Казахские песни Узбекские песни

Песня «Аксы»
исполнителя Майрамбек Осмонов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Аксы Аксы Аксы жакшы
Төрөлүп өскөн жерим
Ашчы ашчы кучагыңды
Эркелеп өтсөм деймин
Аксы Аксы жайлооң жакшы
Сагындым бозду жакты
Келгим келет көргүм келет
Мейли күздү жайлоо жазды

Кайырма:

Сулуулук көркүңө суктанамын
Тоолукшуп көзүмө туш тарабың
Өзүңдү бир келип көрмөйүнчө
Тыңшалып тыңшалып тыңшалып уктабадым

Аксы Аксы билбей турам
Айтчу сөз кетеримди
Бирок билем акыр сага
Айланып келеримди
Аксы Аксы кары жашы

Мейман дос ашырышкан
Жакшы жагын элге айтып
Жаманын жашырышкан

Атчы атчы таңым атчы
Балалык кездегидей
Куса болдум сагындым го
Болдум го эңсегидей
Айтчы айтчы биз өзгөрдүк
Неге сен өзгөрбөйсүң
Пейилиңден мээримиңден
Таптакыр өзгөрбөйсүң

Другие песни исполнителя:

  • Кечки Бишкек — мен көргөн тагдырга болдуң себеп Музга айланган көңүлдүн дартына жообуң керек Азыр кайда? Азыр кайда? Айтчы мага? Бакытка балкыган Жан дүйнөм чалкыган — жаным! Жалындаган, жараланган жүрөгүмдү Сен аны билбейсиң Сен аны сезбейсиң Сен мендей сүйбөйсүң — жаным! Суктанып караганың Көңүлдү баалап аяганың Андагы мамилеңди Мен кимден табаламын? Ой баскан санааларым Оорубас дүйнөм жараладың А балким, жолугуп мен Айткым келет сага баарын Кечки Бишкек — унутулгус күндөрдү кылдың белек Ал кездерде айттырбай түшүнүп жүргөн элек Жүргөн элек Азыр кайда? Азыр кайда? Айтчы мага? Бакытка балкыган Жан дүйнөм чалкыган — жаным! Жалындаган, жараланган абалымды Сен аны билбейсиң Сен аны сезбейсиң Сен мендей сүйбөйсүң — жаным! Суктанып караганың Көңүлдү баалап аяганың Андагы мамилеңди Мен кимден табаламын? Ой баскан санааларым Оорубас дүйнөм жараладың А балким, жолугуп мен Айткым келет сага баарын
  • Күлкүң сонун жаш толкундун шаңындай, Жылмайганың кең жайлоонун таңындай. Жаным бирге, сенсиң сүйүү булагы, Бүт жылуулук берип турган жалындай. Кайырма: Мунара, Мунара, Мунара, Мунара, ойлончу калбай убалга. Мунара, Мунара, Мунара, Мунара, аячы, берчи убада. Элестейт көз алдыма, Колтуктап мени басканың, Алкымдан жыттап анан да, Эрдиңден сүйүп жатканым. Бассаң-турсаң көзгө сүйкүм элесиң, Ак шооладай жарык нурун бересиң. Керемет күч мен тарапка тартылып, Көлдүн көркү ак куу болуп келесиң. Кайырма: Күндө жаңы жашоо-турмуш агылып, Жан дүйнөмдөн түркүн гүлдөр ачылып. Бир өзүңө арзуум артып баратат, Сен сагынсаң мен да сени сагынып. Кайырма:
  • Саматып издериң болгон жакшы, Сагынган кучагың толгон жакшы. Бактысыз турмушка басынганча, Баалаган жанга жар болгон жакшы. Кайырма: Жакшылык бактыга жетелетет, Жаштыкка өмүрдү тетелетет. Жакшыдан жан дүйнөң азыктанып, Кусалуу көңүлдү көкөлөтөт, Кусалуу көңүлдү, армандуу өмүрдү көкөлөтөт. Сүйдүрүп издээриң болгон жакшы, Сүйүүнүн суугуна тоңгон жакшы. Сүйбөгөн бирөөгө кор болгончо, Жакшыга жанашкан жолдор жакшы. Кайырма: Сырдашар курдашың болгон жакшы, Сыйлашып кармашкан колдор жакшы. Билбеске бирикпей кор болгончо, Билгендин бийиги болгон жакшы.