Казахские песни Узбекские песни

Песня «ош»
исполнителя Майрамбек Осмонов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ош кандай сонун Ош,
Ош баардыгынан кооз.
Суктанам керемет көркөмүңө,
Кубанам мен сени көргөнүмө.
Аярлап чачымдан сылап шамаал,
Айлымдай мен сага көнгөнүмө.

Кайырма:
Болсоңуз бош келип кет дос,
Эң ыйык сулуу шаар Ош.
Келңиз кош, келип кет дос.
Эң ыйык сулуу шаар Ош.

Ош ак-жолтоюм Ош,
Ош ак жүрөгүм Ош.
Ар күнү атылган аппак таңым,
Аманда табылбас таалай багым.
Байырлап өзүңө келгенимде,
Бактысын ачкансың далайлардын.

Кайырма:

Ош эң байыркы Ош,
Ош эл байлыгы Ош.
Өзүңсүң меймандос пейли кенен,
Жок дебей баардыгына мейли деген.
Өмүрүм өткөнчө сыймыктанам,
Өркүндөп өсөбүз сени менен.

Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • А, дегенде жакты басканың, Анан айдай чийме каштарың. Сени гана эңсеп жүрөгүм, Сага көңүл бура баштадым. Кайырма: Сүйлөбөдүм сага, сүрдөдүм, Сүйүп калганымды билбедиң. Алгач сени көргөн мезгилде, Бул татына сулуу ким дедим. Айта албадым сенден сүрдөдүм, Ашык болгонумду билбедиң, Айдай сулуу Асел, Аселим, Болсо керек сенин сүйгөнүң. Сендей кызды издеп самагам, Болсом деймин сенин жан агаң. Кычыраган кышта көрсөм да, Жайдай болгон менин садагам. Кайырма: Бийлеп жаттың бирок барбадым, Өзүмдү-өзүм кой деп кармадым. Эгер сени издеп таба алсам, Жолукканда айтам калганын. Кайырма:
  • Туулган жерим, ыйыгымсың бабам баскан, Баары-жогун бирдей көрүп, бирдей баккан. Шамалыңа көкүл сылап эркелетсең, Ызгаарда ороп чулгап, коюн каткан. Канатыңа калкалай бер балдарыңды, Баары бир айтпайсың сен арманыңды. Тээ алыста жүргөндөр көп сагынышып, Жакын туруп кабар албай калбадымбы. Жаралагандан жанып турган жарыгымсың, Аталардан калган өзөк, тамырымсың. Кубат кетип, алдай тайып турганымда, Гүл азык болуп берчү азыгымсың. Канатыңа калкалай бер балдарыңды, Баары бир айтпайсың сен арманыңды. Тээ алыста жүргөндөр көп сагынышып, Жакын туруп кабар албай калбадымбы. Сырын сактап, сының сактап, өмүр улап, Жылдар эмес кылым өтөөр убап-чубап, Сурай албай калсам дагы абалыңды, Сен турарсың урпактардан абал сурап. Канатыңа калкалай бер балдарыңды, Баары бир айтпайсың сен арманыңды. Тээ алыста жүргөндөр көп сагынышып, Жакын туруп кабар албай калбадымбы.
  • Дарактын жалбырагын самагандай Күн санап күтүп келем көрүнбөйсүң Булуттан чыга калчу жарыгымдай Бурганак ойлорумдан бөлүңбөйсүң Кайырма: Күтөмүн күтөмүн эч чарчабай Сен гана бакытымдай сезилесиң Агарса мейли агарсын бир чач калбай Күтүү бакыт күтө берем кезигерсиң Окшошбуз карап турсам өзүмдөсүң Мен үчүн балалык кезимдейсиң Мерезиң болсо эгер аска тоодой А өзүң карегимсиң көзүмдөйсүң Үмүтүм бар алоолонуп жалындаган Кыялым бар сүйсө дагы жалынбаган Күттүргөндү жакшы көргөн жан окшойсуң Ичке катып сыртына жарылбаган
  • Бүгүн мен сени эстедим, сени эстедим, Жолуксам айтып берем себептерин Жаштыгым кеткичекти, өмүрүм өткүчөктү Бул сезим аба-суудай керек дедим. Өрттөдүң жүрөгүмдүн бары-жогун Жолу бар кантип аны дарылоонун. Айыкпайм башкалардан, жок калды башка аргам. Билемин сенден бөлөк дары жогун. Билбеймин кайдан сени табарымды, Билдирип койсоң боло кабарыңды. Көздү албай тиктесем дейм, Ыр жазып бүтпөсөм дейм, Сагындым жароокерим жамалыңды…
  • Тамырларга жылуулук келип кайра. Тай кунандай туйлашат суулар сайда. Ар-бир үйгө тартуулап тазалыкты. Ар-бир жанга кол сунат нооруз майрам. Кайырма: Алас-алас-алас, ар балээден калас. Эски жыл-кетти, жаны-жыл келди. Жакшылыкка жар бол, Кырман толо дан бол. Алас-алас-алас, ар балээден калас. Сүмөлөк-сүмөлөк- сүмөлөк жегиле. Ак бата-ак бата-ак бата бергиле. Бак тиккен багбанга, баба дыйканга. Жана да-жана да-жана-да менин эргүүмө. Саманчынын жолундай сабын бузбай. Айлар өтүп жыл толуп келди кайра. Ала-Тоонун ичине айылыма. Ар улуттун өзүндөй нооруз майрам. Кайырма: Калкым күтүп кубанат кабагына. Чаң жукпасын таптаза кабагына. Ак тилектей айылыма кел ноорузум. Аппак шоола төгүлсүн кадамыңа.