Казахские песни Узбекские песни

Песня «Алча гүлү»
исполнителя Алтынай Нарбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Аппапак бадырак алча гүлүм
Ачыпсын ажарын жаздын бүгүн.
Аңкыган жытына мас болуп мен
Ансайын жыттаймын сенин гүлүң.
Аңкыган жытына мас болуп мен
Ансайын жыттаймын сенин гүлүң.

Арылаар ызылдайт, учуп конуп
Бадырак гүлүмдүн балып соруп.
Балкытып сүйүүгө мас кылыпсың
Булбулдар сайрашат үнүн созуп.
Балкытып сүйүүгө мас кылыпсың
Булбулдар сайрашат үнүн созуп.

Асманда айдагы нурун төгүп
Ашыгат аппапак гүлүн өбүп
Атыр жел аймалап ак Жүзүңдөн
Аңкыйт го айланаң, жытың болуп
Атыр жел аймалап ак Жүзүңдөн
Аңкыйт го айланаң, жытың болуп

Бах чиркин, баягы алча багым
Балкытчы сүйүүгө кайра дагын.
Бал татым балалык сүйүүлөр ай,
Бактылуу жаштыгым күндөрүм ай.
Бах чиркин, баягы сүйүү жазым
Ырдалып бүтпөгөн алчы багым.
Бах чиркин баягы сүйүү жазым
Ырдалып бүтпөгөн алчы багым.

Другие песни исполнителя:

  • Ошол күнү кош айтыштык унчукпай, Алыстадың карааныңды көрсөтпөй. Толкуп-ташып кала бердим ага албай, Из калтырып, соолуп калган өзөндөй. Көрбөй калсам сагынам деп жазганың, Жалган беле сүйөм деген каттарың? Бүт өмүрдү ойрон кылып кеттиң го, Көлгө айланды көздөн аккан жаштарым. Өмүрүмдүн сенсиз аккан дайрасы, Элестетет соолуп калган булакты. Ойлобопмун муң-зар менен күтөм деп, Эстен кеткис жаштык-жалын куракты. Жан дүйнөмдү козгоп жүргөн сөздөрүң, Билбептирмин баары жалган экенин. Кайгы-муңду тартуу кылып өзүмө, Билбей калдым кимди ээрчип кеткениң.
  • Ажайып деп тоонун гүлүн искеген, Арзуу жытын неге мурда сезбегем. Ушунча жыл өмүр сүрбөй кур, бекер. Балким, сенин жытың гана издегем. Алыс кетсем илебиңди сагынам, Ооруп калсам, жытың татсам айыгам. Сен жыттанган шамал уруп турса деп, Мен ичимден табияттан жалынам. Мындай жытты кызганышар арчалар, Арзуу жытын сезбей өтөр канчалар. Көз жумарда не деп сүйлөйм билбеймин, Жытың искеп анан, мүмкүн, жан чыгар. Торгой өңдүү тоо гүлдөрүн эңсегем, Жытың издеп жолго чыгам күндө мен. Сендей жакшы жолукса да жашоомдо, Сендейди мен таба албасмын дүйнөдөн.
  • Айдыңга ак куулар жол алды, Сагындым сени. Жайнады дүйнө да, жаңырды, Сагындым сени. Жаз өттү, жалбырак саргайды, Сагындым сени. Ак кайың ак мамык жамынды, Сагындым сени. Кайырма: Күн батты, таң атты дагы да, Эм таппайм жаралуу жаныма, Бир гана сени эңсеп карайлаймын жолуңдан. Сен элең сүйүүмдүн жанары, Эңсеткен жүрөгүм жамалың, Эзилип ичимен барамын, ай, маралым. Ак кайың арылды ак кардан, Сагындым сени. Булбул куш сайрады бактардан, Сагындым сени. Элесиң жүрөгүм жандантып, Сагындым сени. Келесиң жаным кай жактардан, Сагындым сени. Кайырма:
  • Атар таңым, кубанычым, үйдө кутум, Асыл жарым, ардагым, бакыт кушум. Өмүр бою жаркырап жанымда жүр, Өзүң барда мен үчүн дүйнө бүтүн. Кайырма: Сапарлашым, түгөйүм, сагынарым, Сүйгөн жарым, эрмегим, жалынарым. Мен карыйын түйшүгүң тартып жүрүп, Сен карыба, жан биргем, кагылайын. Бир өмүргө өзгөрбөс арчадайым, Бийиктеги жылдызым, бак-таалайым. Алдымда жүр жетелеп максаттарга, А мен болсо артыңдан акмалайын. Кайырма: Кудай кошкон жандоочум, сүйдүрөрүм, Угуп турчу, чынымды билдирейин. Сенин барың суранып Жараткандан, Сени менен түбөлүк бир жүрөйүн. Кайырма:
  • Көрүшкөндө көздөрүңдөн чагылган, Нурларынан курган кайран көпүрөм. Бекемине күмөн санап жаңылган, Өтүмү жок болгонума өкүнөм. Кимге айтып күйүтүмдү, Кимге барып өтүнөм? Кимге айтып күйүтүмдү, Кимге барып күнү-түнү, Кимге барып өтүнөм? Таңшыганча табышмактуу таң сыры, Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү. Таба албайм, кайрылганда айт чынын, Артык бекен башка жердин көркөмү? Арбалсаң да бир келерсиң, Ала-Тоону көргөнү. Арбалсаң да бир келерсиң, Эстегенде сермелерсиң, Ала-Тоону көргөнү. Кала берем мекенимде сени эстеп, Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо. Өтүнөрүм көкүрөгүм элестейт, Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо. Жалын бүрккөн үшкүрүгүң, Жалын бүрккөн үшкүрүгүм, Жаңырыгы жарар зоо.