Казахские песни Узбекские песни

Песня «Шуулдаба теректерим»
исполнителя Алтынай Нарбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Шамалдуу уйгу-туйгу күз түнүндө
Кыйналам уктай албай, чоочун үйдө
Шуулдап теректери шоокум салат
Көрүнүп терезеден тоо түбүндө.
Жабыла жалбырактар үн чыгарып
Күйүттүү жаны тынбай, күү чыгарып.
Качырып уйку бушун «шуу», «шуу» этет
Көңүлдүн шуу, шуу этет тынчын алып.
Терегим шуулдаба, теректерим
Эсиме шуулдасаң келет менин.
Өчүңкү өткөн күндүн элестери
Өкүттү өмүрүмдүн белестери.

Кайырма:
Шуулдаба терегим, теректерим
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин
Келет менин.

Кысылган тоо койнуна кыштагымда
Түз өңдүн там-ташы бар, төш жагында.
Шуулдап миң түр терек тураар эле
Атакем тигип койгон, жаш чагында.
Бактылуу оо, ал кезде бир баламын
Көпөлөк, оюн-күлкү улагамын.
Байкабай уктаганым калаар эле
Теректин угуп жатып шуулаганын.
Бирге өскөн каргадайдан моюндашып
Кадыркеч агам экөөбүз коюндашып.
Теректер уктап жатсак,ойготчу эле
Жел менен желбирттеген, шыбырлашып.
Капыстан аскар -тоодой атам ооруп
Дартынан айыкпаган таза болуп.
Теректер ошондо да ээй, шуудураган
Жаткандай кошо кайтып созолонуп.
Теректер ошондо да ээй, шуудураган
Жаткандай кошо кайтып созолонуп.


Кайырма:
Шуулдаба терегим, теректерим
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин
Келет менин.

Бул өмүр өтүп барат зуулдаган
Зуулдап өтүп барат, улуу заман.
А силер жатасыңар, кайрандарым
Туйбастан терек муңун шуулдаган.
А силер жатасыңар, кайрандарым
Туйбастан терек муңун шуулдаган.
Кадексиз болсо дагы ээй бир өлүшүм
Кай күнү өмүрүмдүн түгөнүшүн
Капарга албай жүрөм, кайрандарым
Эшитип терек күүсүн силер үчүн.
Жүрөмүн өлбөчүдөй кайрандарым
Эшитип терек күүсүн силер үчүн.

Кайырма:
Шуулдаба терегим, теректерим
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин
Келет менин.

Другие песни исполнителя:

  • Жанашып жакшы тилге Жарашып калдым сизге. Жолукпа деген кезде Жолду таап жетем сизге. Жеңилем сен дегнде Жан биргем билбейм дебе. Катылган ал түйүндө Каласың сезимдерде. Кайырма: Гүлүм ай, гүлүм, гүлүм Тун сүйүүм тартуулайын. Сиз деген сезимимди Жашырып үн катайын. Сүйүүм ай, сүйүүм, сүйүүм Жүрөгүм сага арнайын. Сен деген сезимимди Ачпастан бек сактайын. Күттүрбөй күз да келди Кантейин жетпейм эми. Өкүнбөйм жашайм деген Бактыңды тилейм эми. Сезимдин сересине Күз келет билесиңби. Антип сиз эзбеңизчи Жаз бизден кетпесинчи. Кайырма:
  • Көрүшкөндө көздөрүңдөн чагылган, Нурларынан курган кайран көпүрөм. Бекемине күмөн санап жаңылган, Өтүмү жок болгонума өкүнөм. Кимге айтып күйүтүмдү, Кимге барып өтүнөм? Кимге айтып күйүтүмдү, Кимге барып күнү-түнү, Кимге барып өтүнөм? Таңшыганча табышмактуу таң сыры, Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү. Таба албайм, кайрылганда айт чынын, Артык бекен башка жердин көркөмү? Арбалсаң да бир келерсиң, Ала-Тоону көргөнү. Арбалсаң да бир келерсиң, Эстегенде сермелерсиң, Ала-Тоону көргөнү. Кала берем мекенимде сени эстеп, Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо. Өтүнөрүм көкүрөгүм элестейт, Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо. Жалын бүрккөн үшкүрүгүң, Жалын бүрккөн үшкүрүгүм, Жаңырыгы жарар зоо.
  • Менденби же сенденби, кимибизден? Сезимдер өчүп барат дилибизден. Адашып, атаганат, баратабыз, Арзышып араң тапкан сүйүүбүздөн. Кайран кез, кандай сонун убак эле, Сезимде эңсөө туруп турар эле. Сагынып, самап келсем сапарымдан, Саамайың саамал кымыз сыңар эле. Башатын махабаттын чандың беле? Байкабай капа кылып алдың беле? Болбосо жаш селкиге менден артык, Бой салып, ашык болуп калдың беле? Көңүлдүн муз төрүнө бара электе, Көздөн жаш көл-шал болуп ага электе. Жаркыным, суу куя көр сезимдерге Тамыры такыр кургап кала электе.
  • Неден жаздым, неден жаңылдым, Не себептен мага таарындың? Жылдыз жүзүң көзгө элестеп, Жылаажындай күлкүң сагындым. Куса болуп жездей саргарып, Күйүтүмдөн чексиз багындым. Сага арнап сүйүү ырларын, Сага айтам жүрөк сырларын. Сен жөнүндө бүтпөс ыр жазам, Сага айтам тунук сырларым. Махабаттын кезип сапарын, Махабаттын ачкам кырларын. Табийгат да сенсиз суз тартып, Аянычтуу дайра муңканып. Суу боюнда өскөн камыштар Шуудурашат үнсүз сумсайып. Кайда кеттиң, кайда жүрөсүң, Жүрөк сүйгөн менин түгөйүм? Кайда кеттиң, кайда кеттиң…?
  • Атар таңым, кубанычым, үйдө кутум, Асыл жарым, ардагым, бакыт кушум. Өмүр бою жаркырап жанымда жүр, Өзүң барда мен үчүн дүйнө бүтүн. Кайырма: Сапарлашым, түгөйүм, сагынарым, Сүйгөн жарым, эрмегим, жалынарым. Мен карыйын түйшүгүң тартып жүрүп, Сен карыба, жан биргем, кагылайын. Бир өмүргө өзгөрбөс арчадайым, Бийиктеги жылдызым, бак-таалайым. Алдымда жүр жетелеп максаттарга, А мен болсо артыңдан акмалайын. Кайырма: Кудай кошкон жандоочум, сүйдүрөрүм, Угуп турчу, чынымды билдирейин. Сенин барың суранып Жараткандан, Сени менен түбөлүк бир жүрөйүн. Кайырма: