Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң»
исполнителя Алтынай Нарбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Мен балалуу, сен бирөөгө бүлөсүң,
Дале таза сага мээрим, мүнөзүм.
Көрөмбү деп көп келемин шаарга,
Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?
Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?!

Оштон тапкам мага жагып мүнөзүң,
Эстен кетпейт мажүрүм тал, бир өзүң.
Тагдыр сени бир көргөзөр деп келем,
Дайының жок, сен сагынбай жүрөсүң.
Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?

Сезим жанып, бактылуусуң сен өзүң,
Сени издеген өзгөрүлбөйт мүнөзүм.
Бизге күбө Сулайман Тоо, Ак-Буура…
Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?!
Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?!

Другие песни исполнителя:

  • Сөзү : Кубанычбек Бакиевдики Обону : Э.Кайымовдуку Из калтыр бул дүйнөдө, ансыз да өмүр кыска, Атыңды айтып урпак, иштериң болсун нуска. Из калтыр бул дүйнөдө, жакшылык ишиң менен, Акындар ыр жазышсын, канаттуу сезим менен. Из калтыр бул дүйнөдө, акыйкат сөзүң менен, Эч качан ушак айтпа, көрбөсөң көзүң менен. Из калтыр бул дүйнөдө, боорукер сезим менен, Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн. Артыңда из калтыргын, ак эмгек кызмат менен, Унутпай элиң жүрсүн, кетсең да бул дүйнөдөн. Из калтыр бул дүйнөдө, атанын уулу деген, Ашыкча мүлк жыйнаба, ал кетпейт өзүң менен. Из калтыр бул дүйнөдө, боорукер сезим менен, Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн. Ашыкча мүлк жыйнаба, ал кетпейт өзүң менен.
  • Унутпа сенде калган сырларымды, Кирген суу, жааган күндөй жылдарымды. Өмүргө бир гана ирет жаралсам да, Өзүң деп миң толгонуп учканымды. Унутпа бирге болгон күндөрүңдү, Назданып нур жүзүңдөн сүйгөнүмдү. Турмушка бир гана ирет жаралсам да, Аялуу жан сырымды төккөнүмдү. Унутпа кечээкиңди, эртеңкиңди, Жабыркап бир өзүңө жеткенимди. Заманга бир гана ирет жаралсам да, Сезимге из калтырып кеткениңди. Унупа жылдыз мончок жылдарыңды, Жылды ээрчип жылтылдаган жыргалыңды. Унутсаң мени унут, бирок, жаным, Унутпа сенде калган сырларымды. Унутпа менден уккан ырларыңды.
  • Себелеп жамгыр төксө айланага, Сезимдер калган өңдүү ай-талаада. Алыста жалгыз калган ак куу сымал, Түгөйсүз кыйын тура, Түгөйсүз кыйын тура бул жалганда. Учса да канаттуулар эки-экиден, Учууга канатым жок мен издеген. Сагынып кусаланып жүрсөм дагы, Үмүт бар жолугууга, Үмүт бар жолугууга чын сүйүүдөн. Элесиң калсын менде кылымдарга, Унутпайм жүрөгүмдө сезим барда. Жашоомдо канча жылдар калса дагы, Бир сага арзуу айтам, Өзүңө арзуу айтам бул ырларда. Жашоомдо канча жылдар калса дагы, Сүйгөнүм сен деп жатам, Сагынычым айтып жатам бул ырларда.
  • Сыртта жамгыр нөшөрлөйт, Жашын тыйбайт, жашын тыйбайт. Өткөндү эстеп, сезимим сынып сыздайт, бүтпөй сыздайт. Айыбы жок жүрөктүн арманындай, арманындай Сен жөнүндө, сен жөнүндө эскерүү кандай азап, азап, азап. Гүлү эңсеп, көңүлдүн төрүндөгү, төрүндөгү Карай берем элеңдеп булуттарды, булуттарды Жүрөгүмдө жашынган балалыктай, балалыктай Жапжаш бойдон, жапжаш бойдон Жашынып сүйүп калдым, калдым, калдым Мүчүрлөнгөн жамгырдын муңдуу күүсүн, муңдуу күүсүн «Тыз» эткизет тымызын жүрөгүмдүн, жүрөгүмдүн Сапар тартып келемин жалгыз өзүм Сен жөнүндө, сен жөнүндө кайталап билгенимди, билгенимди Сен жөнүндө, сен жөнүндө кайталап билгенимди, билгенимди Иии-ииий, мммм-ммммм!
  • Ата бабам кыргыз кутман эл Ата салтын бийик туткан эл. Ат жалында өмүр кечирип Ар намыстан мөөрөй уткан эл. Ат жалында өмүр кечирип Ар намыстан мөөрөй уткан эл. Ат жалында кылыч ойноткон Бабам Манас жерин коргогон. Тарых бетин актай калтырбай Курманбек да элин коргогон. Тарых бетин актай калтырбай Курманбек да элин коргогон. Кайырма: Жоокер элбиз, жоокер элбиз Эзелтен тарыхта. Намыс сакта, элиң барда Кыргыз эл журтун сакта. Кыргыз эл журтун сакта. Баатыр элбиз кыргыз байыртан Бабаларым өткөн тарыхтан. Басып келген жоого тик карап Башын көтөр элим намыстан. Басып келген жоого тик карап Башын көтөр элим намыстан. Эртеңиңди элим ойлогун Эл журтунду жоодон коргогун. Жалтанбаган кайрат күч менен Аталардын жолун жолдогун. Жалтанбаган кайрат күч менен Аталардын жолун жолдогун. Кайырма: Жоокер элбиз, жоокер элбиз Эзелтен тарыхта. Намыс сакта, элиң барда Кыргыз эл журтун сакта. Кыргыз эл журтун сакта.