Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жоокер ыры»
исполнителя Алтынай Нарбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ата бабам кыргыз кутман эл
Ата салтын бийик туткан эл.
Ат жалында өмүр кечирип
Ар намыстан мөөрөй уткан эл.
Ат жалында өмүр кечирип
Ар намыстан мөөрөй уткан эл.

Ат жалында кылыч ойноткон
Бабам Манас жерин коргогон.
Тарых бетин актай калтырбай
Курманбек да элин коргогон.
Тарых бетин актай калтырбай
Курманбек да элин коргогон.

Кайырма:
Жоокер элбиз, жоокер элбиз
Эзелтен тарыхта.
Намыс сакта, элиң барда
Кыргыз эл журтун сакта.
Кыргыз эл журтун сакта.

Баатыр элбиз кыргыз байыртан
Бабаларым өткөн тарыхтан.
Басып келген жоого тик карап
Башын көтөр элим намыстан.
Басып келген жоого тик карап
Башын көтөр элим намыстан.

Эртеңиңди элим ойлогун
Эл журтунду жоодон коргогун.
Жалтанбаган кайрат күч менен
Аталардын жолун жолдогун.
Жалтанбаган кайрат күч менен
Аталардын жолун жолдогун.

Кайырма:
Жоокер элбиз, жоокер элбиз
Эзелтен тарыхта.
Намыс сакта, элиң барда
Кыргыз эл журтун сакта.
Кыргыз эл журтун сакта.

Другие песни исполнителя:

  • Күндөрү өтпөй кыштын, Сагындым жаздын жытын. Санааркап басып жүрөм, Сайрашын күтүп куштун. Кайырма: Агарган ак булуттар, Жашоого жамгыр сунаар. Сагындым жазым сени, Кабар бер жаштыгымдан. Жаштыгым кайрып берчи, Ак сүйүүм ала келчи, Жазым менин… Эңседим жазым сени, Эңседим назым сени. Көктөмүм көрүнчү эми, Көңүлүм үшүп кетти. Кайырма: Жаңы жаз бактым болчу, Күн күлүп айым толчу. Жанымды келээр жазым, Жан сүйөөр жанга кошчу. Кайырма:
  • Тизилсем кайрат күүлөтүп, Теминсем алга сүрөөдүң, Кызым деп согот ар дайым, Ууздай таза жүрөгүң. Атакем ачык асманым, Каректей мени аярым, Чындыкты туудай туу туткан, Чыккан күн, сүргөн ак таңым. Төбөмдө жанган жылдызым, Төрүмдө толгон ырысым. Өмүрдө жайган ак өргөм, Өзүңсүз кантип жылысын. Атакем ачык асманым, Тумардай мени сактарым. Чындыкты туудай туу туткан, Чыккан күн сүргөн ак таңым. Алыска серпил кулачым, Ак сарай, кутум, кубатым Мээримиң төгүп мен үчүн, Мекеним болуп турасың. Атакем ачык асманым, Унутпайм берген батасын. Чындыкты туудай туу туткан, Чыккан күн сүргөн ак таңым. Атакем бүтпөс дастаным.
  • Кат жазчы мага, Бир келген биздин өмүрдө. Дил бурак арнап, Токтонуп калган көңүлгө. Мен күлсөм, күлүп, Кайгырсам, кошо кайгырган. Мен өчпөй, өчпөс, Бир жарык жылдыз жөнүндө. Кайырма: Кат жазчы мага, Билдирип аман барыңды, Адамдар курчап, агылган жолдо жалгызмын. Ак желек тагып, Ар күнү сагынч жөнөткөн, Айнектей тунук сүйүүнү кайда калтырдың? Айнектей тунук сүйүүнү кайда калтырдың? Кат жазчы мага, Недендир абдан кусамын. Канча жыл өттү, А сенден дарек укпадым. Канча бир түндөр, Кабарың бербей койду деп Таарынып жатып, Сагынып жатып, уктадым. Кайырма: Кат жазчы мага, Жолукпа, бирок билүүлүк. Кат менен келсе кабарың – ошол сүйүнүч. Катыңды жыттап, “Жарк” этип жайнап алармын, Өзүңсүз жылдар өтүштү мени үшүтүп. Өзүңсүз жылдар өтүштү мени үшүтүп. Кат жазчы мага, Кусадар күндөн ал сурап, Кут болуп катың, жанымда жүрсүн ар убак. Жообумду жазам, Жөнөтчү дагы жаңы кат, Сезимдер үчүн, көңүлдөр үчүн жаркырап. Сезимдер үчүн, көңүлдөр үчүн жаркырап. Кат жазчы мага
  • Өзүңдү сүйгөн күнөмбү, Өрттөндүм, аргам түгөндү. Ашыктык гүлү ачылсын а, Жүрөккө сепчи үрөндү. Махабат гүлү ачылсын а, Жүрөккө сепчи үрөндү. Адамда ар сыр кыял бар, Айта албайт аны уяңдар. Өчпөгөн менин чолпонум ай, Өзүңө мендей бир кыз зар. Өчпөгөн менин чолпонум ай, Өзүңө мендей бир кыз зар. Дартымды аччу далалат, Арга тап сүйүүм аманат. Суу бүркүп сүйүү отуна да, Жүрөктү кетпе жаралап. Суу бүркүп сүйүү отуна да, Жүрөктү кетпе жаралап.
  • Сынасам көңүлүмө толосуңбу? Сылык сүйлөп, сыпаа күлүп коёсуңбу? Сени айтып курбуларга мен мактансам, Сыймыктанар адамым болосуңбу? Кызыксам көңүлүмө толосуңбу? Кыйгач карап, кытмыр күлүп коёсуңбу? Кыйынчылык башка түшүп турган кезде, Кыр көрсөтчү курдашым болосуңбу? Жактырсам көңүлүмө толосуңбу? Жайкап сүйлөп, жайнап күлүп коёсуңбу? Жамандык башка түшүп турган кезде, Жардам берер адамым болосуңбу? Тандасам көңүлүмө толосуңбу? Так сүйлөп, тамашалап коёсуңбу? Тайгак кечүү, тар жолдон тайгалансам, Тагдырлаш күйөрманым болосуңбу? Ардактасам көңүлүмө толосуңбу? Аяр карап, алдап күлүп коёсуңбу? Акылымдан адашып турган кезде, Акылдашчу адамым болосуңбу? Жолуксам көңүлүмө толосуңбу? Жоодур карап, жообун айтпай коёсуңбу? Жол таппай баш айланып турган кезде, Жол көрсөтчү жолдошум болосуңбу?