Казахские песни Узбекские песни

Песня «Мен сизди жоготуп албасам дейм»
исполнителя Алтынай Нарбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Күтүүгө жүрөгүм арнасам дейм,
Кусалык азабын ар качан жейм.
Күлүктөй чуркаган күндөрүмдө,
Мен сизди таарынтып албасам дейм.
Жарыгын сезимдин кармасам дейм,
Жан дүйнө азабын ар качан жейм.
Мейли эле өзүмдү аябасам,
Мен сизди оорутуп албасам дейм.
Өзгөнүн чаңында калбасам дейм,
Өрт сүйүү азабын ар качан жейм.
Өмүрдө, жашоодо бир болууга,
Өзүмдү бир сизге арнасам дейм.
Айта албай чын сырды калбасам дейм,
Арзуудан азапты ар качан жейм.
Мезгилден кечиккен тагдырымда,
Мен сизди жоготуп албасам дейм.
Мен сизди оорутуп албасам дейм.

Другие песни исполнителя:

  • Өмүр, багытым таппай издеп күйүп-жансам да, Өмүр, тагдырда жан үрөп мен өңдөн азсам да. Өмүр, бакытты азап жандап түйшүк тартсам да. Мен сени сүйөм, өмүр, Мен сени сүйөм, өмүр… Кайырма: Алдымдан азгырып чакырдың, ай, Алдың го жаштыктын жазын далай. Антсең да сыйлоого акым бар, ай, Мен сени сүйөм, өмүр… Берерин билбеймин али эртеңдин, Тирүүлүк билигин араң тердим Тар жолдо миң аксап, жүз күйсөм да, Мен сени сүйөм, өмүр… Өмүр, жетерде бийиктикке кулап калсам да, Өмүр, өйдөлөп кайра турар кубат алсам да. Өмүр, алдыңа далай сынып ыйлап барсам да, Мен сени сүйөм, өмүр, Мен сени сүйөм, өмүр… Кайырма: Өмүр, күз болуп салдың мени сагынычтарга, Өмүр, учурдуң кээде ак кар бурганактарга. Өмүр, көктөмдөй сага бирок али куштармын. Мен сени сүйөм, өмүр, Мен сени сүйөм, өмүр… Кайырма:
  • Бул насыйкат, бул насыйкат, Бул насыйкат мага калган. Бул насыйкат сага калган, Калган керээз бабалардан. Өттү насыйкат, Тоолордон, талаалардан, ээ-эй. Ай кашканы азанатып, Ат жалына казан асып. Келген элдин тилеги бул, Улуу тарыхтын, Чоктон ысык илеби бул, ээ-эй. О, мезгилдин өктөмдүгү, ылдамдыгы, Кандай кезде жаралды экен «Сынган бугу»? Комуз кылын дирилдетип, Бириндетип бизге насаат ыр калдыбы, ээ-эй. Аппак марал ыры жаңырдыңбы сен, Аппак марал, кайра табылдыңбы сен? Аппак марал туяк кагат, Журт которгон сыяктанат. Каран күнгө, марал, кабылдыңбы сен? Каран күнгө, марал, кабылдыңбы сен, Конушуңдан үркүп жаңылдыңбы сен? Мөлтүлдөп аккан булак кайда, Моюндаш өскөн улак кайда? Кадырлуу журтту сагындыңбы сен? Эй, аппак марал, эй! Аппак марал, Артыңдан сая түшүп жебе келет, Көзүңдө жер айланат, тегеренет. Жебе келет, жөнө демек! Турбачы, ак марал, түңүлүп сен, Турбачы, ак марал, түңүлүп турба. Жебе жетпейт, чурка түйүлүп сен. Аппак ак марал, аппак марал жеңилбечи, Батат, батабы, батып барат өмүр кечи? Жебе келет, жөнө демек, Турбачы, ак марал, Жебе жетпейт, чурка түйүлүп сен. Ээ-эй! Жанып өтөбү, жебе жетеби, Тагдыр чыркырап, тамыр зыркырап. Марал кубулуп, Кайып болуп кет эми. Аппак марал, марал туяк кагат, Жебе жетпейт, жетет сыяктанат. Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат. Жанып өтөбү, жебе жетеби, Билик бүлбүлдөп, Тагдыр чыркырап, тамыр зыркырап. Жетсең жебе, жет эми! Аппак марал, марал туяк кагат, Жебе жетпейт, жетет сыяктанат. Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат. Бул насыйкат мага калган, Бул насыйкат сага калган. Калган керээз бабалардан: Канат байлап өмүргө, Каршы турган өлүмгө. Карылардан санжыра, Аппак марал жөнүндө. Карыбайт элдик ырлар, Талыбайт элдик үмүт. Жакшылыктан асты түңүлбөдүң, Аппак марал неге күлүңдөдүң?.
  • Кой тырынба, унутпаймын эсимдесиң, Комуз кылдай толгонуу сезимдесиң. Карап көрчү капалуу кабагымды, Кантип андан сагыныч сезилбесин. Ээ, ла,ла,лай. Көрсөмчү деп өзүңдү күйөт көзүм, Көпкө тиктеп турганды сүйөм өзүм. Бар экен да жүрөгүм, сенда барсың, Анткени сен ар дайым жүрөктөсүң. Ээ,ла,ла,лай. Жүрөктөшүм көңүлүмдүн өзүндөсүң,
  • Адамга биринчи өмүр керек, Экинчи адамга көңүл керек. Кем-карчын ойлоочу, Кыйналсаң колдоочу, Өмүрлүк жарың керек. Өзүңдү тандаган, Өмүрүн арнаган, Түбөлүк жарың керек. Адамга биринчи өмүр керек, Экинчи адамга көңүл керек. Отуңду жакканга, Оорутпай бакканга, Атага бала керек. Урпагын улаарга, Арка бел тутаарга, Атага бала керек. Адамга биринчи өмүр керек, Экинчи адамга көңүл керек. Ысык чай куйганга, Ийилип сунганга, Энеге келин керек. Казаның жакканга, Өз ордуң басканга, Энеге келин керек. Адамга биринчи өмүр керек, Экинчи адамга көңүл керек. Энем деп келгенге, Сырдашып кеткенге, Кыздарга төркүн керек. Кыйшайсаң таяган, Кыйналсаң аяган, Кыздарга төркүн керек. Адамга биринчи өмүр керек, Экинчи адамга көңүл керек. Кайгыңды бөлгөнгө, Кубанычың көргөнгө, Кыйышпас достор керек. Намыска бек болгон, Эл үчүн чеп болгон, Кыйышпас достор керек. Адамга биринчи өмүр керек, Экинчи адамга көңүл керек. Миң жылдык кырды ашкан, Сындашпай сыйлашкан, Данакер куда керек. Баш кошкон теңдерге, Батасын бергенге, Данакер куда керек. Мага да ошол керек… Сизге да ошол керек… Адамга ошол керек…
  • Күттүм көп, жол карадым сен тараптан, Төгүлгөн жаанда калып, кечээ күттүм. Ушул жол мени жалгыз алпараткан, Бир кездеги тагдырыбыз экөөбүздүн. Күтүүдөн үмүт болуп жагылгамын, Күйүттү ырга айланткан тагдыр болдуң. Экөөбүз жаш чагына бөлөнмөкпүз, Өмүрдө бөлөк түшкөн биздин жолдор, Бөлөк түшкөн өмүрдө биздин жолдор. Күттүм көп, жол карадым сен тараптан, Төгүлгөн жаанда калып, кечээ күттүм. Ушул жол мени жалгыз алпараткан, Бир кездеги тагдырыбыз экөөбүздүн. Бөлөк түшкөн өмүрдө биздин жолдор, Бөлөк түшкөн турмушта биздин жолдор.