Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кимибизден?»
исполнителя Алтынай Нарбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Менденби же сенденби, кимибизден?
Сезимдер өчүп барат дилибизден.
Адашып, атаганат, баратабыз,
Арзышып араң тапкан сүйүүбүздөн.
Кайран кез, кандай сонун убак эле,
Сезимде эңсөө туруп турар эле.
Сагынып, самап келсем сапарымдан,
Саамайың саамал кымыз сыңар эле.
Башатын махабаттын чандың беле?
Байкабай капа кылып алдың беле?
Болбосо жаш селкиге менден артык,
Бой салып, ашык болуп калдың беле?
Көңүлдүн муз төрүнө бара электе,
Көздөн жаш көл-шал болуп ага электе.
Жаркыным, суу куя көр сезимдерге
Тамыры такыр кургап кала электе.

Другие песни исполнителя:

  • Эл ичинен озгөчөм ашык болуп Эске түшсөң мөлтүрөйм жашык болуп Бакыт издеп өзүңдү эңсеп келем Бала кезден жолуккан жашыл жоолук Кайырма: Эй жашыл жоолук Бала кезден жолуккан жашыл жоолук Жүрөгүмдү сага деп арнап коюп Жүрөмүн өзүм өзүмдү алдап коюп Жалындаган от болуп күйүп жанып Жүрөгүмдү сезбедиң жашыл жоолук Жазым жайым шуулдайт кайык болуп Жүрөмүн жалгыз бук болуп жашык болуп Жок дегенде жөн гана көңүл улап Жарк деп күлүп койсоңчу жашыл жоолук Кайгы тартам сен жоксуң алсыз болуп Калат дүйнө сезилбей жансыз болуп Карегиңден нур жанган жүрөгүмдү Кантып сага келатам жашыл жоолук
  • Биз төрөлгөн ошол үй базар болуп, Турчу эле го өзгөчө шаңга толуп. Азыр кайда бир тууган, асылдарым, Жүрөм баарың сагынып, куса болуп. Кайырма: Бир тууганым, таянар асылдарым, Аска-зоодой бел болор жакындарым. Карааныңар дем болот кайда жүрсөм, Амандыгың тилеймин баарыңардын. Биз чоңоюп, балалык артта калып, Ар кимибиз ар тарапка багыт алып. Азыр ата-эне болуп калгансыңар, Асыл жарлуу үй-бүлөдөн бакыт табып. Кайырма: Күндөр улам зымырап өтүп барат, Жүрөгүмдү сагыныч бөлүп-жарат. Сезимимди кусалык ээлеп алып, Жолугушар кезди күтүп жүрөм самап. Кайырма: Амандыгың тилеймин кымбаттарым.
  • Бул турмуш дарак тура мөмөлөгөн, Мөмөсүн эсиргендер тебелеген. Мен сени жандап жүргөм жашыл жолдо, «Бөлүнбөй кете берет» деген элем. Бул турмуш деңиз тура кемибеген, Жакшылык-жамандыгын ченебеген. Тымызын кош айтышып жаткан кезде, «Мен сени унутам го» деген элем. Көрсө, сен катар басып койбоптурсуң, Бүтүндөй өмүрүңдү ойноптурсуң. Жүрөктө балалыгым кандай калса, Сен дагы дал ошондой орноптурсуң. Жүрөктө дал ошондой, Сезимде дал ошондой, Жүрөктө дал ошондой орноптурсуң.
  • Унутпа сенде калган сырларымды, Кирген суу, жааган күндөй жылдарымды. Өмүргө бир гана ирет жаралсам да, Өзүң деп миң толгонуп учканымды. Унутпа бирге болгон күндөрүңдү, Назданып нур жүзүңдөн сүйгөнүмдү. Турмушка бир гана ирет жаралсам да, Аялуу жан сырымды төккөнүмдү. Унутпа кечээкиңди, эртеңкиңди, Жабыркап бир өзүңө жеткенимди. Заманга бир гана ирет жаралсам да, Сезимге из калтырып кеткениңди. Унупа жылдыз мончок жылдарыңды, Жылды ээрчип жылтылдаган жыргалыңды. Унутсаң мени унут, бирок, жаным, Унутпа сенде калган сырларымды. Унутпа менден уккан ырларыңды.
  • Шамалдуу уйгу-туйгу күз түнүндө Кыйналам уктай албай, чоочун үйдө Шуулдап теректери шоокум салат Көрүнүп терезеден тоо түбүндө. Жабыла жалбырактар үн чыгарып Күйүттүү жаны тынбай, күү чыгарып. Качырып уйку бушун «шуу», «шуу» этет Көңүлдүн шуу, шуу этет тынчын алып. Терегим шуулдаба, теректерим Эсиме шуулдасаң келет менин. Өчүңкү өткөн күндүн элестери Өкүттү өмүрүмдүн белестери. Кайырма: Шуулдаба терегим, теректерим Шуулдасаң, ыйлагым келет менин Шуулдасаң, ыйлагым келет менин Келет менин. Кысылган тоо койнуна кыштагымда Түз өңдүн там-ташы бар, төш жагында. Шуулдап миң түр терек тураар эле Атакем тигип койгон, жаш чагында. Бактылуу оо, ал кезде бир баламын Көпөлөк, оюн-күлкү улагамын. Байкабай уктаганым калаар эле Теректин угуп жатып шуулаганын. Бирге өскөн каргадайдан моюндашып Кадыркеч агам экөөбүз коюндашып. Теректер уктап жатсак,ойготчу эле Жел менен желбирттеген, шыбырлашып. Капыстан аскар -тоодой атам ооруп Дартынан айыкпаган таза болуп. Теректер ошондо да ээй, шуудураган Жаткандай кошо кайтып созолонуп. Теректер ошондо да ээй, шуудураган Жаткандай кошо кайтып созолонуп. Кайырма: Шуулдаба терегим, теректерим Шуулдасаң, ыйлагым келет менин Шуулдасаң, ыйлагым келет менин Келет менин. Бул өмүр өтүп барат зуулдаган Зуулдап өтүп барат, улуу заман. А силер жатасыңар, кайрандарым Туйбастан терек муңун шуулдаган. А силер жатасыңар, кайрандарым Туйбастан терек муңун шуулдаган. Кадексиз болсо дагы ээй бир өлүшүм Кай күнү өмүрүмдүн түгөнүшүн Капарга албай жүрөм, кайрандарым Эшитип терек күүсүн силер үчүн. Жүрөмүн өлбөчүдөй кайрандарым Эшитип терек күүсүн силер үчүн. Кайырма: Шуулдаба терегим, теректерим Шуулдасаң, ыйлагым келет менин Шуулдасаң, ыйлагым келет менин Келет менин.