Казахские песни Узбекские песни

Песня «Арзуу тексти»
исполнителя Алтынай Нарбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Себелеп жамгыр төксө айланага,
Сезимдер калган өңдүү
ай-талаада.
Алыста жалгыз калган ак куу сымал,
Түгөйсүз кыйын тура,
Түгөйсүз кыйын тура бул жалганда.
Учса да канаттуулар эки-экиден,
Учууга канатым жок мен издеген.
Сагынып кусаланып жүрсөм дагы,
Үмүт бар жолугууга,
Үмүт бар жолугууга чын сүйүүдөн.
Элесиң калсын менде кылымдарга,
Унутпайм жүрөгүмдө сезим барда.
Жашоомдо канча жылдар калса дагы,
Бир сага арзуу айтам,
Өзүңө арзуу айтам бул ырларда.
Жашоомдо канча жылдар калса дагы,
Сүйгөнүм сен деп жатам,
Сагынычым айтып жатам бул ырларда.

Другие песни исполнителя:

  • Бул насыйкат, бул насыйкат, Бул насыйкат мага калган. Бул насыйкат сага калган, Калган керээз бабалардан. Өттү насыйкат, Тоолордон, талаалардан, ээ-эй. Ай кашканы азанатып, Ат жалына казан асып. Келген элдин тилеги бул, Улуу тарыхтын, Чоктон ысык илеби бул, ээ-эй. О, мезгилдин өктөмдүгү, ылдамдыгы, Кандай кезде жаралды экен «Сынган бугу»? Комуз кылын дирилдетип, Бириндетип бизге насаат ыр калдыбы, ээ-эй. Аппак марал ыры жаңырдыңбы сен, Аппак марал, кайра табылдыңбы сен? Аппак марал туяк кагат, Журт которгон сыяктанат. Каран күнгө, марал, кабылдыңбы сен? Каран күнгө, марал, кабылдыңбы сен, Конушуңдан үркүп жаңылдыңбы сен? Мөлтүлдөп аккан булак кайда, Моюндаш өскөн улак кайда? Кадырлуу журтту сагындыңбы сен? Эй, аппак марал, эй! Аппак марал, Артыңдан сая түшүп жебе келет, Көзүңдө жер айланат, тегеренет. Жебе келет, жөнө демек! Турбачы, ак марал, түңүлүп сен, Турбачы, ак марал, түңүлүп турба. Жебе жетпейт, чурка түйүлүп сен. Аппак ак марал, аппак марал жеңилбечи, Батат, батабы, батып барат өмүр кечи? Жебе келет, жөнө демек, Турбачы, ак марал, Жебе жетпейт, чурка түйүлүп сен. Ээ-эй! Жанып өтөбү, жебе жетеби, Тагдыр чыркырап, тамыр зыркырап. Марал кубулуп, Кайып болуп кет эми. Аппак марал, марал туяк кагат, Жебе жетпейт, жетет сыяктанат. Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат. Жанып өтөбү, жебе жетеби, Билик бүлбүлдөп, Тагдыр чыркырап, тамыр зыркырап. Жетсең жебе, жет эми! Аппак марал, марал туяк кагат, Жебе жетпейт, жетет сыяктанат. Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат. Бул насыйкат мага калган, Бул насыйкат сага калган. Калган керээз бабалардан: Канат байлап өмүргө, Каршы турган өлүмгө. Карылардан санжыра, Аппак марал жөнүндө. Карыбайт элдик ырлар, Талыбайт элдик үмүт. Жакшылыктан асты түңүлбөдүң, Аппак марал неге күлүңдөдүң?.
  • Бул турмуш дарак тура мөмөлөгөн, Мөмөсүн эсиргендер тебелеген. Мен сени жандап жүргөм жашыл жолдо, «Бөлүнбөй кете берет» деген элем. Бул турмуш деңиз тура кемибеген, Жакшылык-жамандыгын ченебеген. Тымызын кош айтышып жаткан кезде, «Мен сени унутам го» деген элем. Көрсө, сен катар басып койбоптурсуң, Бүтүндөй өмүрүңдү ойноптурсуң. Жүрөктө балалыгым кандай калса, Сен дагы дал ошондой орноптурсуң. Жүрөктө дал ошондой, Сезимде дал ошондой, Жүрөктө дал ошондой орноптурсуң.
  • Менденби же сенденби, кимибизден? Сезимдер өчүп барат дилибизден. Адашып, атаганат, баратабыз, Арзышып араң тапкан сүйүүбүздөн. Кайран кез, кандай сонун убак эле, Сезимде эңсөө туруп турар эле. Сагынып, самап келсем сапарымдан, Саамайың саамал кымыз сыңар эле. Башатын махабаттын чандың беле? Байкабай капа кылып алдың беле? Болбосо жаш селкиге менден артык, Бой салып, ашык болуп калдың беле? Көңүлдүн муз төрүнө бара электе, Көздөн жаш көл-шал болуп ага электе. Жаркыным, суу куя көр сезимдерге Тамыры такыр кургап кала электе.
  • Кат жазчы мага, Бир келген биздин өмүрдө. Дил бурак арнап, Токтонуп калган көңүлгө. Мен күлсөм, күлүп, Кайгырсам, кошо кайгырган. Мен өчпөй, өчпөс, Бир жарык жылдыз жөнүндө. Кайырма: Кат жазчы мага, Билдирип аман барыңды, Адамдар курчап, агылган жолдо жалгызмын. Ак желек тагып, Ар күнү сагынч жөнөткөн, Айнектей тунук сүйүүнү кайда калтырдың? Айнектей тунук сүйүүнү кайда калтырдың? Кат жазчы мага, Недендир абдан кусамын. Канча жыл өттү, А сенден дарек укпадым. Канча бир түндөр, Кабарың бербей койду деп Таарынып жатып, Сагынып жатып, уктадым. Кайырма: Кат жазчы мага, Жолукпа, бирок билүүлүк. Кат менен келсе кабарың – ошол сүйүнүч. Катыңды жыттап, “Жарк” этип жайнап алармын, Өзүңсүз жылдар өтүштү мени үшүтүп. Өзүңсүз жылдар өтүштү мени үшүтүп. Кат жазчы мага, Кусадар күндөн ал сурап, Кут болуп катың, жанымда жүрсүн ар убак. Жообумду жазам, Жөнөтчү дагы жаңы кат, Сезимдер үчүн, көңүлдөр үчүн жаркырап. Сезимдер үчүн, көңүлдөр үчүн жаркырап. Кат жазчы мага
  • Ата бабам кыргыз кутман эл Ата салтын бийик туткан эл. Ат жалында өмүр кечирип Ар намыстан мөөрөй уткан эл. Ат жалында өмүр кечирип Ар намыстан мөөрөй уткан эл. Ат жалында кылыч ойноткон Бабам Манас жерин коргогон. Тарых бетин актай калтырбай Курманбек да элин коргогон. Тарых бетин актай калтырбай Курманбек да элин коргогон. Кайырма: Жоокер элбиз, жоокер элбиз Эзелтен тарыхта. Намыс сакта, элиң барда Кыргыз эл журтун сакта. Кыргыз эл журтун сакта. Баатыр элбиз кыргыз байыртан Бабаларым өткөн тарыхтан. Басып келген жоого тик карап Башын көтөр элим намыстан. Басып келген жоого тик карап Башын көтөр элим намыстан. Эртеңиңди элим ойлогун Эл журтунду жоодон коргогун. Жалтанбаган кайрат күч менен Аталардын жолун жолдогун. Жалтанбаган кайрат күч менен Аталардын жолун жолдогун. Кайырма: Жоокер элбиз, жоокер элбиз Эзелтен тарыхта. Намыс сакта, элиң барда Кыргыз эл журтун сакта. Кыргыз эл журтун сакта.