Казахские песни Узбекские песни

Песня «Арман»
исполнителя Майрамбек Осмонов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Аккан суум акпай калды,
Меникиндей арман барбы?
Кошулмак чоң дайрага,
Адашып таппай калды.
Менмин деген сулуулар бар,
Жүрөгүм тартпай калды.
Тарсылдап соккон жүрөк,
Айла жок жашка айланды.
Кайырма:
Бугумду ырдайынчы,
Арманым батпай калды.
Көңүлсүз мындай жашоо,
Көөнүмө жакпай калды.
Кадамым баспай калды,
Канча жол артта калды?
Өзүң деп соккон жүрөк,
Башкага чаппай калды.
Жаздыгым жалгыз калды,
Жаштыктанбы же мастыктанбы?
Түз жолдон мүдүрүлдүм,
Шайтандар азгырганбы?
Күндөр өтөт сызган куштай,
Каларбыз сыздап-сыздай.
Ажыратмак болсоң кайра,
Неге коштуң бизди, Кудай?
Кайырма:
Кош болгун, карлыгачым,
Ооруба, карыбагын.
Кусалык жанга батты,
Кыйналып сагынамын.
Ажырадың ардагыңдан,
Өкүнүп кайгырбагын.
Турмуштун жолу татаал,
Эмки жолу жаңылбагын.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Күн нуру батып күүгүмдөп, Үйлөрдө чырак бүлбүлдөп. Уйларын сааган энелер, Дасторкон жаят күлүңдөп. Кайырма: Айылды каптап караңгы, Ай, жылдыз ээлеп ааламды. Тындырып барат түнкү убак, Түйшүгүн арткан заманды. Азайып элдин агымы, Карайып көчө жарыгы. Уйкуга чөгүп баратат Тынчы жок турмуш кайыгы. Кайырма: Айылды каптап караңгы, Ай, жылдыз ээлеп ааламды. Тындырып барат түнкү убак, Түйшүгүн арткан заманды. Эс алуу үчүн жаталы, Эске албай кайгы-капаны. Эсен-соо өтсүн түнүбүз, Жараткан берип батаны. Кайырма: Караңгы улам коюлап, Жатууга достор, болду убак. Түнүңөр бейпил болсун деп, Калалы биз да кол булгап.
  • Айланасын тоолор курчаган, Кайда барсам эстен чыкпаган. Биздин айыл жердин сулуусу, Жылда барсам, жылда суктанам. Кайырма: Биздин айыл – биздин сүйүүбүз, Береке көп, толо үйүбүз. Айланайын, менин айылым, Түбөлүк сага калат сүйүүбүз. Шыңгыраса тоонун булагы, Көңүлүмдүн канат кумары. Ыйык туткан биздин айылдын, Өчпөсө экен дайым чырагы. Кайырма: Ыйыктыгың сенин билемин, Сүттөй таза сага тилегим. Алыс жакта иштеп жүрсөм да, Сен деп согот дайым жүрөгүм. Кайырма: