Казахские песни Узбекские песни

Песня «Таберигим»
исполнителя Алтынай Нарбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сыртта жамгыр нөшөрлөйт,
Жашын тыйбайт, жашын тыйбайт.
Өткөндү эстеп, сезимим сынып сыздайт,
бүтпөй сыздайт.
Айыбы жок жүрөктүн арманындай,
арманындай
Сен жөнүндө, сен жөнүндө эскерүү
кандай азап, азап, азап.

Гүлү эңсеп, көңүлдүн төрүндөгү,
төрүндөгү
Карай берем элеңдеп булуттарды,
булуттарды
Жүрөгүмдө жашынган балалыктай,
балалыктай
Жапжаш бойдон, жапжаш бойдон
Жашынып сүйүп калдым,
калдым, калдым

Мүчүрлөнгөн жамгырдын муңдуу күүсүн,
муңдуу күүсүн
«Тыз» эткизет тымызын жүрөгүмдүн,
жүрөгүмдүн
Сапар тартып келемин жалгыз өзүм
Сен жөнүндө, сен жөнүндө кайталап
билгенимди, билгенимди
Сен жөнүндө, сен жөнүндө кайталап
билгенимди, билгенимди
Иии-ииий, мммм-ммммм!

Другие песни исполнителя:

  • Эл ичинен озгөчөм ашык болуп Эске түшсөң мөлтүрөйм жашык болуп Бакыт издеп өзүңдү эңсеп келем Бала кезден жолуккан жашыл жоолук Кайырма: Эй жашыл жоолук Бала кезден жолуккан жашыл жоолук Жүрөгүмдү сага деп арнап коюп Жүрөмүн өзүм өзүмдү алдап коюп Жалындаган от болуп күйүп жанып Жүрөгүмдү сезбедиң жашыл жоолук Жазым жайым шуулдайт кайык болуп Жүрөмүн жалгыз бук болуп жашык болуп Жок дегенде жөн гана көңүл улап Жарк деп күлүп койсоңчу жашыл жоолук Кайгы тартам сен жоксуң алсыз болуп Калат дүйнө сезилбей жансыз болуп Карегиңден нур жанган жүрөгүмдү Кантып сага келатам жашыл жоолук
  • Андан бери жылдар алмашты, Кара чачты бубак кар басты. Сүрсө дагы мезгил мезгилди, Эстен кетпейт сүйүүм алгачкы. Күн чартылдап, булут түнөрүп, Үнсүз турдук сөздөр түгөнүп. Терс бурулдум көздөн жаш ыргып, Дегениңде «кош бол, түбөлүк». Жаштык оргуп нурлуу жүзүңдөн, Эрдиң таттуу ширин жүзүмдөн. Аралыктын баарын багынтып, Ар күн сайын көрөм түшүмдөн. Самайм бирге жүргөн күнүмдү, Уксам деймин назик үнүңдү. Сууйт колуң сурайм сунбагын, Эми мага кызыл гүлүңдү.
  • Кызган мени, кызган, бирок билдирбе, Сынат чөлмөк миң күн эмес, бир күндө. Көңүл жиби — тыт көпөлөк тарткан жип, Үзүп алып, эки ортодо бүлдүрбө. Кызган мени, кызган, бирок билдирбе, Бирин-бири кызганбасын ким мүлдө. Капкайдагы жаман ойду ойлосоң, Акылыңдан адашасың бир күндө. Кызган мени, кызган, бирок билдирбе, Кур кызгансаң мени менен бир жүрбө. Эмне болуп кетер экен дегендер, Карап турат, мага аларды күлдүрбө.
  • Тизилсем кайрат күүлөтүп, Теминсем алга сүрөөдүң, Кызым деп согот ар дайым, Ууздай таза жүрөгүң. Атакем ачык асманым, Каректей мени аярым, Чындыкты туудай туу туткан, Чыккан күн, сүргөн ак таңым. Төбөмдө жанган жылдызым, Төрүмдө толгон ырысым. Өмүрдө жайган ак өргөм, Өзүңсүз кантип жылысын. Атакем ачык асманым, Тумардай мени сактарым. Чындыкты туудай туу туткан, Чыккан күн сүргөн ак таңым. Алыска серпил кулачым, Ак сарай, кутум, кубатым Мээримиң төгүп мен үчүн, Мекеним болуп турасың. Атакем ачык асманым, Унутпайм берген батасын. Чындыкты туудай туу туткан, Чыккан күн сүргөн ак таңым. Атакем бүтпөс дастаным.
  • Саматып издээриң болгон жакшы, Сагынган кучагың толгон жакшы. Бактысыз турмушка басынганча, Баалаган жанга жар болгон жакшы. Кайырма: Жакшылык бактыга жетелетет, Жаштыка өмүрдү тетеп өтөт. Жакшыдан жан-дүйнөм азыктанып, Кусалуу көңүлдү көкөлөтөт. Кусалуу көңүлдү, армандуу өмүрдү көкөлөтөт. Сүйдүрүп издериң болгон жакшы, Сүйүүнүн суугуна тоңгон жакшы. Сүйбөгөн бирөөгө кор болгончо, Жакшыга жанашкан жолдор жакшы. Кайырма: Жакшылык бактыга жетелетет, Жаштыка өмүрдү тетеп өтөт. Жакшыдан жан-дүйнөм азыктанып, Кусалуу көңүлдү көкөлөтөт. Кусалуу көңүлдү, армандуу өмүрдү көкөлөтөт. Сырдашып бир жүргөн достор жакшы, Сыйлашып кармашкан колдор жакшы. Билбеске бирикпей кор болгончо, Билгендин бийиги болгон жакшы. Кайырма: Жакшылык бактыга жетелетет, Жаштыка өмүрдү тетеп өтөт. Жакшыдан жан-дүйнөм азыктанып, Кусалуу көңүлдү көкөлөтөт. Кусалуу көңүлдү армандуу өмүрдү көкөлөтөт.