Казахские песни Узбекские песни

Песня «Унутпа тексти»
исполнителя Алтынай Нарбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Унутпа сенде калган сырларымды,
Кирген суу, жааган күндөй жылдарымды.
Өмүргө бир гана ирет жаралсам да,
Өзүң деп миң толгонуп учканымды.
Унутпа бирге болгон күндөрүңдү,
Назданып нур жүзүңдөн сүйгөнүмдү.
Турмушка бир гана ирет жаралсам да,
Аялуу жан сырымды төккөнүмдү.
Унутпа кечээкиңди, эртеңкиңди,
Жабыркап бир өзүңө жеткенимди.
Заманга бир гана ирет жаралсам да,
Сезимге из калтырып кеткениңди.
Унупа жылдыз мончок жылдарыңды,
Жылды ээрчип жылтылдаган жыргалыңды.
Унутсаң мени унут, бирок, жаным,
Унутпа сенде калган сырларымды.
Унутпа менден уккан ырларыңды.

Другие песни исполнителя:

  • Береги тамыр жибим байланганым, Энемдей жан дилинен айланаарым. Жан эжем сизден өтөөр жакын барбы, Эзилип издеп турган кабардайым. Эзилип сурай турган кабардайым. Жан эжекем кеңешээрим, Балалыгым эстешээрим. Апамдын ак сүтүнө насиптешим, Төрөлгөн бир уядан бешиктешим. Ынагым жароокерим эрке сиңдим, Ырыстуу күн эшигим бекитпесин. Тилегин тилеп турам кечикпечи. Саамайыңдан жыттайынчы, Бактын тилеп алкайынчы. Изимди басып келээр илинчегим, Ынагым сырымды айтаар түйүнчөгүм. Боорубуз бүтүн бойдон жүрсөк экен, Өлчөөсүз өмүр берип жаратканым. Өлчөөсүз жарык берип жаратканым. Эже-сиңди ынтымагы, Ар бир үйдүн ырыс багы. Эже-сиңди ынтымагы, Ар бир үйдүн ырыс шамы.
  • Жолуңду тосуп жүрөм Колумду созуп жүрөм Жалжалым жүрөгүңө Жүрөктү кошуп жүрөм Жароокер жүрөгүңө Жүрөктү кошуп жүрөм Жанымда бир болууга Айламды таппай жүрөгөм Жактырып сүйүп жүрөм Жабыгып күйүп жүрөм Жообу жок калган сөздү Жүрөктө түйүп жүрөм Жан биргем бир өзүңө Жан дүйнөм түздөп жүрөм Арзыган сүйүү сөзү Дагы эле күтүп жүрөм Өмүрдү кесип жүрөм Мөзөктү эзип жүрөм Өзгөчө күнөөлүүдөй Өзүмдү сезип жүрөм Өзүндү сүйгөнүмө Күнөөлүү болуп жүрөм
  • Ошол кеч эсте калды күзүңдөгү, Көргөндөн үмүтүм эч үзүлбөдү. Жүрөктү жүзгө бөлүп кетти окшойт, Жылдыздай уячалар жүзүңдөгү. Кайырма: Сиз мага ушунчалык жагасыз да, Көктөгү жылдыздардай жанасыз да Экөөбүз бир болбойбуз аттиң дүйнө, Жүрөктө арман болуп каласыз да. Жүргөндө жадап турмуш бардыгынан, Таберик болдуң окшойт тагдырымдан. Ээрчишип аалам кезип кетким келди, Аргасыз калдым жердин, аргасыз калдым жердин тардыгынан. Маңдайга ушундайды жазган окшойт, Көздөрүңүз күлүп турса сезим козгойт. Экөөбүз баратабыз эки жолдо, А менин жүрөгүмдө сүйүү боздойт.
  • Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде, Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде. Cаамайларын cеңселткен ак кайыңдар, Самашып сагынычымды уккан кезде, Барам сага. Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде, Нөшөрлөп электете төккөн кезде. Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз, Көп күндөр арабыздан өткөн кезде, Барам сага. Гүлдөргө аарыларың конгон кезде, Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде. Мурдагы биз жолуккан кечтегидей, Алтын ай асмандагы толгон кезде, Барам сага.
  • Кызган мени, кызган, бирок билдирбе, Сынат чөлмөк миң күн эмес, бир күндө. Көңүл жиби — тыт көпөлөк тарткан жип, Үзүп алып, эки ортодо бүлдүрбө. Кызган мени, кызган, бирок билдирбе, Бирин-бири кызганбасын ким мүлдө. Капкайдагы жаман ойду ойлосоң, Акылыңдан адашасың бир күндө. Кызган мени, кызган, бирок билдирбе, Кур кызгансаң мени менен бир жүрбө. Эмне болуп кетер экен дегендер, Карап турат, мага аларды күлдүрбө.