Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кеткин алыска»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кимдин ким экенин,
Билбегендер өз оюн айтсын,
Жакшылыкты көзгө илбеген
Кирдегендер жанымдан кайтсын

Көрбөгөндүн көргөнү курусун
жалганды чындык деп айтканда
Менден кеткин алыска
Ары кеткин алыска

Унчуга албадым
Турса дагы курчуп арманым,
Жактырбасаң дагы жаман деп,
Убактыңды мага арнадың

Барын сынга салып
Жөнү жок сүйлөгөндөн сага не пайда?
Көлөкөңө жашынба
Байланбай кур намыска

Другие песни исполнителя:

  • Атыңды угуп калсам капыстан, Алоолоп күйүп-жанам унчукпастан. Унут деп өзүмдү-өзүм алдасам да, Ичимен берилип улутунам. Көрө албаска, ал сөздөргө азгырылып, Мен жүрөм жолун таппай, жазыгымдын. Таң калам жоругуна ашыгымдын, Ишенип, ишене албай… Кайырма: Азыр деле жашайсың, Жүрөгүмдөн өчүрө албайм. Ак сүйүүмдү башка жанга, Көчүрө албайм, унута албайм, Баары бир сени… Күч барбы түйүп коер сүйгөн жанды, Сен мага ишенбедиң айла барбы. Канчалык мен өзүмдү-өзүм сооротсом да, Жүрөктүн буйругуна арга барбы? Таттуу тилек, максаттар кайда калды, Кол жеткис көк мелжиген жайда калды. Курманы болбойлу айың кептин, Өчпөгөн үмүт калды…
  • Далеко не со мной, Знаю, смотришь ты сейчас, На небеса, на звезды и луну. Нелегко снег весной, Разлучили города нас с тобою, Жду тебя одну. Кайырма: Улечу первым рейсом в Нью-Йорк, Чтобы просто понять. Как скучаем по друг-другу, Мы ночами и не можем обнять. Улечу первым рейсом в Нью-Йорк, Чтоб почувствовать вновь. На другом краю планеты, Твою нежность, счастье и любовь. Снится сон — рядом ты, Обнимая в этом сне, Осуществились все мои мечты. Тает ночь, новый день, Близят новые минуты грусти, Ты уйдешь, оставив тень. Кайырма:
  • Илебин өрттөп барам Эрмебей көзүн карайм Жамалың периштедей Жайылып аппак каннат Тазасың ааруу таңдай Тамшанткан таттуу балдай Алтыным алмаштырбайм Жалгызымсын толгон айдай Кайырма Суранамын жалынам Сен кетпечи жанымдан Сезимдерим сага болгон Таттуу экен баарынан Жыйнаган бактым болчу Жылыткан сайын толчу Гүл жыттанган гүлзар болсоң Булбул болуп мага кончу Себепсин жан ырыма Жетээрмин кадырына Ырыс менен сага кошкон Ыраазымын тагдырыма Кайырма
  • Сен экөөбүздө тең бар намыс, Акыйкатты кайдан табабыз. Бакыттан билбей алыстап, Кайгы-муңга чөгүп барабыз. Бар сүйүүм бийик учпады, Билинбей жүрөк муздады. Бүттүндөй дүйнөм аргасыз, булганды Кайырма: Башкалардын жүргөнүнө, Салыштырган сенде күнөө. Ооба, билем, ойлоруң таза, Бирок баскан изиң өзгөрүүдө. Эми жолдон адашпа, Сен жолдон адашпа, Сен эми жолдон адашпа… Эми түшүндүңбү баркымды, Эми мага күйгөн жансыңбы? Бир кезде чалкыган дүйнөң. Көл болбой соолуп тартылды. Көзгө албай жүрүп эч кимди, Көздөрүң мени кеч билди. Канча жыл жүрүп сүйүүмдү сездиңби? Кайырма:
  • Көк асманда жамгыр болуп төгүлгөндөй, Булуттардан капысынан бөлүнгөндөй Кайык сымал толкундардан жалгыз калган, Өткүм келбейт, бул өмүрдө сени көрбөй. Жомоктой өтүп өмүр кайрылбайт, Жоготкон күнүң кайра табылбайт. Байлыгың бербейт баарын турмушта, Бакытың бийик учкан куш тура. Көк асманда жамгыр болуп төгүлгөндөй, Булуттардан капысынан бөлүнгөндөй Жомоктой өтүп өмүр кайрылбайт, Жоготкон күнүң кайра табылбайт. Байлыгың бербейт баарын турмушта, Бакытың бийик учкан куш тура. Көк асманда жамгыр болуп төгүлгөндөй, Булуттардан капысынан бөлүнгөндөй Кайык сымал толкундардан жалгыз калган, Өткүм келбейт, бул өмүрдө сени көрбөй.