Казахские песни Узбекские песни

Песня «МАИнин балдары»
исполнителя Алтынай Нарбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Болбосун деп, кырсык биздин жолдордо
Мейли сыртта, мейли калаа,борбордо.
Жан аябай жигиттери МАИнин
Коопсуздугун ошол жолдун коргоодо.

Кайырма:
Ысык-суукта, күнү-түнү күзөтүп
Айдоочунун жаңылганын түзөтүп.
Эл алдында берген антын акташып
Карегиндей ыйык жолду сакташып
Дайым даяр, МАИнин балдары!

Милдет өтөп, кызматы да жолдордо
Кээси ошол өмүр өтөт чоң жолдо.
Керек болсо, өз өмүрүн аябай
Биздин жолдор ишеничтүү колдордо.

Кайырма:
Ысык-суукта, күнү-түнү күзөтүп
Айдоочунун жаңылганын түзөтүп.
Эл алдында берген антын акташып
Карегиндей ыйык жолду сакташып
Дайым даяр, МАИнин балдары!

Мына бу жол ата-бабам баскан жол
Эчен кыя, ашууларды ашкан жол.
Ушул жолго тартип салган жигиттер
Элиң менен, жериң менен эсен бол!

Кайырма:
Ысык-суукта, күнү-түнү күзөтүп
Айдоочунун жаңылганын түзөтүп.
Эл алдында берген антын акташып
Карегиндей ыйык жолду сакташып
Дайым даяр, МАИнин балдары!

Другие песни исполнителя:

  • Күндөрү өтпөй кыштын, Сагындым жаздын жытын. Санааркап басып жүрөм, Сайрашын күтүп куштун. Кайырма: Агарган ак булуттар, Жашоого жамгыр сунаар. Сагындым жазым сени, Кабар бер жаштыгымдан. Жаштыгым кайрып берчи, Ак сүйүүм ала келчи, Жазым менин… Эңседим жазым сени, Эңседим назым сени. Көктөмүм көрүнчү эми, Көңүлүм үшүп кетти. Кайырма: Жаңы жаз бактым болчу, Күн күлүп айым толчу. Жанымды келээр жазым, Жан сүйөөр жанга кошчу. Кайырма:
  • Ошол кеч эсте калды күзүңдөгү, Көргөндөн үмүтүм эч үзүлбөдү. Жүрөктү жүзгө бөлүп кетти окшойт, Жылдыздай уячалар жүзүңдөгү. Кайырма: Сиз мага ушунчалык жагасыз да, Көктөгү жылдыздардай жанасыз да Экөөбүз бир болбойбуз аттиң дүйнө, Жүрөктө арман болуп каласыз да. Жүргөндө жадап турмуш бардыгынан, Таберик болдуң окшойт тагдырымдан. Ээрчишип аалам кезип кетким келди, Аргасыз калдым жердин, аргасыз калдым жердин тардыгынан. Маңдайга ушундайды жазган окшойт, Көздөрүңүз күлүп турса сезим козгойт. Экөөбүз баратабыз эки жолдо, А менин жүрөгүмдө сүйүү боздойт.
  • Менденби же сенденби, кимибизден? Сезимдер өчүп барат дилибизден. Адашып, атаганат, баратабыз, Арзышып араң тапкан сүйүүбүздөн. Кайран кез, кандай сонун убак эле, Сезимде эңсөө туруп турар эле. Сагынып, самап келсем сапарымдан, Саамайың саамал кымыз сыңар эле. Башатын махабаттын чандың беле? Байкабай капа кылып алдың беле? Болбосо жаш селкиге менден артык, Бой салып, ашык болуп калдың беле? Көңүлдүн муз төрүнө бара электе, Көздөн жаш көл-шал болуп ага электе. Жаркыным, суу куя көр сезимдерге Тамыры такыр кургап кала электе.
  • Күтүүгө жүрөгүм арнасам дейм, Кусалык азабын ар качан жейм. Күлүктөй чуркаган күндөрүмдө, Мен сизди таарынтып албасам дейм. Жарыгын сезимдин кармасам дейм, Жан дүйнө азабын ар качан жейм. Мейли эле өзүмдү аябасам, Мен сизди оорутуп албасам дейм. Өзгөнүн чаңында калбасам дейм, Өрт сүйүү азабын ар качан жейм. Өмүрдө, жашоодо бир болууга, Өзүмдү бир сизге арнасам дейм. Айта албай чын сырды калбасам дейм, Арзуудан азапты ар качан жейм. Мезгилден кечиккен тагдырымда, Мен сизди жоготуп албасам дейм. Мен сизди оорутуп албасам дейм.
  • Күттүм көп, жол карадым сен тараптан, Төгүлгөн жаанда калып, кечээ күттүм. Ушул жол мени жалгыз алпараткан, Бир кездеги тагдырыбыз экөөбүздүн. Күтүүдөн үмүт болуп жагылгамын, Күйүттү ырга айланткан тагдыр болдуң. Экөөбүз жаш чагына бөлөнмөкпүз, Өмүрдө бөлөк түшкөн биздин жолдор, Бөлөк түшкөн өмүрдө биздин жолдор. Күттүм көп, жол карадым сен тараптан, Төгүлгөн жаанда калып, кечээ күттүм. Ушул жол мени жалгыз алпараткан, Бир кездеги тагдырыбыз экөөбүздүн. Бөлөк түшкөн өмүрдө биздин жолдор, Бөлөк түшкөн турмушта биздин жолдор.