Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ашыкмын»
исполнителя Майрамбек Осмонов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Көргүм келип күндө сени,
Көңүл эңсеп, самаймын.
Үмүтүмдү үзө албай,
Келчү жолуң караймын.
Колумдагы кызыл гүлүм,
Ал да сени күткөнсүйт.
Өмүр бою сени сүйүп,
Күтүүгө мен жараймын
Кайырма:
Өмүрлүү бол, өксүбөгүн,
Бакыт гүлүн тере бер.
Көбөйсө экен жүрөктөгү,
Сүйүү баскан желелер.
Мөлтүрөгөн көздөрүңдөн,
Мен садага болоюн.
Бир да сулуу кыз көрбөдүм,
Бир өзүңө теңелер.
Сөздөрүңдү уккум келип,
Күлгөнүңдү сагынам.
Жарашасың, төп келесиң,
Мага бардык жагынан.
Сен да мени сагынасың,
Күндө бир маал жол карап.
Жакшы көрөм, жакшы көрөм,
Сени, жаным, баарынан.
Кайырма:
Ачык айтчы, жашырбачы,
Болбоймунбу убара?
Арманыма арман улап,
Ары көздөй улаба.
Ак сүйүүмдү ыраа көрбөйм,
Бир өзүңдөн башкага.
Өмүр бою бир болом деп,
Берем сага убада.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Бизда жапжаш болгонбуз Эй кыздар эй кыздар Ысык суукка тонгонбуз Эй кыздар эй кыздар Жакшы заман туш болуп Жарашып бир толгонбуз Талаа түзгө көп чыгып Арпа буудай оргонбуз Арманы жок жаштыкка Аздыр көптүр тойгонбуз Бизда жапжаш болгонбуз Азыр силер бактылуу Эй жаштар эй жаштар Айтканыбыз жактыбы Эй жаштар эй жаштар Турмуш деген ушундай Көрдүк жаман жакшыны Баалап барктап калалы Өмүр деген ак кууну Ийлеп таппай калабыз Азыркыдай бактыны Дайым болсун жакшылык Жакшылык жакшылык Өркүндөйлү жакшырып Жакшырып жакшырып Өмүр деген токтобойт Ойдо жактан шаштырып Жан дүйнөңдү каарытпа Жакшынакай жаш доору Алды жакка жылалы Ак тилекти баш кылып
  • А, дегенде жакты басканың, Анан айдай чийме каштарың. Сени гана эңсеп жүрөгүм, Сага көңүл бура баштадым. Кайырма: Сүйлөбөдүм сага, сүрдөдүм, Сүйүп калганымды билбедиң. Алгач сени көргөн мезгилде, Бул татына сулуу ким дедим. Айта албадым сенден сүрдөдүм, Ашык болгонумду билбедиң, Айдай сулуу Асел, Аселим, Болсо керек сенин сүйгөнүң. Сендей кызды издеп самагам, Болсом деймин сенин жан агаң. Кычыраган кышта көрсөм да, Жайдай болгон менин садагам. Кайырма: Бийлеп жаттың бирок барбадым, Өзүмдү-өзүм кой деп кармадым. Эгер сени издеп таба алсам, Жолукканда айтам калганын. Кайырма: