Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сиз жана мен тексти»
исполнителя Алтынай Нарбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жанашып жакшы тилге
Жарашып калдым сизге.
Жолукпа деген кезде
Жолду таап жетем сизге.
Жеңилем сен дегнде
Жан биргем билбейм дебе.
Катылган ал түйүндө
Каласың сезимдерде.

Кайырма:
Гүлүм ай, гүлүм, гүлүм
Тун сүйүүм тартуулайын.
Сиз деген сезимимди
Жашырып үн катайын.
Сүйүүм ай, сүйүүм, сүйүүм
Жүрөгүм сага арнайын.
Сен деген сезимимди
Ачпастан бек сактайын.

Күттүрбөй күз да келди
Кантейин жетпейм эми.
Өкүнбөйм жашайм деген
Бактыңды тилейм эми.
Сезимдин сересине
Күз келет билесиңби.
Антип сиз эзбеңизчи
Жаз бизден кетпесинчи.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Менденби же сенденби, кимибизден? Сезимдер өчүп барат дилибизден. Адашып, атаганат, баратабыз, Арзышып араң тапкан сүйүүбүздөн. Кайран кез, кандай сонун убак эле, Сезимде эңсөө туруп турар эле. Сагынып, самап келсем сапарымдан, Саамайың саамал кымыз сыңар эле. Башатын махабаттын чандың беле? Байкабай капа кылып алдың беле? Болбосо жаш селкиге менден артык, Бой салып, ашык болуп калдың беле? Көңүлдүн муз төрүнө бара электе, Көздөн жаш көл-шал болуп ага электе. Жаркыным, суу куя көр сезимдерге Тамыры такыр кургап кала электе.
  • Адамга биринчи өмүр керек, Экинчи адамга көңүл керек. Кем-карчын ойлоочу, Кыйналсаң колдоочу, Өмүрлүк жарың керек. Өзүңдү тандаган, Өмүрүн арнаган, Түбөлүк жарың керек. Адамга биринчи өмүр керек, Экинчи адамга көңүл керек. Отуңду жакканга, Оорутпай бакканга, Атага бала керек. Урпагын улаарга, Арка бел тутаарга, Атага бала керек. Адамга биринчи өмүр керек, Экинчи адамга көңүл керек. Ысык чай куйганга, Ийилип сунганга, Энеге келин керек. Казаның жакканга, Өз ордуң басканга, Энеге келин керек. Адамга биринчи өмүр керек, Экинчи адамга көңүл керек. Энем деп келгенге, Сырдашып кеткенге, Кыздарга төркүн керек. Кыйшайсаң таяган, Кыйналсаң аяган, Кыздарга төркүн керек. Адамга биринчи өмүр керек, Экинчи адамга көңүл керек. Кайгыңды бөлгөнгө, Кубанычың көргөнгө, Кыйышпас достор керек. Намыска бек болгон, Эл үчүн чеп болгон, Кыйышпас достор керек. Адамга биринчи өмүр керек, Экинчи адамга көңүл керек. Миң жылдык кырды ашкан, Сындашпай сыйлашкан, Данакер куда керек. Баш кошкон теңдерге, Батасын бергенге, Данакер куда керек. Мага да ошол керек… Сизге да ошол керек… Адамга ошол керек…
  • Ошол кеч эсте калды күзүңдөгү, Көргөндөн үмүтүм эч үзүлбөдү. Жүрөктү жүзгө бөлүп кетти окшойт, Жылдыздай уячалар жүзүңдөгү. Кайырма: Сиз мага ушунчалык жагасыз да, Көктөгү жылдыздардай жанасыз да Экөөбүз бир болбойбуз аттиң дүйнө, Жүрөктө арман болуп каласыз да. Жүргөндө жадап турмуш бардыгынан, Таберик болдуң окшойт тагдырымдан. Ээрчишип аалам кезип кетким келди, Аргасыз калдым жердин, аргасыз калдым жердин тардыгынан. Маңдайга ушундайды жазган окшойт, Көздөрүңүз күлүп турса сезим козгойт. Экөөбүз баратабыз эки жолдо, А менин жүрөгүмдө сүйүү боздойт.
  • Күндөрү өтпөй кыштын, Сагындым жаздын жытын. Санааркап басып жүрөм, Сайрашын күтүп куштун. Кайырма: Агарган ак булуттар, Жашоого жамгыр сунаар. Сагындым жазым сени, Кабар бер жаштыгымдан. Жаштыгым кайрып берчи, Ак сүйүүм ала келчи, Жазым менин… Эңседим жазым сени, Эңседим назым сени. Көктөмүм көрүнчү эми, Көңүлүм үшүп кетти. Кайырма: Жаңы жаз бактым болчу, Күн күлүп айым толчу. Жанымды келээр жазым, Жан сүйөөр жанга кошчу. Кайырма:
  • Береги тамыр жибим байланганым, Энемдей жан дилинен айланаарым. Жан эжем сизден өтөөр жакын барбы, Эзилип издеп турган кабардайым. Эзилип сурай турган кабардайым. Жан эжекем кеңешээрим, Балалыгым эстешээрим. Апамдын ак сүтүнө насиптешим, Төрөлгөн бир уядан бешиктешим. Ынагым жароокерим эрке сиңдим, Ырыстуу күн эшигим бекитпесин. Тилегин тилеп турам кечикпечи. Саамайыңдан жыттайынчы, Бактын тилеп алкайынчы. Изимди басып келээр илинчегим, Ынагым сырымды айтаар түйүнчөгүм. Боорубуз бүтүн бойдон жүрсөк экен, Өлчөөсүз өмүр берип жаратканым. Өлчөөсүз жарык берип жаратканым. Эже-сиңди ынтымагы, Ар бир үйдүн ырыс багы. Эже-сиңди ынтымагы, Ар бир үйдүн ырыс шамы.