Казахские песни Узбекские песни

Песня «сүйдүм чок»
исполнителя Майрамбек Осмонов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Өмүрдү арнайт десем,
Өңүмдү саргайттың сен.
Ый болбой тагдырыма,
Ыр бойдон калбайт белең.

Бардыгын кечирчи деп,
Барбаймын экинчи ирет.
Ак сүйүү ыйлайт мага,
Атасыз жетимсиреп.

Гүл өмүр сынбайт дегем,
Өзүңө сунбайт белем.
Жоо болбой бир көзүмө.
Тоо бойдон турбайт белең.

Кечирчи, кечирчи деп,
Келбегин экинчи ирет.
Ак сүйүү ыйлайт сага,
Атасыз жетимсиреп.

Бейкапар күлбөйт белек,
Бирге өмүр сүрбөйт белек.
Түн болбой жылдызы жок,
Күн бойдон жүрбөйт белек.

Күтсөк да кечирчи деп,
Гүлдөбөйт экинчи ирет.
Ак сүйүү ай талаада,
Армандуу жетимсиреп.

Кечирчи, кечирчи деп,
Келбегин экинчи ирет.
Ак сүйүү ыйлайт мага,
Апасыз жетимсиреп.

Барбаймын экинчи ирет…
Келбегин экинчи ирет…

Другие песни исполнителя:

  • Саматып издериң болгон жакшы, Сагынган кучагың толгон жакшы. Бактысыз турмушка басынганча, Баалаган жанга жар болгон жакшы. Кайырма: Жакшылык бактыга жетелетет, Жаштыкка өмүрдү тетелетет. Жакшыдан жан дүйнөң азыктанып, Кусалуу көңүлдү көкөлөтөт, Кусалуу көңүлдү, армандуу өмүрдү көкөлөтөт. Сүйдүрүп издээриң болгон жакшы, Сүйүүнүн суугуна тоңгон жакшы. Сүйбөгөн бирөөгө кор болгончо, Жакшыга жанашкан жолдор жакшы. Кайырма: Сырдашар курдашың болгон жакшы, Сыйлашып кармашкан колдор жакшы. Билбеске бирикпей кор болгончо, Билгендин бийиги болгон жакшы.
  • Туулган жерим, ыйыгымсың бабам баскан, Баары-жогун бирдей көрүп, бирдей баккан. Шамалыңа көкүл сылап эркелетсең, Ызгаарда ороп чулгап, коюн каткан. Канатыңа калкалай бер балдарыңды, Баары бир айтпайсың сен арманыңды. Тээ алыста жүргөндөр көп сагынышып, Жакын туруп кабар албай калбадымбы. Жаралагандан жанып турган жарыгымсың, Аталардан калган өзөк, тамырымсың. Кубат кетип, алдай тайып турганымда, Гүл азык болуп берчү азыгымсың. Канатыңа калкалай бер балдарыңды, Баары бир айтпайсың сен арманыңды. Тээ алыста жүргөндөр көп сагынышып, Жакын туруп кабар албай калбадымбы. Сырын сактап, сының сактап, өмүр улап, Жылдар эмес кылым өтөөр убап-чубап, Сурай албай калсам дагы абалыңды, Сен турарсың урпактардан абал сурап. Канатыңа калкалай бер балдарыңды, Баары бир айтпайсың сен арманыңды. Тээ алыста жүргөндөр көп сагынышып, Жакын туруп кабар албай калбадымбы.
  • А, дегенде жакты басканың, Анан айдай чийме каштарың. Сени гана эңсеп жүрөгүм, Сага көңүл бура баштадым. Кайырма: Сүйлөбөдүм сага, сүрдөдүм, Сүйүп калганымды билбедиң. Алгач сени көргөн мезгилде, Бул татына сулуу ким дедим. Айта албадым сенден сүрдөдүм, Ашык болгонумду билбедиң, Айдай сулуу Асел, Аселим, Болсо керек сенин сүйгөнүң. Сендей кызды издеп самагам, Болсом деймин сенин жан агаң. Кычыраган кышта көрсөм да, Жайдай болгон менин садагам. Кайырма: Бийлеп жаттың бирок барбадым, Өзүмдү-өзүм кой деп кармадым. Эгер сени издеп таба алсам, Жолукканда айтам калганын. Кайырма:
  • Менде бар сезим сенде бар Сезбеген аны пенде бар Сен деле сезип жүрөсүң Сезимден ысык эмне бар Эч кимден алып көчүрбөй Эпкини эрте өчүрбөй Эңсеген сүйүүм жаш кезден Өзүңдөй болчу өзүңдөй Менде бар сенде болсо экен Көңүлдөр бирге толсо экен Көргөндө мени сен дагы Көңүлү да учуп консо экен Отуна чыдап түтө албай Ойлогон ойду бүтө албай Асманга учам дагы эле Айланып жерге түшө албайм Менде бар сезим сенде бар Сезбеген аны пенде бар Сен деле сезип жүрөсүң Сезимден ысык эмне бар Өмүрдү сүрдүк экөөлөп Өйдө бир төмөн ынтыгып Азыр да сени көргөндө Асманда учам көкөлөп Эч кимден алып көчүрбөй Эпкини эрте өчүрбөй Эңсеген сүйүүм жаш кезден Өзүңдөй болчу өзүңдөй