Казахские песни Узбекские песни

Песня «Коштошуу буюрбай калса экен»
исполнителя Алтынай Нарбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сен элең жүрөктүн ээси
Сагынган жокмун мен дебечи
Коштошуп калышкан адамдар
Табыша алышпайт неге өзү

Кайырма:
Адамым өзүңсүң дем берген
Бир сенин багыңды энсегем
Кездешүү буюрган тагдырга ай
Коштошуу буюрбай калса экен

Муңайып калайын акыркы
Кубантып өмүрдү тагдырды
Кездешип калалы келсеңчи
Көздөрүм көзүңдү сагынды

Чын сүйө билгендин биримин
Мендеги тамчы жаш сен үчүн
Эңсетип күттүргөн асыл жан
Сен деди сагынган сезимим

Кайырма:
Адамым өзүңсүң дем берген
Бир сенин багыңды эңсегем
Кездешүү буюрган тагдырга ай
Коштошуу буюрбай калса экен

Другие песни исполнителя:

  • Аппапак бадырак алча гүлүм Ачыпсын ажарын жаздын бүгүн. Аңкыган жытына мас болуп мен Ансайын жыттаймын сенин гүлүң. Аңкыган жытына мас болуп мен Ансайын жыттаймын сенин гүлүң. Арылаар ызылдайт, учуп конуп Бадырак гүлүмдүн балып соруп. Балкытып сүйүүгө мас кылыпсың Булбулдар сайрашат үнүн созуп. Балкытып сүйүүгө мас кылыпсың Булбулдар сайрашат үнүн созуп. Асманда айдагы нурун төгүп Ашыгат аппапак гүлүн өбүп Атыр жел аймалап ак Жүзүңдөн Аңкыйт го айланаң, жытың болуп Атыр жел аймалап ак Жүзүңдөн Аңкыйт го айланаң, жытың болуп Бах чиркин, баягы алча багым Балкытчы сүйүүгө кайра дагын. Бал татым балалык сүйүүлөр ай, Бактылуу жаштыгым күндөрүм ай. Бах чиркин, баягы сүйүү жазым Ырдалып бүтпөгөн алчы багым. Бах чиркин баягы сүйүү жазым Ырдалып бүтпөгөн алчы багым.
  • Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде, Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде. Cаамайларын cеңселткен ак кайыңдар, Самашып сагынычымды уккан кезде, Барам сага. Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде, Нөшөрлөп электете төккөн кезде. Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз, Көп күндөр арабыздан өткөн кезде, Барам сага. Гүлдөргө аарыларың конгон кезде, Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде. Мурдагы биз жолуккан кечтегидей, Алтын ай асмандагы толгон кезде, Барам сага.
  • Кой тырынба, унутпаймын эсимдесиң, Комуз кылдай толгонуу сезимдесиң. Карап көрчү капалуу кабагымды, Кантип андан сагыныч сезилбесин. Ээ, ла,ла,лай. Көрсөмчү деп өзүңдү күйөт көзүм, Көпкө тиктеп турганды сүйөм өзүм. Бар экен да жүрөгүм, сенда барсың, Анткени сен ар дайым жүрөктөсүң. Ээ,ла,ла,лай. Жүрөктөшүм көңүлүмдүн өзүндөсүң,
  • Жамгыр төктү эч басылбай, Биз келаттык көл-шал болуп. Жол кароого көз ачырбай, Бет алдыман шамал согуп. Кайырма: Күн күркүрөп жамгыр төктү. Ошол күнүм кайда кетти? Жаштыгымдай же кечээги, Кайрылбай кетеби? Жамгыр төктү, эске түштүң, Алыс калган жаштыгымдай. Сагындырып, жүрөктү эзип, Колдон учкан ак куумдай. Кайырма: Жылдар учат канаттуудай, Жамгыр төгөт эч басылбай. Жамгырлардай эскирербиз, Тунгуч сүйүү унутулбай.
  • Күтпөчү сагынарым, сагынарым, Саргарып калар бекер ак ыраңың. Жайнаган элик көзүң сумсайбасын, Жароокер мен өзүңдү сагынамын. Келип кал дүйнө-жүзүн жарык кылып, Шоолаңды, нуруңду эч аябастан. Өзүңсүз мен кеттим муздай сынып, Өзүңсүз жылдызы жок, бүркөк асман. Маанилүү сен бар үчүн жарыкчылык, Маанилүү ырдоо жана күтүү жетпей Тагдырым берет жыргал зарыктырып, Жашаймын махабаттан үмүт үзбөй.