Казахские песни Узбекские песни

Песня «Айжамал»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Залда олтурган сулуулардан бөлүнүп
Кара чачың жамгыр сымал төгүлүп
Багындырып баратасың сезимди
Баардыгынан жакыныраак көрүнүп

Кайырма:

Айжамал кай жакка кеттиң сен
Сулуу жамал
Айжамал жүрөктү сыздатпа
Сулуу жамал


Залда олтурган сулуулардан бөлүнүп
Кара чачың маңдайыңа төгүлүп
Окуганды бир оокумда токтотуп
Ой көлүнө кеткенсийсиң чөмүлүп

Залда олтурган сулуулардан бөлүнүп
Кара чачың маңдайыңа төгүнүп
Карегиңден түпкүрүндө балбылдап
Кайсыл жигит сага турат көрүнүп

Другие песни исполнителя:

  • Күлөсүң, күлөсүң, тоготпой жүрөсүң, Ансайын байланып мен сени сүйөмүн. Жаным, сага мен канткенде жагамын? Кызганам, кызганам, өзүңдү башкадан, Кыйнабай түшүнчү сезимди, суранам, Жаным, сага мен канткенде жагамын? Кайырма: Кериле сулуу басса керемет, Табышмак болуп мага сезилет. Амалын таппай жүрөк эзилет, Жаным, сага мен канткенде жагамын? Артыңдан калбадым, көңүлүң бурбадың, Гүлүмдү сунсам мен, кол сунуп албадың. Жаным, сага мен канткенде жагамын? Издетип өзүңдү жүргөндү сүйөсүң, Жолуксак капыстан назданып күлөсүң. Жаным, сага мен канткенде жагамын? Кайырма: Кериле сулуу басса керемет, Табышмак болуп мага сезилет. Амалын таппай жүрөк эзилет, Жаным, сага мен канткенде жагамын? Жанаша бассам мени теңсинбей, Көтөрдүң боюң мага ченебей. Сүйүүмдү айтсам койдуң кенебей, Жаным, сага мен канткенде жагамын?
  • Тагдыр жазганын билдим, түшүндүм, Сен деп жаңылып, эми өкүндүм. Жалган көздөрүң арман коштогон, Муздап жүрөгүм, жалын кошпогон. Кайырма: Мен сагына берем, сагынып келем, Арманыма азаптан жазылган белең? Эмнеге билбейм, мен такыр ишенбейм, Кабарың жок түшүнбөйм, кай жактан издейм? Сен деп жашагам өмүрдү өткөн, Жол карап дайым озунуп күткөм. Эми кайдасың, аттиң, арман?! Ким менен кеттиң, жашынып жалган? Кайырма: Мен сагына берем, сагынып келем, Арманыма азаптан жазылган белең? Эмнеге билбейм, мен такыр ишенбейм, Кабарың жок түшүнбөйм, кай жактан издейм?
  • Жаным жааным жакын көргөн адамым сенсиң Оюумдасын көңүлдүн баарын ээлегенсиң Жалындаган махабатымды ченелбеген Бөлүнүп кеталбас кыялымды сен менен Арнадым сага баарын ишенип айталамын Өзүңсүн менин багым Сен менин жан дүйнөмө крексиң Жүзүмдө жылмайууга себепсин Бактыма сендей адам турганда Жүрөгүм бүтүн менин жалгыз емесмиң Сен менин жан дүйнөмө крексиң Жүзүмдө жылмайууга себепсин Көңүлүң ооруп турса муңайба Мен бармын жаным жалгыз эмессиң Жаным жааным эч кимге окшобогон жансын Көзүңдөгү нуруңа мени байлагансын Жалындаган жүрөгүмдү менин арбаган Сен деген сезимдердин тереңине таң калам Сырымды сага ачтым колуңда менин бактым Сүйгөнүм махабатым