Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кусалык тексти»
исполнителя Алтынай Нарбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ким келип сурайт чарчаган ушул конулду
Ким кепип уулайт жалгыздап откон омурду
Бугун бир суусуз арыктан аттай берерде
Кун тийип туруп козумдон жамгыр тогулду

Кайырма:
Ылайды кечип дайрадан барып суу алдым
Ыйлагым келди дайрадан коруп озумду
Тугойум издеп туболук очпос чырактуу
Туркундон жанда агызып ийдим омурду


Дарманым алып далыман соккон шамалдар
Дайынын бербей созулуп кетти кусалык
Коп ирем жолдор которуп суусун бараткан
Жолдошу жакшы аялды коруп мунайдын.

Кайырма:
Ылайды кечип дайрадан барып суу алдым
Ыйлагым келди дайрадан коруп озумду
Тугойум издеп туболук очпос чырактуу
Туркундон жанда агызып ийдим омурду.

Кундорду кечип нурлары суйкум тогулгон
Кутконум дедин кааранды жолдо корунгон
Ай жанып отор айнегим тонуп чилдеде
Жотолуп турам жолонуп озум озумө.

Кайырма:
Ылайды кечип дайрадан барып суу алдым
Ыйлагым келди дайрадан коруп озумду
Тугойум издеп туболук очпос чырактуу
Туркундон жанда агызып ийдим омурду.

Другие песни исполнителя:

  • Кыйнала ойлоп мен сени, Кылыгың абдан эңседим. Сенби деп карай беремин, Сеңселе басып келсе ким. Кеттиңби жаным ыраакка, Күткөнүм болду бир апта. Сыр кылып айткан шыбышың, Шыңгырап турат кулакта. Суктана тиктеп суу шаарын, Суусадым, сен деп суусадым. Дартыма даба болгонсуйт, Сага деп чыккан ыр сабым. Кусага жүрөк жанчылды, Жан биргем эми барсыңбы. Бар болсоң бачым келип жет, Сагынган перим күтөт деп. Сагынган жаным күтөт деп.
  • Андан бери жылдар алмашты, Кара чачты бубак кар басты. Сүрсө дагы мезгил мезгилди, Эстен кетпейт сүйүүм алгачкы. Күн чартылдап, булут түнөрүп, Үнсүз турдук сөздөр түгөнүп. Терс бурулдум көздөн жаш ыргып, Дегениңде «кош бол, түбөлүк». Жаштык оргуп нурлуу жүзүңдөн, Эрдиң таттуу ширин жүзүмдөн. Аралыктын баарын багынтып, Ар күн сайын көрөм түшүмдөн. Самайм бирге жүргөн күнүмдү, Уксам деймин назик үнүңдү. Сууйт колуң сурайм сунбагын, Эми мага кызыл гүлүңдү.
  • Шамалдуу уйгу-туйгу күз түнүндө Кыйналам уктай албай, чоочун үйдө Шуулдап теректери шоокум салат Көрүнүп терезеден тоо түбүндө. Жабыла жалбырактар үн чыгарып Күйүттүү жаны тынбай, күү чыгарып. Качырып уйку бушун «шуу», «шуу» этет Көңүлдүн шуу, шуу этет тынчын алып. Терегим шуулдаба, теректерим Эсиме шуулдасаң келет менин. Өчүңкү өткөн күндүн элестери Өкүттү өмүрүмдүн белестери. Кайырма: Шуулдаба терегим, теректерим Шуулдасаң, ыйлагым келет менин Шуулдасаң, ыйлагым келет менин Келет менин. Кысылган тоо койнуна кыштагымда Түз өңдүн там-ташы бар, төш жагында. Шуулдап миң түр терек тураар эле Атакем тигип койгон, жаш чагында. Бактылуу оо, ал кезде бир баламын Көпөлөк, оюн-күлкү улагамын. Байкабай уктаганым калаар эле Теректин угуп жатып шуулаганын. Бирге өскөн каргадайдан моюндашып Кадыркеч агам экөөбүз коюндашып. Теректер уктап жатсак,ойготчу эле Жел менен желбирттеген, шыбырлашып. Капыстан аскар -тоодой атам ооруп Дартынан айыкпаган таза болуп. Теректер ошондо да ээй, шуудураган Жаткандай кошо кайтып созолонуп. Теректер ошондо да ээй, шуудураган Жаткандай кошо кайтып созолонуп. Кайырма: Шуулдаба терегим, теректерим Шуулдасаң, ыйлагым келет менин Шуулдасаң, ыйлагым келет менин Келет менин. Бул өмүр өтүп барат зуулдаган Зуулдап өтүп барат, улуу заман. А силер жатасыңар, кайрандарым Туйбастан терек муңун шуулдаган. А силер жатасыңар, кайрандарым Туйбастан терек муңун шуулдаган. Кадексиз болсо дагы ээй бир өлүшүм Кай күнү өмүрүмдүн түгөнүшүн Капарга албай жүрөм, кайрандарым Эшитип терек күүсүн силер үчүн. Жүрөмүн өлбөчүдөй кайрандарым Эшитип терек күүсүн силер үчүн. Кайырма: Шуулдаба терегим, теректерим Шуулдасаң, ыйлагым келет менин Шуулдасаң, ыйлагым келет менин Келет менин.
  • Аппапак бадырак алча гүлүм Ачыпсын ажарын жаздын бүгүн. Аңкыган жытына мас болуп мен Ансайын жыттаймын сенин гүлүң. Аңкыган жытына мас болуп мен Ансайын жыттаймын сенин гүлүң. Арылаар ызылдайт, учуп конуп Бадырак гүлүмдүн балып соруп. Балкытып сүйүүгө мас кылыпсың Булбулдар сайрашат үнүн созуп. Балкытып сүйүүгө мас кылыпсың Булбулдар сайрашат үнүн созуп. Асманда айдагы нурун төгүп Ашыгат аппапак гүлүн өбүп Атыр жел аймалап ак Жүзүңдөн Аңкыйт го айланаң, жытың болуп Атыр жел аймалап ак Жүзүңдөн Аңкыйт го айланаң, жытың болуп Бах чиркин, баягы алча багым Балкытчы сүйүүгө кайра дагын. Бал татым балалык сүйүүлөр ай, Бактылуу жаштыгым күндөрүм ай. Бах чиркин, баягы сүйүү жазым Ырдалып бүтпөгөн алчы багым. Бах чиркин баягы сүйүү жазым Ырдалып бүтпөгөн алчы багым.
  • Саматып издээриң болгон жакшы, Сагынган кучагың толгон жакшы. Бактысыз турмушка басынганча, Баалаган жанга жар болгон жакшы. Кайырма: Жакшылык бактыга жетелетет, Жаштыка өмүрдү тетеп өтөт. Жакшыдан жан-дүйнөм азыктанып, Кусалуу көңүлдү көкөлөтөт. Кусалуу көңүлдү, армандуу өмүрдү көкөлөтөт. Сүйдүрүп издериң болгон жакшы, Сүйүүнүн суугуна тоңгон жакшы. Сүйбөгөн бирөөгө кор болгончо, Жакшыга жанашкан жолдор жакшы. Кайырма: Жакшылык бактыга жетелетет, Жаштыка өмүрдү тетеп өтөт. Жакшыдан жан-дүйнөм азыктанып, Кусалуу көңүлдү көкөлөтөт. Кусалуу көңүлдү, армандуу өмүрдү көкөлөтөт. Сырдашып бир жүргөн достор жакшы, Сыйлашып кармашкан колдор жакшы. Билбеске бирикпей кор болгончо, Билгендин бийиги болгон жакшы. Кайырма: Жакшылык бактыга жетелетет, Жаштыка өмүрдү тетеп өтөт. Жакшыдан жан-дүйнөм азыктанып, Кусалуу көңүлдү көкөлөтөт. Кусалуу көңүлдү армандуу өмүрдү көкөлөтөт.