Казахские песни Узбекские песни

Песня «Оштук кызга»
исполнителя Майрамбек Осмонов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Айылыңа капыстан барып калдым,
Көрөр замат көңүлгө жагып калдың.
Ырдап жатсам гүл сунуп чыгып келдиң,
Ошол бойдон каректе калып калдың.
Кайырма:
Кылыктанып кылчайып күлүп койдуң,
Сүйөрүңдү көзүңдөн билип койдум.
«Сезбей кетти сүйүүмдү» дебесин деп,
Мен да сени жалт карап күлүп койдум.
Ошол күнү уктабай ойгоо жаттым,
Ооналактап тынымсыз ойго баттым.
Көптөн бери жүрөгүм эңсеп жүргөн,
Ак сүйүүмдү акыры Оштон таптым.
Кайырма:
Кыялымда дайыма жанымдасың,
Өмүр бою издесем табылбасым.
Ортобузда чын эле сүйүү болсо,
Кадырыңа жетейин, карындашым.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Келин алдык сүйүнчү бизде жанылык Шаңдуу күлкү коштосун ырлар жаңырып Кудай кошкон кудалар төргө өткүлө Жакшы күндөр көп болсун суудай агылып Кайырма: Алысты жакын кылган кыздар экен Зоолорду сулуу кылган куштар экен Босого аттап мына куда болдук Бизде бала силерде кыз бар экен Чын жүрөктөн күткөнбүз кана келгиле Болсун дедик бул тойго бүгүн эл күбө Биз силерди коргөндө абдан сүйүндүк Бешик тойдо чогулсак дейли эмкиде Куда болдук силердей асыл жандарга Ыйман берсин үйлөнгөн биздин балдарга Өмүр өтүп кеткиче сыйда жүрөлү Биз кубанып турабыз келин алганга Бактылуу болгула талаайлуу болгула
  • А, дегенде жакты басканың, Анан айдай чийме каштарың. Сени гана эңсеп жүрөгүм, Сага көңүл бура баштадым. Кайырма: Сүйлөбөдүм сага, сүрдөдүм, Сүйүп калганымды билбедиң. Алгач сени көргөн мезгилде, Бул татына сулуу ким дедим. Айта албадым сенден сүрдөдүм, Ашык болгонумду билбедиң, Айдай сулуу Асел, Аселим, Болсо керек сенин сүйгөнүң. Сендей кызды издеп самагам, Болсом деймин сенин жан агаң. Кычыраган кышта көрсөм да, Жайдай болгон менин садагам. Кайырма: Бийлеп жаттың бирок барбадым, Өзүмдү-өзүм кой деп кармадым. Эгер сени издеп таба алсам, Жолукканда айтам калганын. Кайырма: