Казахские песни Узбекские песни

Песня «Эл жүрөк»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кара күчкө биз эмес багынгандай
Каректерге катылган жалын бардай
Оттой жанып кыргыздын жигиттери
Окко каршы атылган чагылгандай
Элим деп жандан ашып кечип атса
Эрдигиң унутулбайт эч убакта

Эзилип да кул болгон кимге жаксын
Элин кантип эр жигит жер каратсын
Жүзү жарык аттанып ар намыска
Жүрөгүндө деми бар эр Манастын
Өмүрү эл тагдырын чечип жатса
Эрдигиң унутулбайт эч убакта

Өчпөйт,өчпөйт элесиң каректен
Чакырып биримдикке айбатын берет деп
Жашап, жашап жаш бойдон жүрөктө
Барсыңар ак батада, барсыңар тилекте
Ырыстуу айкөлдүн элибиз
Эми биз тең бир элбиз
Ынтымак күтөлү эми биз биримдикте

Гүлдестеге бөлөп бейиттерин
Эскерели Мекен шейиттерин
Бир күн өтпө токто жүрөк
Баатырларды жокто жүрөк
Ар намыска жана бергин
Акыйкатта тилеп тилек

Другие песни исполнителя:

  • Адамзатка жарык берген, Адашканга багыт берген, Ар бир сөзу өрнөк болуп, Акыйкатты алып келген, Кайырма: О, Мухаммад пайгамбарым, Сенден ыйман, пайда аламын, Кандай бакыт бир мен учун, Умөтунө айланганым, Пайгамбарым, аруузатым, Мезгил менен жарашасын, Атын өчпөйт журөктөрдө, Кылымдарды карытасын, Я расулуллах Мухаммад, Я расулуллах, Жарык чачтын кундөй болуп, Биз ачылдык гулдөй болуп, Данктап турса бут адамзат, Жашай албайм суйбөй коюп, Кайырма: Мээримдууну танытып жанган турат, Мемлмилдеген кундорум жалган тура, Мезгилинде журокту Джабраил Муххаммедге ак нурдан салган тура, Эрлер отот, отот да кайрандар, Элин учун, эн кымбат пайдан барын, Эн уулуну окутган, жакын кылган, Эн эр журок Мухаммад пайгамбарым, Кайырма:
  • Бир көрүп гана жан дүйнөмдү козгоп жолуктуң неге? Сүйдүрүп гана сезимдерди толгоп азгырдың беле? Кызыгып, көңүл бөлсөң мага, жаңылдым дебе, Мен эңсеген тагдырым сенде. Сүйдүрүп тузагыңа саласың түшүнбөй эле, Сыздатып гана ойдо жок койгон талабың бүтчүдөй беле? Өзүм деги-деги не болдум сенсиз күндөрүм эми гана Кыйнайсың гана сен неге сүйгөн жанды табышмагыңа. Кайырма: Көл үстүндө нурдай себелеп Сенин сүйүүң мага келе элек Кол кармашып дайым экөөбүз Жүрөлүчү жаным эртелеп. Үмүттүн гана көрбөгөн, өчпөгөн шамын тамыздың беле? Жүрөктүн гана дегдеген жай алдырчу дарысы сенде Буулуккан, жабыркаган жанга бир жок дегенде, Жолукпастан алыссың неге. Сүйдүрүп тузагыңа салсаң түшүнбөй эле Сыздатып гана ойдо жок койгон талабың бүтчүдөй беле? Өзүм деги-деги не болдум, сенсиз күндөрүм эми гана Кыйнайсың гана сен неге сүйгөн жанды табышмагыңа. Кайырма:
  • Кайкып учкан канаты бар Ак булуттун арасынан кезиккен Катарыңда жүрдүм эле кагылып Кайда кеттиң жүрөгүмдү эзип сен Көк асмандай ачыктыгынды сүйүп мен Көлдөй толкуп көңүлүбүз бириккен Көктө сызган куштан кабар жиберем Көкөлөбөй түшүп келчи бийиктен Кайырма: Асмандагы периштем асмандагы Азабыңдан арманга батсам дагы Ачык болуп жолуң дайым кара булут тозбосун Акыркы бул балким коштошуу Арылбастан сага деген сагыныч Айтылбастан калды канча жалыныч Желде сызып кыдыралы дүйнөнү Жерге түшкөн жанды кайра алып уч
  • Элестетем сени, качан болсо деги, Журогумдун торун ээлеп алдын эми. Эркеледин мага, мен унуттум анда, Кайгырбачы жаным, суйом сени гана. Ал кундор кайда, айтчы жаным мага, Мейли таарынсан да, сагынам. Кайырма: Элестетем откон кундорумду мен, Сагынып журокко толду сезимдер. Энсей берем дайым неге сени мен, Жалгызымсын жан дуйномду эргиткен. Жарык нурун чачкан, жылдыздай жанган, Коздорунду карап, журчу элем го самап. Биз откоргон кундорду, сырдашкан тундорду, Эч унутпайм жаным, энсей берем дайым. Ал кундор кайда, айтчы жаным мага, Мейли таарынсан да, сагынам.