Казахские песни Узбекские песни

Песня «Билбей калдым»
исполнителя Алтынай Нарбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ошол күнү кош айтыштык унчукпай,
Алыстадың карааныңды көрсөтпөй.
Толкуп-ташып кала бердим ага албай,
Из калтырып, соолуп калган өзөндөй.
Көрбөй калсам сагынам деп жазганың,
Жалган беле сүйөм деген каттарың?
Бүт өмүрдү ойрон кылып кеттиң го,
Көлгө айланды көздөн аккан жаштарым.
Өмүрүмдүн сенсиз аккан дайрасы,
Элестетет соолуп калган булакты.
Ойлобопмун муң-зар менен күтөм деп,
Эстен кеткис жаштык-жалын куракты.
Жан дүйнөмдү козгоп жүргөн сөздөрүң,
Билбептирмин баары жалган экенин.
Кайгы-муңду тартуу кылып өзүмө,
Билбей калдым кимди ээрчип кеткениң.

Другие песни исполнителя:

  • Биз төрөлгөн ошол үй базар болуп, Турчу эле го өзгөчө шаңга толуп. Азыр кайда бир тууган, асылдарым, Жүрөм баарың сагынып, куса болуп. Кайырма: Бир тууганым, таянар асылдарым, Аска-зоодой бел болор жакындарым. Карааныңар дем болот кайда жүрсөм, Амандыгың тилеймин баарыңардын. Биз чоңоюп, балалык артта калып, Ар кимибиз ар тарапка багыт алып. Азыр ата-эне болуп калгансыңар, Асыл жарлуу үй-бүлөдөн бакыт табып. Кайырма: Күндөр улам зымырап өтүп барат, Жүрөгүмдү сагыныч бөлүп-жарат. Сезимимди кусалык ээлеп алып, Жолугушар кезди күтүп жүрөм самап. Кайырма: Амандыгың тилеймин кымбаттарым.
  • Сыртта жамгыр нөшөрлөйт, Жашын тыйбайт, жашын тыйбайт. Өткөндү эстеп, сезимим сынып сыздайт, бүтпөй сыздайт. Айыбы жок жүрөктүн арманындай, арманындай Сен жөнүндө, сен жөнүндө эскерүү кандай азап, азап, азап. Гүлү эңсеп, көңүлдүн төрүндөгү, төрүндөгү Карай берем элеңдеп булуттарды, булуттарды Жүрөгүмдө жашынган балалыктай, балалыктай Жапжаш бойдон, жапжаш бойдон Жашынып сүйүп калдым, калдым, калдым Мүчүрлөнгөн жамгырдын муңдуу күүсүн, муңдуу күүсүн «Тыз» эткизет тымызын жүрөгүмдүн, жүрөгүмдүн Сапар тартып келемин жалгыз өзүм Сен жөнүндө, сен жөнүндө кайталап билгенимди, билгенимди Сен жөнүндө, сен жөнүндө кайталап билгенимди, билгенимди Иии-ииий, мммм-ммммм!
  • Атар таңым, кубанычым, үйдө кутум, Асыл жарым, ардагым, бакыт кушум. Өмүр бою жаркырап жанымда жүр, Өзүң барда мен үчүн дүйнө бүтүн. Кайырма: Сапарлашым, түгөйүм, сагынарым, Сүйгөн жарым, эрмегим, жалынарым. Мен карыйын түйшүгүң тартып жүрүп, Сен карыба, жан биргем, кагылайын. Бир өмүргө өзгөрбөс арчадайым, Бийиктеги жылдызым, бак-таалайым. Алдымда жүр жетелеп максаттарга, А мен болсо артыңдан акмалайын. Кайырма: Кудай кошкон жандоочум, сүйдүрөрүм, Угуп турчу, чынымды билдирейин. Сенин барың суранып Жараткандан, Сени менен түбөлүк бир жүрөйүн. Кайырма:
  • Алыстан бир сен үчүн келгенимди, Сыр кылып кызыл гүлдү бергенимди, Сен билген жоксуң. Ичимден сүйөмүн деп айтканымды, Үшкүрүп үйгө амалсыз кайтканымды, Сен билген жоксуң. Атыңды ак баракка жазганымды, Анардай кызыл өңдөн азганымды, Сен билген жоксуң. Үйүңдү жалжал карап күткөнүмдү, Көзүмдөн ысык жашты төккөнүмдү, Сен билген жоксуң. Түшүмдө сени менен жүргөнүмдү, Эзилип эркин ойноп- күлгөнүмдү, Сен билген жоксуң.
  • Андан бери жылдар алмашты, Кара чачты бубак кар басты. Сүрсө дагы мезгил мезгилди, Эстен кетпейт сүйүүм алгачкы. Күн чартылдап, булут түнөрүп, Үнсүз турдук сөздөр түгөнүп. Терс бурулдум көздөн жаш ыргып, Дегениңде «кош бол, түбөлүк». Жаштык оргуп нурлуу жүзүңдөн, Эрдиң таттуу ширин жүзүмдөн. Аралыктын баарын багынтып, Ар күн сайын көрөм түшүмдөн. Самайм бирге жүргөн күнүмдү, Уксам деймин назик үнүңдү. Сууйт колуң сурайм сунбагын, Эми мага кызыл гүлүңдү.