Казахские песни Узбекские песни

Песня «Апакем»
исполнителя Алтынай Нарбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Тентек элем, тилин албай апамдын
Ошол кезди эстегенде, капамын ээй.
Эмне мынча балалыгым тез кеттиң
Апакебай көздөн учат карааның.
Апаке, апаке колумдан келбейт
Колумдан келсе, жыйырма жашты
Берээр элем мен сага..

Бакыт балкып бакта гүлү жайнаган
Балалыкка булбул кушу сайраган.
Баргым келет, калгым келет апакем
Балтыр бешик бала болуп кайрадан.
Апаке, апаке колумдан келбейт
Колумдан келсе, жыйырма жашты
Берээр элем мен сага..

Ар ар кимдин аман болсун апасы
Апа жокто таттуу алма апачуу ээй.
Ойлой берем, отурсам да, турсам да
Көңүлүндө болбосо экен капасы.
Апаке, апаке колумдан келбейт
Колумдан келсе, жыйырма жашты
Берээр элем мен сага..

Другие песни исполнителя:

  • Кой тырынба, унутпаймын эсимдесиң, Комуз кылдай толгонуу сезимдесиң. Карап көрчү капалуу кабагымды, Кантип андан сагыныч сезилбесин. Ээ, ла,ла,лай. Көрсөмчү деп өзүңдү күйөт көзүм, Көпкө тиктеп турганды сүйөм өзүм. Бар экен да жүрөгүм, сенда барсың, Анткени сен ар дайым жүрөктөсүң. Ээ,ла,ла,лай. Жүрөктөшүм көңүлүмдүн өзүндөсүң,
  • Кызган мени, кызган, бирок билдирбе, Сынат чөлмөк миң күн эмес, бир күндө. Көңүл жиби — тыт көпөлөк тарткан жип, Үзүп алып, эки ортодо бүлдүрбө. Кызган мени, кызган, бирок билдирбе, Бирин-бири кызганбасын ким мүлдө. Капкайдагы жаман ойду ойлосоң, Акылыңдан адашасың бир күндө. Кызган мени, кызган, бирок билдирбе, Кур кызгансаң мени менен бир жүрбө. Эмне болуп кетер экен дегендер, Карап турат, мага аларды күлдүрбө.
  • Адамга биринчи өмүр керек, Экинчи адамга көңүл керек. Кем-карчын ойлоочу, Кыйналсаң колдоочу, Өмүрлүк жарың керек. Өзүңдү тандаган, Өмүрүн арнаган, Түбөлүк жарың керек. Адамга биринчи өмүр керек, Экинчи адамга көңүл керек. Отуңду жакканга, Оорутпай бакканга, Атага бала керек. Урпагын улаарга, Арка бел тутаарга, Атага бала керек. Адамга биринчи өмүр керек, Экинчи адамга көңүл керек. Ысык чай куйганга, Ийилип сунганга, Энеге келин керек. Казаның жакканга, Өз ордуң басканга, Энеге келин керек. Адамга биринчи өмүр керек, Экинчи адамга көңүл керек. Энем деп келгенге, Сырдашып кеткенге, Кыздарга төркүн керек. Кыйшайсаң таяган, Кыйналсаң аяган, Кыздарга төркүн керек. Адамга биринчи өмүр керек, Экинчи адамга көңүл керек. Кайгыңды бөлгөнгө, Кубанычың көргөнгө, Кыйышпас достор керек. Намыска бек болгон, Эл үчүн чеп болгон, Кыйышпас достор керек. Адамга биринчи өмүр керек, Экинчи адамга көңүл керек. Миң жылдык кырды ашкан, Сындашпай сыйлашкан, Данакер куда керек. Баш кошкон теңдерге, Батасын бергенге, Данакер куда керек. Мага да ошол керек… Сизге да ошол керек… Адамга ошол керек…
  • Билбедим булбул болуп таңшыдымбы, Бир гана сага арнагам таңкы ырымды. Мен анан күйүт күүсүн чалып калдым, Мээнитпей дил арзыган таңсыгымды. Ойлогом тартууласам жан сырымды, Ойготор махабатын жарчымынбы? Оюнга чалганымда арзуу-зарым, От тамбай, билдим анан алсызымды. Табышмак, турмуш жолу туруктуубу? Табышмак, жетмек беле туруктуулук? Өкүнтүп элесиңди өчпөс кылган, Өтмөкмүн махабатка кулдук уруп.
  • Ошол кеч эсте калды күзүңдөгү, Көргөндөн үмүтүм эч үзүлбөдү. Жүрөктү жүзгө бөлүп кетти окшойт, Жылдыздай уячалар жүзүңдөгү. Кайырма: Сиз мага ушунчалык жагасыз да, Көктөгү жылдыздардай жанасыз да Экөөбүз бир болбойбуз аттиң дүйнө, Жүрөктө арман болуп каласыз да. Жүргөндө жадап турмуш бардыгынан, Таберик болдуң окшойт тагдырымдан. Ээрчишип аалам кезип кетким келди, Аргасыз калдым жердин, аргасыз калдым жердин тардыгынан. Маңдайга ушундайды жазган окшойт, Көздөрүңүз күлүп турса сезим козгойт. Экөөбүз баратабыз эки жолдо, А менин жүрөгүмдө сүйүү боздойт.