Казахские песни Узбекские песни

Майрамбек Осмонов.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Майрамбек Осмонов

  • Күлкүң сонун жаш толкундун шаңындай, Жылмайганың кең жайлоонун таңындай. Жаным бирге, сенсиң сүйүү булагы, Бүт жылуулук берип турган жалындай. Кайырма: Мунара, Мунара, Мунара, Мунара, ойлончу калбай убалга. Мунара, Мунара, Мунара, Мунара, аячы, берчи убада. Элестейт көз алдыма, Колтуктап мени басканың, Алкымдан жыттап анан да, Эрдиңден сүйүп жатканым. Бассаң-турсаң көзгө сүйкүм элесиң, Ак шооладай жарык нурун бересиң. Керемет күч мен тарапка тартылып, Көлдүн көркү ак куу болуп келесиң. Кайырма: Күндө жаңы жашоо-турмуш агылып, Жан дүйнөмдөн түркүн гүлдөр ачылып. Бир өзүңө арзуум артып баратат, Сен сагынсаң мен да сени сагынып. Кайырма:
  • Кайыңдар, шамал уруп, бороон уруп, Шуулдасаң, мен да кошо улутунуп. Качанкы сезимдерди эске салдың, Каректе бара жаткан унутулуп. Кайыңдар, өзүң гана калыс элең, Мен анда кекчилдиктен алыс элем. Баарына бариктериң күбө болуп, Бакыттын байтереги жалгыз элең. Далдаңда далай түндү узатчу элем, Саамайым сага гана сылатчу элем. Кайыңдар неге бүгүн тунжурашат, Бир кезде төлгө кылып, сыр айтчу элем. Унутуп көп баригин кайың калды, Унутуп ак кайыңын айыл калды. Мен гана жалгыз сени унута албай, Аралап басып келем кайыңдарды.
  • Биз досбуз достукту ардактаган Байлыкка бийликке алмашпаган Ишенич жылуу сөз так мамиле Ошондон башталган алгачкы кадам Кайырма: Жарашып жүрөбүз жаркылдап күлөбуз эй достор Жакшы өмүр сүрөбүз ишке ашсын мүдөбүз эй достор Өксүбөй өтөлү өмүрдө түз жашап Алдыда эчен жол ар дайым эсен бол эй достор Айттырбай оюңду билип турган Акыйкат достордо бийик турган Кээде түгөнүп түтөгөндө Жалындап жаныңда күйүп турган Жол тапкан дайыма кысталыштан Кыйындык күндөрдө куткарышкан Күнү — түн турабыз сыноолорго Мейличи ай мейли кыш ызгар учкан
  • Аккан суум акпай калды, Меникиндей арман барбы? Кошулмак чоң дайрага, Адашып таппай калды. Менмин деген сулуулар бар, Жүрөгүм тартпай калды. Тарсылдап соккон жүрөк, Айла жок жашка айланды. Кайырма: Бугумду ырдайынчы, Арманым батпай калды. Көңүлсүз мындай жашоо, Көөнүмө жакпай калды. Кадамым баспай калды, Канча жол артта калды? Өзүң деп соккон жүрөк, Башкага чаппай калды. Жаздыгым жалгыз калды, Жаштыктанбы же мастыктанбы? Түз жолдон мүдүрүлдүм, Шайтандар азгырганбы? Күндөр өтөт сызган куштай, Каларбыз сыздап-сыздай. Ажыратмак болсоң кайра, Неге коштуң бизди, Кудай? Кайырма: Кош болгун, карлыгачым, Ооруба, карыбагын. Кусалык жанга батты, Кыйналып сагынамын. Ажырадың ардагыңдан, Өкүнүп кайгырбагын. Турмуштун жолу татаал, Эмки жолу жаңылбагын. Кайырма:
  • Аксы Аксы Аксы жакшы Төрөлүп өскөн жерим Ашчы ашчы кучагыңды Эркелеп өтсөм деймин Аксы Аксы жайлооң жакшы Сагындым бозду жакты Келгим келет көргүм келет Мейли күздү жайлоо жазды Кайырма: Сулуулук көркүңө суктанамын Тоолукшуп көзүмө туш тарабың Өзүңдү бир келип көрмөйүнчө Тыңшалып тыңшалып тыңшалып уктабадым Аксы Аксы билбей турам Айтчу сөз кетеримди Бирок билем акыр сага Айланып келеримди Аксы Аксы кары жашы Мейман дос ашырышкан Жакшы жагын элге айтып Жаманын жашырышкан Атчы атчы таңым атчы Балалык кездегидей Куса болдум сагындым го Болдум го эңсегидей Айтчы айтчы биз өзгөрдүк Неге сен өзгөрбөйсүң Пейилиңден мээримиңден Таптакыр өзгөрбөйсүң
  • Тамырларга жылуулук келип кайра. Тай кунандай туйлашат суулар сайда. Ар-бир үйгө тартуулап тазалыкты. Ар-бир жанга кол сунат нооруз майрам. Кайырма: Алас-алас-алас, ар балээден калас. Эски жыл-кетти, жаны-жыл келди. Жакшылыкка жар бол, Кырман толо дан бол. Алас-алас-алас, ар балээден калас. Сүмөлөк-сүмөлөк- сүмөлөк жегиле. Ак бата-ак бата-ак бата бергиле. Бак тиккен багбанга, баба дыйканга. Жана да-жана да-жана-да менин эргүүмө. Саманчынын жолундай сабын бузбай. Айлар өтүп жыл толуп келди кайра. Ала-Тоонун ичине айылыма. Ар улуттун өзүндөй нооруз майрам. Кайырма: Калкым күтүп кубанат кабагына. Чаң жукпасын таптаза кабагына. Ак тилектей айылыма кел ноорузум. Аппак шоола төгүлсүн кадамыңа.
  • Карегимди жашы кылып жамгырдын, Канча күттүм арасында ай-жылдын. Какшап жетпей калганымды билсең да, Карааныңды бир көрүүгө зар кылдың. Кайырма: Ажыратты бизди мезгил ташкыны, Айыкпаган жүрөктөгү дартпы бул? Мен бактылуу боло албадым, кантейин, Сен өзүңдү сезсең болду бактылуу. Сагындырган гүлүн көздөй бара албай, Сай да бир күн соолуйт экен ага албай. Санаа менен таң атырып келатам, Сага окшош бир да жылдыз таба албай. Кайырма: Адам жоктур бул жашоодо сүйбөгөн, Ашыктыктын азабына күйбөгөн. Мейкиндеги кош сызыктай биз эми, Бир кездешпей өтөбүзбү дүйнөдөн? Кайырма:
  • Бийик бирдей өскөн кош терек Турасың боюң көк тиреп Кылымдап өсүп турасың Ким тиккен качан ким билет Үч терек үч терек Жаш кез анда күч керек Жаратканым ыроологон бизге деп Шамал болсо сүйлөгөндөй бутактарың бийлегендей Ошол күндү ошол саатты күтчү элек Сагынып дайым турабыз Түшүмө кирет кырааңыз Булганса ойлор кегетет Өзүңө келип тунабыз Үч терек үч терек Бактылуубуз биз демек Көркүң бизге дайым кубат күч берет Бир да жолу жеңилбеген Деңиздей пейли кенен Карааныңдан кагылайын үч терек Эмгеги элге жайылган Эчендер чыккан айылдан Касиеттүү Кампа атабыз Сый-урматка алынган
  • Бүгүн мен сени эстедим, сени эстедим, Жолуксам айтып берем себептерин Жаштыгым кеткичекти, өмүрүм өткүчөктү Бул сезим аба-суудай керек дедим. Өрттөдүң жүрөгүмдүн бары-жогун Жолу бар кантип аны дарылоонун. Айыкпайм башкалардан, жок калды башка аргам. Билемин сенден бөлөк дары жогун. Билбеймин кайдан сени табарымды, Билдирип койсоң боло кабарыңды. Көздү албай тиктесем дейм, Ыр жазып бүтпөсөм дейм, Сагындым жароокерим жамалыңды…
  • Айылыңа капыстан барып калдым, Көрөр замат көңүлгө жагып калдың. Ырдап жатсам гүл сунуп чыгып келдиң, Ошол бойдон каректе калып калдың. Кайырма: Кылыктанып кылчайып күлүп койдуң, Сүйөрүңдү көзүңдөн билип койдум. «Сезбей кетти сүйүүмдү» дебесин деп, Мен да сени жалт карап күлүп койдум. Ошол күнү уктабай ойгоо жаттым, Ооналактап тынымсыз ойго баттым. Көптөн бери жүрөгүм эңсеп жүргөн, Ак сүйүүмдү акыры Оштон таптым. Кайырма: Кыялымда дайыма жанымдасың, Өмүр бою издесем табылбасым. Ортобузда чын эле сүйүү болсо, Кадырыңа жетейин, карындашым. Кайырма:
  • Жасап алып ак сүйүүнүн уясын, Ал даракта неге жалгыз турасың? Суу жетпеген куурап калган даракта, Өмүр бою кантип оокат кыласың? Кайырма: Канча жолу кел деп ырдап, сыздадым? Канча жолу акыл айттым, укпадың. Же болбосо көгүчкөнгө окшоп сен, Мени көздөй канат кагып учпадың. Жалгызсырап эстейсиңби өткөндү? Жаман болду сүйүүбүздүн өчкөнү. Чагылгандай бир жарк этип көрүнүп, Же жамгырдай бир себелеп өтсөмбү? Кайырма: Сага барчу тор тосулган жолума, Түшүп калгам башка адамдын колуна. Сага окшоп уя жасап алганмын, Бүчүрү бар бир дарактын бооруна.
  • «Жан кызым» деп мен колуңдан жетелеп, «Апакелеп» куурчак ойноп секелек. Ар нерсени сурай берген божурап, Кыз болчусуң, чачы өрүмгө жетелек. Кайырма: Мейли кызым барагой, Бактыңды издеп табагой. Айдай болуп жаркырап, Жылдыз болуп жанагой. Ак жол кызым барагой, Бактыңды издеп табагой. А, дегенде, ай кызым, Кайненеңе жагагой. Алыш үчүн апакеңдин мурасын, Чоң турмушка аттанганы турасың. Адебиңе, алган жарың арзысын, «Кайсыл жердин кызы экен?» деп, сурасын. Кайырма: Ак жолтой бол, алганыңа терең бол, Кабак түйбөй, кайын журтка кенен бол. Турмуш кандай көрсөтсө да сыноосун, Жарың менен бардыгына белен бол. А, дегенде, ай кызым, Кайненеңе жагагой. Андан кийин ай кызым, Кайнатаңа жагагой. Кайын журтка жагагой.
  • Көргүм келип күндө сени, Көңүл эңсеп, самаймын. Үмүтүмдү үзө албай, Келчү жолуң караймын. Колумдагы кызыл гүлүм, Ал да сени күткөнсүйт. Өмүр бою сени сүйүп, Күтүүгө мен жараймын Кайырма: Өмүрлүү бол, өксүбөгүн, Бакыт гүлүн тере бер. Көбөйсө экен жүрөктөгү, Сүйүү баскан желелер. Мөлтүрөгөн көздөрүңдөн, Мен садага болоюн. Бир да сулуу кыз көрбөдүм, Бир өзүңө теңелер. Сөздөрүңдү уккум келип, Күлгөнүңдү сагынам. Жарашасың, төп келесиң, Мага бардык жагынан. Сен да мени сагынасың, Күндө бир маал жол карап. Жакшы көрөм, жакшы көрөм, Сени, жаным, баарынан. Кайырма: Ачык айтчы, жашырбачы, Болбоймунбу убара? Арманыма арман улап, Ары көздөй улаба. Ак сүйүүмдү ыраа көрбөйм, Бир өзүңдөн башкага. Өмүр бою бир болом деп, Берем сага убада. Кайырма: