Казахские песни Узбекские песни

Песня «Карачал бай»
исполнителя Майрамбек Осмонов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Көргүм келип күндө сени, Көңүл эңсеп, самаймын. Үмүтүмдү үзө албай, Келчү жолуң караймын. Колумдагы кызыл гүлүм, Ал да сени күткөнсүйт. Өмүр бою сени сүйүп, Күтүүгө мен жараймын Кайырма: Өмүрлүү бол, өксүбөгүн, Бакыт гүлүн тере бер. Көбөйсө экен жүрөктөгү, Сүйүү баскан желелер. Мөлтүрөгөн көздөрүңдөн, Мен садага болоюн. Бир да сулуу кыз көрбөдүм, Бир өзүңө теңелер. Сөздөрүңдү уккум келип, Күлгөнүңдү сагынам. Жарашасың, төп келесиң, Мага бардык жагынан. Сен да мени сагынасың, Күндө бир маал жол карап. Жакшы көрөм, жакшы көрөм, Сени, жаным, баарынан. Кайырма: Ачык айтчы, жашырбачы, Болбоймунбу убара? Арманыма арман улап, Ары көздөй улаба. Ак сүйүүмдү ыраа көрбөйм, Бир өзүңдөн башкага. Өмүр бою бир болом деп, Берем сага убада. Кайырма:
  • Ош кандай сонун Ош, Ош баардыгынан кооз. Суктанам керемет көркөмүңө, Кубанам мен сени көргөнүмө. Аярлап чачымдан сылап шамаал, Айлымдай мен сага көнгөнүмө. Кайырма: Болсоңуз бош келип кет дос, Эң ыйык сулуу шаар Ош. Келңиз кош, келип кет дос. Эң ыйык сулуу шаар Ош. Ош ак-жолтоюм Ош, Ош ак жүрөгүм Ош. Ар күнү атылган аппак таңым, Аманда табылбас таалай багым. Байырлап өзүңө келгенимде, Бактысын ачкансың далайлардын. Кайырма: Ош эң байыркы Ош, Ош эл байлыгы Ош. Өзүңсүң меймандос пейли кенен, Жок дебей баардыгына мейли деген. Өмүрүм өткөнчө сыймыктанам, Өркүндөп өсөбүз сени менен. Кайырма:
  • Тамырларга жылуулук келип кайра. Тай кунандай туйлашат суулар сайда. Ар-бир үйгө тартуулап тазалыкты. Ар-бир жанга кол сунат нооруз майрам. Кайырма: Алас-алас-алас, ар балээден калас. Эски жыл-кетти, жаны-жыл келди. Жакшылыкка жар бол, Кырман толо дан бол. Алас-алас-алас, ар балээден калас. Сүмөлөк-сүмөлөк- сүмөлөк жегиле. Ак бата-ак бата-ак бата бергиле. Бак тиккен багбанга, баба дыйканга. Жана да-жана да-жана-да менин эргүүмө. Саманчынын жолундай сабын бузбай. Айлар өтүп жыл толуп келди кайра. Ала-Тоонун ичине айылыма. Ар улуттун өзүндөй нооруз майрам. Кайырма: Калкым күтүп кубанат кабагына. Чаң жукпасын таптаза кабагына. Ак тилектей айылыма кел ноорузум. Аппак шоола төгүлсүн кадамыңа.
  • Өмүрдү арнайт десем, Өңүмдү саргайттың сен. Ый болбой тагдырыма, Ыр бойдон калбайт белең. Бардыгын кечирчи деп, Барбаймын экинчи ирет. Ак сүйүү ыйлайт мага, Атасыз жетимсиреп. Гүл өмүр сынбайт дегем, Өзүңө сунбайт белем. Жоо болбой бир көзүмө. Тоо бойдон турбайт белең. Кечирчи, кечирчи деп, Келбегин экинчи ирет. Ак сүйүү ыйлайт сага, Атасыз жетимсиреп. Бейкапар күлбөйт белек, Бирге өмүр сүрбөйт белек. Түн болбой жылдызы жок, Күн бойдон жүрбөйт белек. Күтсөк да кечирчи деп, Гүлдөбөйт экинчи ирет. Ак сүйүү ай талаада, Армандуу жетимсиреп. Кечирчи, кечирчи деп, Келбегин экинчи ирет. Ак сүйүү ыйлайт мага, Апасыз жетимсиреп. Барбаймын экинчи ирет… Келбегин экинчи ирет…