Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сезим»
исполнителя Майрамбек Осмонов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бүгүн мен сени эстедим, сени эстедим,
Жолуксам айтып берем себептерин
Жаштыгым кеткичекти, өмүрүм өткүчөктү
Бул сезим аба-суудай керек дедим.
Өрттөдүң жүрөгүмдүн бары-жогун
Жолу бар кантип аны дарылоонун.
Айыкпайм башкалардан, жок калды башка аргам.
Билемин сенден бөлөк дары жогун.
Билбеймин кайдан сени табарымды,
Билдирип койсоң боло кабарыңды.
Көздү албай тиктесем дейм,
Ыр жазып бүтпөсөм дейм,
Сагындым жароокерим жамалыңды…

Другие песни исполнителя:

  • Кечки Бишкек — мен көргөн тагдырга болдуң себеп Музга айланган көңүлдүн дартына жообуң керек Азыр кайда? Азыр кайда? Айтчы мага? Бакытка балкыган Жан дүйнөм чалкыган — жаным! Жалындаган, жараланган жүрөгүмдү Сен аны билбейсиң Сен аны сезбейсиң Сен мендей сүйбөйсүң — жаным! Суктанып караганың Көңүлдү баалап аяганың Андагы мамилеңди Мен кимден табаламын? Ой баскан санааларым Оорубас дүйнөм жараладың А балким, жолугуп мен Айткым келет сага баарын Кечки Бишкек — унутулгус күндөрдү кылдың белек Ал кездерде айттырбай түшүнүп жүргөн элек Жүргөн элек Азыр кайда? Азыр кайда? Айтчы мага? Бакытка балкыган Жан дүйнөм чалкыган — жаным! Жалындаган, жараланган абалымды Сен аны билбейсиң Сен аны сезбейсиң Сен мендей сүйбөйсүң — жаным! Суктанып караганың Көңүлдү баалап аяганың Андагы мамилеңди Мен кимден табаламын? Ой баскан санааларым Оорубас дүйнөм жараладың А балким, жолугуп мен Айткым келет сага баарын