Казахские песни Узбекские песни

Песня «Адамга эмне керек?»
исполнителя Алтынай Нарбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Адамга биринчи өмүр керек,
Экинчи адамга көңүл керек.
Кем-карчын ойлоочу,
Кыйналсаң колдоочу,
Өмүрлүк жарың керек.
Өзүңдү тандаган,
Өмүрүн арнаган,
Түбөлүк жарың керек.
Адамга биринчи өмүр керек,
Экинчи адамга көңүл керек.
Отуңду жакканга,
Оорутпай бакканга,
Атага бала керек.
Урпагын улаарга,
Арка бел тутаарга,
Атага бала керек.
Адамга биринчи өмүр керек,
Экинчи адамга көңүл керек.
Ысык чай куйганга,
Ийилип сунганга,
Энеге келин керек.
Казаның жакканга,
Өз ордуң басканга,
Энеге келин керек.
Адамга биринчи өмүр керек,
Экинчи адамга көңүл керек.
Энем деп келгенге,
Сырдашып кеткенге,
Кыздарга төркүн керек.
Кыйшайсаң таяган,
Кыйналсаң аяган,
Кыздарга төркүн керек.
Адамга биринчи өмүр керек,
Экинчи адамга көңүл керек.
Кайгыңды бөлгөнгө,
Кубанычың көргөнгө,
Кыйышпас достор керек.
Намыска бек болгон,
Эл үчүн чеп болгон,
Кыйышпас достор керек.
Адамга биринчи өмүр керек,
Экинчи адамга көңүл керек.
Миң жылдык кырды ашкан,
Сындашпай сыйлашкан,
Данакер куда керек.
Баш кошкон теңдерге,
Батасын бергенге,
Данакер куда керек.
Мага да ошол керек…
Сизге да ошол керек…
Адамга ошол керек…

Другие песни исполнителя:

  • Алыстап жүргөнүңдө менден узап, Арадан өтсө дагы канча убак. Элесиң эстен кетпей туруп алды, Жүрөгүмө салдың эле, Салдың эле кандай тузак? Жазылып маңдайына, таалайына, Табылдың кандай жандын бактысына? Сүйдүрүп жүргөнүңдү сездиң бекен, Элесиңди тумар кылып, Тумар кылып жүрөгүмө. Сезимди сооротомун, унуттум деп, А бирок, чындыгында, андай эмес. Мен сенден үмүтүмдү үзсөм дагы, Жүрөгүмдө жашай берет, Жашай берет сүйкүм элес.
  • Андан бери жылдар алмашты, Кара чачты бубак кар басты. Сүрсө дагы мезгил мезгилди, Эстен кетпейт сүйүүм алгачкы. Күн чартылдап, булут түнөрүп, Үнсүз турдук сөздөр түгөнүп. Терс бурулдум көздөн жаш ыргып, Дегениңде «кош бол, түбөлүк». Жаштык оргуп нурлуу жүзүңдөн, Эрдиң таттуу ширин жүзүмдөн. Аралыктын баарын багынтып, Ар күн сайын көрөм түшүмдөн. Самайм бирге жүргөн күнүмдү, Уксам деймин назик үнүңдү. Сууйт колуң сурайм сунбагын, Эми мага кызыл гүлүңдү.
  • Ошол кеч эсте калды күзүңдөгү, Көргөндөн үмүтүм эч үзүлбөдү. Жүрөктү жүзгө бөлүп кетти окшойт, Жылдыздай уячалар жүзүңдөгү. Кайырма: Сиз мага ушунчалык жагасыз да, Көктөгү жылдыздардай жанасыз да Экөөбүз бир болбойбуз аттиң дүйнө, Жүрөктө арман болуп каласыз да. Жүргөндө жадап турмуш бардыгынан, Таберик болдуң окшойт тагдырымдан. Ээрчишип аалам кезип кетким келди, Аргасыз калдым жердин, аргасыз калдым жердин тардыгынан. Маңдайга ушундайды жазган окшойт, Көздөрүңүз күлүп турса сезим козгойт. Экөөбүз баратабыз эки жолдо, А менин жүрөгүмдө сүйүү боздойт.
  • Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде, Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде. Cаамайларын cеңселткен ак кайыңдар, Самашып сагынычымды уккан кезде, Барам сага. Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде, Нөшөрлөп электете төккөн кезде. Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз, Көп күндөр арабыздан өткөн кезде, Барам сага. Гүлдөргө аарыларың конгон кезде, Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде. Мурдагы биз жолуккан кечтегидей, Алтын ай асмандагы толгон кезде, Барам сага.
  • Аруу сезим кайрыгы сизге чексиз, Айтпай аны сактоо эрким жетпес. Көңүлдөгү сырымды көзүм айтып, Сүйбөй сизди коюуга мүмкүн эмес. Кайырма: Айта албаймын сүйөөрүмдү, Өзүңүз деп бардыгына түтөөрүмдү. Өмүр бою өзүңүздү күтөөрүмдү. Кызгануудан абалым жакшы эмес, Ырдап айтып салууга үнүм жетпес. Жүрөгүмдө таберик тумарымсың, Сүйбөй сизди коюуга мүмкүн эмес. Кайырма: Айта албаймын сүйөөрүмдү, Өзүңүз деп бардыгына түтөөрүмдү. Өмүр бою өзүңүздү күтөөрүмдү.