Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жамгыр төктү»
исполнителя Алтынай Нарбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдыман шамал согуп.
Кайырма:
Күн күркүрөп жамгыр төктү.
Ошол күнүм кайда кетти?
Жаштыгымдай же кечээги,
Кайрылбай кетеби?
Жамгыр төктү, эске түштүң,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагындырып, жүрөктү эзип,
Колдон учкан ак куумдай.
Кайырма:
Жылдар учат канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырлардай эскирербиз,
Тунгуч сүйүү унутулбай.

Другие песни исполнителя:

  • Өзүңдү сүйгөн күнөмбү, Өрттөндүм, аргам түгөндү. Ашыктык гүлү ачылсын а, Жүрөккө сепчи үрөндү. Махабат гүлү ачылсын а, Жүрөккө сепчи үрөндү. Адамда ар сыр кыял бар, Айта албайт аны уяңдар. Өчпөгөн менин чолпонум ай, Өзүңө мендей бир кыз зар. Өчпөгөн менин чолпонум ай, Өзүңө мендей бир кыз зар. Дартымды аччу далалат, Арга тап сүйүүм аманат. Суу бүркүп сүйүү отуна да, Жүрөктү кетпе жаралап. Суу бүркүп сүйүү отуна да, Жүрөктү кетпе жаралап.
  • Саматып издээриң болгон жакшы, Сагынган кучагың толгон жакшы. Бактысыз турмушка басынганча, Баалаган жанга жар болгон жакшы. Кайырма: Жакшылык бактыга жетелетет, Жаштыка өмүрдү тетеп өтөт. Жакшыдан жан-дүйнөм азыктанып, Кусалуу көңүлдү көкөлөтөт. Кусалуу көңүлдү, армандуу өмүрдү көкөлөтөт. Сүйдүрүп издериң болгон жакшы, Сүйүүнүн суугуна тоңгон жакшы. Сүйбөгөн бирөөгө кор болгончо, Жакшыга жанашкан жолдор жакшы. Кайырма: Жакшылык бактыга жетелетет, Жаштыка өмүрдү тетеп өтөт. Жакшыдан жан-дүйнөм азыктанып, Кусалуу көңүлдү көкөлөтөт. Кусалуу көңүлдү, армандуу өмүрдү көкөлөтөт. Сырдашып бир жүргөн достор жакшы, Сыйлашып кармашкан колдор жакшы. Билбеске бирикпей кор болгончо, Билгендин бийиги болгон жакшы. Кайырма: Жакшылык бактыга жетелетет, Жаштыка өмүрдү тетеп өтөт. Жакшыдан жан-дүйнөм азыктанып, Кусалуу көңүлдү көкөлөтөт. Кусалуу көңүлдү армандуу өмүрдү көкөлөтөт.
  • Себелеп жамгыр төксө айланага, Сезимдер калган өңдүү ай-талаада. Алыста жалгыз калган ак куу сымал, Түгөйсүз кыйын тура, Түгөйсүз кыйын тура бул жалганда. Учса да канаттуулар эки-экиден, Учууга канатым жок мен издеген. Сагынып кусаланып жүрсөм дагы, Үмүт бар жолугууга, Үмүт бар жолугууга чын сүйүүдөн. Элесиң калсын менде кылымдарга, Унутпайм жүрөгүмдө сезим барда. Жашоомдо канча жылдар калса дагы, Бир сага арзуу айтам, Өзүңө арзуу айтам бул ырларда. Жашоомдо канча жылдар калса дагы, Сүйгөнүм сен деп жатам, Сагынычым айтып жатам бул ырларда.
  • Кызган мени, кызган, бирок билдирбе, Сынат чөлмөк миң күн эмес, бир күндө. Көңүл жиби — тыт көпөлөк тарткан жип, Үзүп алып, эки ортодо бүлдүрбө. Кызган мени, кызган, бирок билдирбе, Бирин-бири кызганбасын ким мүлдө. Капкайдагы жаман ойду ойлосоң, Акылыңдан адашасың бир күндө. Кызган мени, кызган, бирок билдирбе, Кур кызгансаң мени менен бир жүрбө. Эмне болуп кетер экен дегендер, Карап турат, мага аларды күлдүрбө.
  • Бул насыйкат, бул насыйкат, Бул насыйкат мага калган. Бул насыйкат сага калган, Калган керээз бабалардан. Өттү насыйкат, Тоолордон, талаалардан, ээ-эй. Ай кашканы азанатып, Ат жалына казан асып. Келген элдин тилеги бул, Улуу тарыхтын, Чоктон ысык илеби бул, ээ-эй. О, мезгилдин өктөмдүгү, ылдамдыгы, Кандай кезде жаралды экен «Сынган бугу»? Комуз кылын дирилдетип, Бириндетип бизге насаат ыр калдыбы, ээ-эй. Аппак марал ыры жаңырдыңбы сен, Аппак марал, кайра табылдыңбы сен? Аппак марал туяк кагат, Журт которгон сыяктанат. Каран күнгө, марал, кабылдыңбы сен? Каран күнгө, марал, кабылдыңбы сен, Конушуңдан үркүп жаңылдыңбы сен? Мөлтүлдөп аккан булак кайда, Моюндаш өскөн улак кайда? Кадырлуу журтту сагындыңбы сен? Эй, аппак марал, эй! Аппак марал, Артыңдан сая түшүп жебе келет, Көзүңдө жер айланат, тегеренет. Жебе келет, жөнө демек! Турбачы, ак марал, түңүлүп сен, Турбачы, ак марал, түңүлүп турба. Жебе жетпейт, чурка түйүлүп сен. Аппак ак марал, аппак марал жеңилбечи, Батат, батабы, батып барат өмүр кечи? Жебе келет, жөнө демек, Турбачы, ак марал, Жебе жетпейт, чурка түйүлүп сен. Ээ-эй! Жанып өтөбү, жебе жетеби, Тагдыр чыркырап, тамыр зыркырап. Марал кубулуп, Кайып болуп кет эми. Аппак марал, марал туяк кагат, Жебе жетпейт, жетет сыяктанат. Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат. Жанып өтөбү, жебе жетеби, Билик бүлбүлдөп, Тагдыр чыркырап, тамыр зыркырап. Жетсең жебе, жет эми! Аппак марал, марал туяк кагат, Жебе жетпейт, жетет сыяктанат. Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат. Бул насыйкат мага калган, Бул насыйкат сага калган. Калган керээз бабалардан: Канат байлап өмүргө, Каршы турган өлүмгө. Карылардан санжыра, Аппак марал жөнүндө. Карыбайт элдик ырлар, Талыбайт элдик үмүт. Жакшылыктан асты түңүлбөдүң, Аппак марал неге күлүңдөдүң?.