сени. Кайырма: Күн батты, таң атты дагы да, Эм таппайм жаралуу жаныма, Бир гана сени эңсеп карайлаймын жолуңдан. Сен элең сүйүүмдүн жанары, Эңсеткен жүрөгүм жамалың, Эзилип ичимен барамын, ай, маралым. Ак кайың арылды ак кардан, Сагындым сени. Булбул куш сайрады бактардан, Сагындым сени. Элесиң жүрөгүм жандантып, Сагындым сени. Келесиң жаным кай жактардан, Сагындым сени. Кайырма:
  • Билбедим булбул болуп таңшыдымбы, Бир гана сага арнагам таңкы ырымды. Мен анан күйүт күүсүн чалып калдым, Мээнитпей дил арзыган таңсыгымды. Ойлогом тартууласам жан сырымды, Ойготор махабатын жарчымынбы? Оюнга чалганымда арзуу-зарым, От тамбай, билдим анан алсызымды. Табышмак, турмуш жолу туруктуубу? Табышмак, жетмек беле туруктуулук? Өкүнтүп элесиңди өчпөс кылган, Өтмөкмүн махабатка кулдук уруп.
  • Болбосун деп, кырсык биздин жолдордо Мейли сыртта, мейли калаа,борбордо. Жан аябай жигиттери МАИнин Коопсуздугун ошол жолдун коргоодо. Кайырма: Ысык-суукта, күнү-түнү күзөтүп Айдоочунун жаңылганын түзөтүп. Эл алдында берген антын акташып Карегиндей ыйык жолду сакташып Дайым даяр, МАИнин балдары! Милдет өтөп, кызматы да жолдордо Кээси ошол өмүр өтөт чоң жолдо. Керек болсо, өз өмүрүн аябай Биздин жолдор ишеничтүү колдордо. Кайырма: Ысык-суукта, күнү-түнү күзөтүп Айдоочунун жаңылганын түзөтүп. Эл алдында берген антын акташып Карегиндей ыйык жолду сакташып Дайым даяр, МАИнин балдары! Мына бу жол ата-бабам баскан жол Эчен кыя, ашууларды ашкан жол. Ушул жолго тартип салган жигиттер Элиң менен, жериң менен эсен бол! Кайырма: Ысык-суукта, күнү-түнү күзөтүп Айдоочунун жаңылганын түзөтүп. Эл алдында берген антын акташып Карегиндей ыйык жолду сакташып Дайым даяр, МАИнин балдары!
  • Мен балалуу, сен бирөөгө бүлөсүң, Дале таза сага мээрим, мүнөзүм. Көрөмбү деп көп келемин шаарга, Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң? Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?! Оштон тапкам мага жагып мүнөзүң, Эстен кетпейт мажүрүм тал, бир өзүң. Тагдыр сени бир көргөзөр деп келем, Дайының жок, сен сагынбай жүрөсүң. Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң? Сезим жанып, бактылуусуң сен өзүң, Сени издеген өзгөрүлбөйт мүнөзүм. Бизге күбө Сулайман Тоо, Ак-Буура… Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?! Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?!
  • Атар таңым, кубанычым, үйдө кутум, Асыл жарым, ардагым, бакыт кушум. Өмүр бою жаркырап жанымда жүр, Өзүң барда мен үчүн дүйнө бүтүн. Кайырма: Сапарлашым, түгөйүм, сагынарым, Сүйгөн жарым, эрмегим, жалынарым. Мен карыйын түйшүгүң тартып жүрүп, Сен карыба, жан биргем, кагылайын. Бир өмүргө өзгөрбөс арчадайым, Бийиктеги жылдызым, бак-таалайым. Алдымда жүр жетелеп максаттарга, А мен болсо артыңдан акмалайын. Кайырма: Кудай кошкон жандоочум, сүйдүрөрүм, Угуп турчу, чынымды билдирейин. Сенин барың суранып Жараткандан, Сени менен түбөлүк бир жүрөйүн. Кайырма:
  • Саматып издээриң болгон жакшы, Сагынган кучагың толгон жакшы. Бактысыз турмушка басынганча, Баалаган жанга жар болгон жакшы. Кайырма: Жакшылык бактыга жетелетет, Жаштыка өмүрдү тетеп өтөт. Жакшыдан жан-дүйнөм азыктанып, Кусалуу көңүлдү көкөлөтөт. Кусалуу көңүлдү, армандуу өмүрдү көкөлөтөт. Сүйдүрүп издериң болгон жакшы, Сүйүүнүн суугуна тоңгон жакшы. Сүйбөгөн бирөөгө кор болгончо, Жакшыга жанашкан жолдор жакшы. Кайырма: Жакшылык бактыга жетелетет, Жаштыка өмүрдү тетеп өтөт. Жакшыдан жан-дүйнөм азыктанып, Кусалуу көңүлдү көкөлөтөт. Кусалуу көңүлдү, армандуу өмүрдү көкөлөтөт. Сырдашып бир жүргөн достор жакшы, Сыйлашып кармашкан колдор жакшы. Билбеске бирикпей кор болгончо, Билгендин бийиги болгон жакшы. Кайырма: Жакшылык бактыга жетелетет, Жаштыка өмүрдү тетеп өтөт. Жакшыдан жан-дүйнөм азыктанып, Кусалуу көңүлдү көкөлөтөт. Кусалуу көңүлдү армандуу өмүрдү көкөлөтөт.
  • Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде, Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде. Cаамайларын cеңселткен ак кайыңдар, Самашып сагынычымды уккан кезде, Барам сага. Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде, Нөшөрлөп электете төккөн кезде. Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз, Көп күндөр арабыздан өткөн кезде, Барам сага. Гүлдөргө аарыларың конгон кезде, Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде. Мурдагы биз жолуккан кечтегидей, Алтын ай асмандагы толгон кезде, Барам сага.
  • Менденби же сенденби, кимибизден? Сезимдер өчүп барат дилибизден. Адашып, атаганат, баратабыз, Арзышып араң тапкан сүйүүбүздөн. Кайран кез, кандай сонун убак эле, Сезимде эңсөө туруп турар эле. Сагынып, самап келсем сапарымдан, Саамайың саамал кымыз сыңар эле. Башатын махабаттын чандың беле? Байкабай капа кылып алдың беле? Болбосо жаш селкиге менден артык, Бой салып, ашык болуп калдың беле? Көңүлдүн муз төрүнө бара электе, Көздөн жаш көл-шал болуп ага электе. Жаркыным, суу куя көр сезимдерге Тамыры такыр кургап кала электе.
  • Жалгызым деп жандай көрүп Жалооруп сүйсөң түгөйүм. Жайнап турган жамалыңан Махабаттын тапсам гүлдөрүн. Гүл жыттанган сүйүү жолдору Күйөт арман менен өтпөсө ооу. Күйүп турган сезим түбөлүк Күндөй болуп такыр өчпөсө ооу. Кайырма: Тагдырлашым таалай бакытым Табышкандар болот ашык жан. Таттуу өмүр сүрүп кош жүрөк Тамшанышса чексиз ашыктан. Ашыгым деп арнап турсам Ар убак жакшы сөздөрүм ооу. Арзышкандар ак канатчан Ак куулардай көрсө өздөрүн ооу. Гүл жыттанган ошол күндөрүм Күйүп, бирок такыр өчпөсө. Күмүш күлкүң күндө жаңырып Гүл өмүрүм такыр бүтпөсө. Кайырма: Тагдырлашым, таалай бакытым Табышкандар болот ашык жан. Таттуу өмүр сүрүп, кош жүрөк Тамшанышса чексиз ашыктан.
  • Ата бабам кыргыз кутман эл Ата салтын бийик туткан эл. Ат жалында өмүр кечирип Ар намыстан мөөрөй уткан эл. Ат жалында өмүр кечирип Ар намыстан мөөрөй уткан эл. Ат жалында кылыч ойноткон Бабам Манас жерин коргогон. Тарых бетин актай калтырбай Курманбек да элин коргогон. Тарых бетин актай калтырбай Курманбек да элин коргогон. Кайырма: Жоокер элбиз, жоокер элбиз Эзелтен тарыхта. Намыс сакта, элиң барда Кыргыз эл журтун сакта. Кыргыз эл журтун сакта. Баатыр элбиз кыргыз байыртан Бабаларым өткөн тарыхтан. Басып келген жоого тик карап Башын көтөр элим намыстан. Басып келген жоого тик карап Башын көтөр элим намыстан. Эртеңиңди элим ойлогун Эл журтунду жоодон коргогун. Жалтанбаган кайрат күч менен Аталардын жолун жолдогун. Жалтанбаган кайрат күч менен Аталардын жолун жолдогун. Кайырма: Жоокер элбиз, жоокер элбиз Эзелтен тарыхта. Намыс сакта, элиң барда Кыргыз эл журтун сакта. Кыргыз эл журтун сакта.
  • Күтпөчү сагынарым, сагынарым, Саргарып калар бекер ак ыраңың. Жайнаган элик көзүң сумсайбасын, Жароокер мен өзүңдү сагынамын. Келип кал дүйнө-жүзүн жарык кылып, Шоолаңды, нуруңду эч аябастан. Өзүңсүз мен кеттим муздай сынып, Өзүңсүз жылдызы жок, бүркөк асман. Маанилүү сен бар үчүн жарыкчылык, Маанилүү ырдоо жана күтүү жетпей Тагдырым берет жыргал зарыктырып, Жашаймын махабаттан үмүт үзбөй.
  • Өзүңдү сүйгөн күнөмбү, Өрттөндүм, аргам түгөндү. Ашыктык гүлү ачылсын а, Жүрөккө сепчи үрөндү. Махабат гүлү ачылсын а, Жүрөккө сепчи үрөндү. Адамда ар сыр кыял бар, Айта албайт аны уяңдар. Өчпөгөн менин чолпонум ай, Өзүңө мендей бир кыз зар. Өчпөгөн менин чолпонум ай, Өзүңө мендей бир кыз зар. Дартымды аччу далалат, Арга тап сүйүүм аманат. Суу бүркүп сүйүү отуна да, Жүрөктү кетпе жаралап. Суу бүркүп сүйүү отуна да, Жүрөктү кетпе жаралап.
  • Сен элең жүрөктүн ээси Сагынган жокмун мен дебечи Коштошуп калышкан адамдар Табыша алышпайт неге өзү Кайырма: Адамым өзүңсүң дем берген Бир сенин багыңды энсегем Кездешүү буюрган тагдырга ай Коштошуу буюрбай калса экен Муңайып калайын акыркы Кубантып өмүрдү тагдырды Кездешип калалы келсеңчи Көздөрүм көзүңдү сагынды Чын сүйө билгендин биримин Мендеги тамчы жаш сен үчүн Эңсетип күттүргөн асыл жан Сен деди сагынган сезимим Кайырма: Адамым өзүңсүң дем берген Бир сенин багыңды эңсегем Кездешүү буюрган тагдырга ай Коштошуу буюрбай калса экен
  • Ай чыгарын күтүшкөн күндөрүбүз, Тандап терген татына гүлдөрүбүз. Сен мага деп, мен сага сунар элем, Өмүр бою үзүлбөй күдөрүбүз. Кайырма: Жашоо-турмуш өзгөрүлөт турбайбы, Жаштыгымда ойлобопмун мындайды. Эскерели өткөн күндү санаалап, Эстеликке эскеришер күн калды. Ай асманда жылмайып турар эле, Мээрим төгүп жакындык сураар эле. Түбөлүккө бир болуп жүргүлө деп, Асыл кебин кулакка куяр эле. Кайырма: Ай чыгарын күтүшкөн күндөр калды, Тандап терген татына гүлдөр дагы. Сезимдеги сакталган ал күндөрүм, Көрүнбөй ал күндөрүм артта калды. Кайырма:
  • Үмүтүм үзүлбөй үшкүрөм түңүлбөй Сөз калды айтылбай Сыр бойдон ачылбай Сага айтпадым Сагынып саргайдым Ойлорум чаржайыт Жүрөктө жүргөнүң сезбедиң Сен дайым Сага айтпадым Мен сени издесем Билдирбей тиктесем Мейли сен билбесең Мейли сен күтпөсөң Сага айтпадым Келбейсиң жарк этип Толкундай шарп этип Күтмөкмүн өзүңдү Чоң бакыт бар сезим Сага айтпадым Таң болуп атасың Күн болуп батасың Сен мага бийиксиң Сен мага тазасың Сага айтпадым Арзуумду сыр кылат Тигилсем кылгырат Купуя сезимден куткарчы мени аяп Сага айтпадым
  • Сыртта жамгыр нөшөрлөйт, Жашын тыйбайт, жашын тыйбайт. Өткөндү эстеп, сезимим сынып сыздайт, бүтпөй сыздайт. Айыбы жок жүрөктүн арманындай, арманындай Сен жөнүндө, сен жөнүндө эскерүү кандай азап, азап, азап. Гүлү эңсеп, көңүлдүн төрүндөгү, төрүндөгү Карай берем элеңдеп булуттарды, булуттарды Жүрөгүмдө жашынган балалыктай, балалыктай Жапжаш бойдон, жапжаш бойдон Жашынып сүйүп калдым, калдым, калдым Мүчүрлөнгөн жамгырдын муңдуу күүсүн, муңдуу күүсүн «Тыз» эткизет тымызын жүрөгүмдүн, жүрөгүмдүн Сапар тартып келемин жалгыз өзүм Сен жөнүндө, сен жөнүндө кайталап билгенимди, билгенимди Сен жөнүндө, сен жөнүндө кайталап билгенимди, билгенимди Иии-ииий, мммм-ммммм!
  • Ата-бабам кыргыз кутман эл, Ата салтын бийик туткан эл. Ат жалында өмүр кечирип, Ар намыстан мөрөй уткан эл. Ат жалында кылыч ойноткон, Бабам Манас жерин коргогон. Тарых бетин актай калтырбай, Курманбек да элин коргогон. Кайырма: Жоокер элбиз, жоокер элбиз, Эзелтен тарыхта. Намыс сакта, элиң барда, Кыргыз эл журтуң сакта! Баатыр элбиз кыргыз байыртан, Бабаларым өткөн тарыхтан. Басып келген жоого тик карап, Башың көтөр элим намыстан. Эртеңиңди элим ойлогун, Эл журтуңду жоодон коргогун! Жалтанбаган кайрат күч менен, Аталардын жолун жолдогун! Жалтанбаган кайрат күч менен, Бабалардын жолун жолдогун! Кайырма:
  • Сынасам көңүлүмө толосуңбу? Сылык сүйлөп, сыпаа күлүп коёсуңбу? Сени айтып курбуларга мен мактансам, Сыймыктанар адамым болосуңбу? Кызыксам көңүлүмө толосуңбу? Кыйгач карап, кытмыр күлүп коёсуңбу? Кыйынчылык башка түшүп турган кезде, Кыр көрсөтчү курдашым болосуңбу? Жактырсам көңүлүмө толосуңбу? Жайкап сүйлөп, жайнап күлүп коёсуңбу? Жамандык башка түшүп турган кезде, Жардам берер адамым болосуңбу? Тандасам көңүлүмө толосуңбу? Так сүйлөп, тамашалап коёсуңбу? Тайгак кечүү, тар жолдон тайгалансам, Тагдырлаш күйөрманым болосуңбу? Ардактасам көңүлүмө толосуңбу? Аяр карап, алдап күлүп коёсуңбу? Акылымдан адашып турган кезде, Акылдашчу адамым болосуңбу? Жолуксам көңүлүмө толосуңбу? Жоодур карап, жообун айтпай коёсуңбу? Жол таппай баш айланып турган кезде, Жол көрсөтчү жолдошум болосуңбу?
  • Тентек элем, тилин албай апамдын Ошол кезди эстегенде, капамын ээй. Эмне мынча балалыгым тез кеттиң Апакебай көздөн учат карааның. Апаке, апаке колумдан келбейт Колумдан келсе, жыйырма жашты Берээр элем мен сага.. Бакыт балкып бакта гүлү жайнаган Балалыкка булбул кушу сайраган. Баргым келет, калгым келет апакем Балтыр бешик бала болуп кайрадан. Апаке, апаке колумдан келбейт Колумдан келсе, жыйырма жашты Берээр элем мен сага.. Ар ар кимдин аман болсун апасы Апа жокто таттуу алма апачуу ээй. Ойлой берем, отурсам да, турсам да Көңүлүндө болбосо экен капасы. Апаке, апаке колумдан келбейт Колумдан келсе, жыйырма жашты Берээр элем мен сага..
  • Ошол кеч эсте калды күзүңдөгү, Көргөндөн үмүтүм эч үзүлбөдү. Жүрөктү жүзгө бөлүп кетти окшойт, Жылдыздай уячалар жүзүңдөгү. Кайырма: Сиз мага ушунчалык жагасыз да, Көктөгү жылдыздардай жанасыз да Экөөбүз бир болбойбуз аттиң дүйнө, Жүрөктө арман болуп каласыз да. Жүргөндө жадап турмуш бардыгынан, Таберик болдуң окшойт тагдырымдан. Ээрчишип аалам кезип кетким келди, Аргасыз калдым жердин, аргасыз калдым жердин тардыгынан. Маңдайга ушундайды жазган окшойт, Көздөрүңүз күлүп турса сезим козгойт. Экөөбүз баратабыз эки жолдо, А менин жүрөгүмдө сүйүү боздойт.
  • Жолуңду тосуп жүрөм Колумду созуп жүрөм Жалжалым жүрөгүңө Жүрөктү кошуп жүрөм Жароокер жүрөгүңө Жүрөктү кошуп жүрөм Жанымда бир болууга Айламды таппай жүрөгөм Жактырып сүйүп жүрөм Жабыгып күйүп жүрөм Жообу жок калган сөздү Жүрөктө түйүп жүрөм Жан биргем бир өзүңө Жан дүйнөм түздөп жүрөм Арзыган сүйүү сөзү Дагы эле күтүп жүрөм Өмүрдү кесип жүрөм Мөзөктү эзип жүрөм Өзгөчө күнөөлүүдөй Өзүмдү сезип жүрөм Өзүндү сүйгөнүмө Күнөөлүү болуп жүрөм
  • Жамгыр төктү эч басылбай, Биз келаттык көл-шал болуп. Жол кароого көз ачырбай, Бет алдыман шамал согуп. Кайырма: Күн күркүрөп жамгыр төктү. Ошол күнүм кайда кетти? Жаштыгымдай же кечээги, Кайрылбай кетеби? Жамгыр төктү, эске түштүң, Алыс калган жаштыгымдай. Сагындырып, жүрөктү эзип, Колдон учкан ак куумдай. Кайырма: Жылдар учат канаттуудай, Жамгыр төгөт эч басылбай. Жамгырлардай эскирербиз, Тунгуч сүйүү унутулбай.
  • Ким келип сурайт чарчаган ушул конулду Ким кепип уулайт жалгыздап откон омурду Бугун бир суусуз арыктан аттай берерде Кун тийип туруп козумдон жамгыр тогулду Кайырма: Ылайды кечип дайрадан барып суу алдым Ыйлагым келди дайрадан коруп озумду Тугойум издеп туболук очпос чырактуу Туркундон жанда агызып ийдим омурду Дарманым алып далыман соккон шамалдар Дайынын бербей созулуп кетти кусалык Коп ирем жолдор которуп суусун бараткан Жолдошу жакшы аялды коруп мунайдын. Кайырма: Ылайды кечип дайрадан барып суу алдым Ыйлагым келди дайрадан коруп озумду Тугойум издеп туболук очпос чырактуу Туркундон жанда агызып ийдим омурду. Кундорду кечип нурлары суйкум тогулгон Кутконум дедин кааранды жолдо корунгон Ай жанып отор айнегим тонуп чилдеде Жотолуп турам жолонуп озум озумө. Кайырма: Ылайды кечип дайрадан барып суу алдым Ыйлагым келди дайрадан коруп озумду Тугойум издеп туболук очпос чырактуу Туркундон жанда агызып ийдим омурду.
  • Татынам тартыласың, Кубулжуп күн нурундай, Кайда, не жашынасың, Бир келген жаштыгымдай. Мен сени жакшы көрөм, Жазга окшоп жүргөнүңдү. Баладай бажырайып, Жайдары күлонүңдү. Күнүмдү жарык кылган, Үнүңдү уксам деймин Эки кол канат болуп, Сен жакка учсам деймин. Мен сени жакшы көрөм, Жазга окшоп жүргөнүңдү. Баладай бажырайып, Жайдары күлонүңдү.
  • Аппапак бадырак алча гүлүм Ачыпсын ажарын жаздын бүгүн. Аңкыган жытына мас болуп мен Ансайын жыттаймын сенин гүлүң. Аңкыган жытына мас болуп мен Ансайын жыттаймын сенин гүлүң. Арылаар ызылдайт, учуп конуп Бадырак гүлүмдүн балып соруп. Балкытып сүйүүгө мас кылыпсың Булбулдар сайрашат үнүн созуп. Балкытып сүйүүгө мас кылыпсың Булбулдар сайрашат үнүн созуп. Асманда айдагы нурун төгүп Ашыгат аппапак гүлүн өбүп Атыр жел аймалап ак Жүзүңдөн Аңкыйт го айланаң, жытың болуп Атыр жел аймалап ак Жүзүңдөн Аңкыйт го айланаң, жытың болуп Бах чиркин, баягы алча багым Балкытчы сүйүүгө кайра дагын. Бал татым балалык сүйүүлөр ай, Бактылуу жаштыгым күндөрүм ай. Бах чиркин, баягы сүйүү жазым Ырдалып бүтпөгөн алчы багым. Бах чиркин баягы сүйүү жазым Ырдалып бүтпөгөн алчы багым.
  • Ошол күнү кош айтыштык унчукпай, Алыстадың карааныңды көрсөтпөй. Толкуп-ташып кала бердим ага албай, Из калтырып, соолуп калган өзөндөй. Көрбөй калсам сагынам деп жазганың, Жалган беле сүйөм деген каттарың? Бүт өмүрдү ойрон кылып кеттиң го, Көлгө айланды көздөн аккан жаштарым. Өмүрүмдүн сенсиз аккан дайрасы, Элестетет соолуп калган булакты. Ойлобопмун муң-зар менен күтөм деп, Эстен кеткис жаштык-жалын куракты. Жан дүйнөмдү козгоп жүргөн сөздөрүң, Билбептирмин баары жалган экенин. Кайгы-муңду тартуу кылып өзүмө, Билбей калдым кимди ээрчип кеткениң.
  • Күйөө балам сага Кызымды бердим аманат Толкундап бүгүн Босогоң аттап баратат Намысын коргоп Асырап алчы бир өмүр Жарыңдын баркы Сен менен эми бааланат Кайырма: Үй бүлөң бул Бак таалай кут конот Тагдырыңда тайгак жолдор туш болот Сен турмушта сабырдуу бол садага Кээде жылуу кээде жамгыр кыш болот Үй бүлөң бул Бак таалай кут конот Канатын жайып Калкалап багам карачы Кадырын баалап Түбөлүк сыйлап аячы Сыркоолоп калса Же чөгүп калса көңүлү Жакшы сөз айтып Жанында дайым таячы Кайырма: Күйөө балам сага Кызымды бердим аманат Назданып бүгүн Жанашып сага баратам Сезимин коргоп Асырап алчы бир өмүр Жарыңдын баркы Сен менен эми бааланат Кайырма:
  • Күтүүгө жүрөгүм арнасам дейм, Кусалык азабын ар качан жейм. Күлүктөй чуркаган күндөрүмдө, Мен сизди таарынтып албасам дейм. Жарыгын сезимдин кармасам дейм, Жан дүйнө азабын ар качан жейм. Мейли эле өзүмдү аябасам, Мен сизди оорутуп албасам дейм. Өзгөнүн чаңында калбасам дейм, Өрт сүйүү азабын ар качан жейм. Өмүрдө, жашоодо бир болууга, Өзүмдү бир сизге арнасам дейм. Айта албай чын сырды калбасам дейм, Арзуудан азапты ар качан жейм. Мезгилден кечиккен тагдырымда, Мен сизди жоготуп албасам дейм. Мен сизди оорутуп албасам дейм.