Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жоокер элбиз»
исполнителя Алтынай Нарбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ата-бабам кыргыз кутман эл,
Ата салтын бийик туткан эл.
Ат жалында өмүр кечирип,
Ар намыстан мөрөй уткан эл.
Ат жалында кылыч ойноткон,
Бабам Манас жерин коргогон.
Тарых бетин актай калтырбай,
Курманбек да элин коргогон.
Кайырма:
Жоокер элбиз, жоокер элбиз,
Эзелтен тарыхта.
Намыс сакта, элиң барда,
Кыргыз эл журтуң сакта!
Баатыр элбиз кыргыз байыртан,
Бабаларым өткөн тарыхтан.
Басып келген жоого тик карап,
Башың көтөр элим намыстан.
Эртеңиңди элим ойлогун,
Эл журтуңду жоодон коргогун!
Жалтанбаган кайрат күч менен,
Аталардын жолун жолдогун!
Жалтанбаган кайрат күч менен,
Бабалардын жолун жолдогун!
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Кызган мени, кызган, бирок билдирбе, Сынат чөлмөк миң күн эмес, бир күндө. Көңүл жиби — тыт көпөлөк тарткан жип, Үзүп алып, эки ортодо бүлдүрбө. Кызган мени, кызган, бирок билдирбе, Бирин-бири кызганбасын ким мүлдө. Капкайдагы жаман ойду ойлосоң, Акылыңдан адашасың бир күндө. Кызган мени, кызган, бирок билдирбе, Кур кызгансаң мени менен бир жүрбө. Эмне болуп кетер экен дегендер, Карап турат, мага аларды күлдүрбө.
  • Оо, турмуш мыйзамыңа каныктырдың Жолумду жабык кылдык, жарык кылдың Дардаңдап боз жар күттүм деген менен Дагы эле жалгыз бойдон калыптырмын Багыты жок жарты кайык Баратам турмуш жүгүн артып алып. Жашоону ким бар дейсиң түшүндүргөн Жалгыздык жанга батып үшүп жүрөм Жан дүйнөм жылуулукка муктаж болуп Мээримди мен өзүңдөн күтүп жүрөм. Багыты жок жарты кайык Баратам турмуш жүгүн артып алып. Аттиң ай көңүлдү эзет жан арманым Ар дайым мээрим издеп карайладым Күнүнө күмүш таптым, бирок аттиң, Көксөгөн жылуулуку таба албадым. Багыты жок жарты кайык Баратам турмуш жүгүн артып алып. Карытып пайдасы жок ай-жылдарды, Калдактап кайран өмүр калбырланды. Каалгыйт айланамда бопбоз туман, Көк деңиз, жарты кайык алдымдагы. Багыты жок жарты кайык, Баратам турмуш жүгүн артып алып.
  • Береги тамыр жибим байланганым, Энемдей жан дилинен айланаарым. Жан эжем сизден өтөөр жакын барбы, Эзилип издеп турган кабардайым. Эзилип сурай турган кабардайым. Жан эжекем кеңешээрим, Балалыгым эстешээрим. Апамдын ак сүтүнө насиптешим, Төрөлгөн бир уядан бешиктешим. Ынагым жароокерим эрке сиңдим, Ырыстуу күн эшигим бекитпесин. Тилегин тилеп турам кечикпечи. Саамайыңдан жыттайынчы, Бактын тилеп алкайынчы. Изимди басып келээр илинчегим, Ынагым сырымды айтаар түйүнчөгүм. Боорубуз бүтүн бойдон жүрсөк экен, Өлчөөсүз өмүр берип жаратканым. Өлчөөсүз жарык берип жаратканым. Эже-сиңди ынтымагы, Ар бир үйдүн ырыс багы. Эже-сиңди ынтымагы, Ар бир үйдүн ырыс шамы.
  • Кой тырынба, унутпаймын эсимдесиң, Комуз кылдай толгонуу сезимдесиң. Карап көрчү капалуу кабагымды, Кантип андан сагыныч сезилбесин. Ээ, ла,ла,лай. Көрсөмчү деп өзүңдү күйөт көзүм, Көпкө тиктеп турганды сүйөм өзүм. Бар экен да жүрөгүм, сенда барсың, Анткени сен ар дайым жүрөктөсүң. Ээ,ла,ла,лай. Жүрөктөшүм көңүлүмдүн өзүндөсүң,
  • Көрүшкөндө көздөрүңдөн чагылган, Нурларынан курган кайран көпүрөм. Бекемине күмөн санап жаңылган, Өтүмү жок болгонума өкүнөм. Кимге айтып күйүтүмдү, Кимге барып өтүнөм? Кимге айтып күйүтүмдү, Кимге барып күнү-түнү, Кимге барып өтүнөм? Таңшыганча табышмактуу таң сыры, Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү. Таба албайм, кайрылганда айт чынын, Артык бекен башка жердин көркөмү? Арбалсаң да бир келерсиң, Ала-Тоону көргөнү. Арбалсаң да бир келерсиң, Эстегенде сермелерсиң, Ала-Тоону көргөнү. Кала берем мекенимде сени эстеп, Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо. Өтүнөрүм көкүрөгүм элестейт, Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо. Жалын бүрккөн үшкүрүгүң, Жалын бүрккөн үшкүрүгүм, Жаңырыгы жарар зоо.