Казахские песни Узбекские песни

Песня «Балама»
исполнителя Султан Садыралиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Канымдан бүткөн,
Зарыгып көпкө күткөн.
Наристем менин,
Тазасың аппак сүттөн.
Жан дүйнөң балдай,
Кири жок берекемсиң.
Тамшанып чоңое бер,
Ак сүтүн эмип энеңдин.
Кайырма:
Ааламга балам канат кер,
Атагы чыккан болгун шер.
Алаканга салып элиң,
болгун мырза.
Тамтаңдап бассаң,
Таалайым нурун чачкан.
Жылмайып күлсөң,
Маанайым таңдай аткан.
Аман бол балам,
Жаркырап маңдайымда.
Алдыга коюп кадам,
Умтула бер дайыма.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Жалбарып жаздан тилегем, Жазыгым жалгыз билем мен. Жан музам күүсүн толгойт, Жандаймын көзүм тойбой, Жазаңа даярмын мен. Кызганып кыялым бузба, Кызыгып куру сөз сузба. Кылымдан курап берем, Кыйраса улап берем, Кызылдын гүлүн терем. Кайырма: Аячы, суранам сенден, суранамын, Өз сүйүүмдү өзүмө кайрып берчи. Аячы мени, аячы, Өз сүйүүмдү өзүмө кайрып берчи. Ойлоном ойдун таңында, Ойгонсом деймин жаныңда. Оюнсуз сезимдерим, От алган кезим менин, Ой, тобо, оору жедим. Бактым деп сени тандадым, Байкабай башка калганын. Баркына жетеличи, Байланып кетеличи, Багынып эртелечи.
  • Сен келерсиң бир күнү, Аруу таңды аралап. Шүүдүрүмдөй карегиң, Ак чыныда карагат. Сен келерсиң бир күнү, Нур жүзүңдөн чачырап. Айдыңыңдан көзүңдүн, Баратамын магдырап. Шамалына жытыңдын, Азгырылам артыла. Карааныңа атыңдын, Баргым келет батыраак. Кайдан, качан белгисиз, Сен келерсиң бир күнү. Сен келерсиң бир күнү, Ызгаарымдын жолунда. Илебиңдин кайтпаган, Жылынайын отуңа. Сен келерсиң бир күнү, Адаштырып акылдан. Араң турган жаным, ай, Ала качып закымдап
  • Кыймыл менен сүйлөгөн, Кыргыз бийин үйрөнөм. Кызыталы өмүрдү, Кыз-жигиттер, бий менен. Кызыкты бул таппайсыӊ, Кыдырсаӊ да дүйнөдөн. Кайырма: Атпай кыргыз бийлесин, Аруулантып дүйнөсүн. Жеӊил болгун булуттай, Жерге бутуӊ тийбесин. Байкап турган адамдар, Бали, кыргыз бий десин! Куштай канат кагалы, Учпай кантип калалы. Бийге баарын чакырып, Бир кумардан каналы. Жаркын күнгө теӊелсин, Жаштыгыӊдын жамалы. Кайырма: Жүрөгүӊү тыбырат, Жүлүнүӊдү кыбырат. Дем кошулсун демиӊе, Дене боюӊ чымырап. Мелтиребей жарышкын, Мезгил менен зымырап. Кайырма: Эргүү мындай болобу, Эриккеним жоголду. Эриш-аркак бийлесек, Эл көӊүлү толорбу. Тоӊуп калган бир кезде, Толкуталы тоолорду. Жалпы кыргыз ырдасын, Жаратылыш тыӊдасын. Жаркылдаган жылдыз бий, Жашообузду нурдасын. Ырыс болуп кыргыз бий, Ынтымакты чыӊдасын.
  • Бул дүйнө жалган, адамзат билгин, Заты жок Алладан, улукман бул диндин. Алла мээримдүү, ырайымдуу, кечиримдүү, Ибадат кыл эй пенде, кулусуң сен кимдин, тобо кыл. Кайырма: Ыйык Мухаммед, саллоллоху аллейхи восалам, Мухаммед элчи кылган Аллам. Эй момундар, баарыңар Алла Таалага, Момундар силер тобо кылгыла, Аллага тобо кылгыла. Пайгамбар Мухаммед, аллей хи восалам, Эй момундар намаз диндин тиреги деп айткан. Амалдар ниетке жараша экен акыйкатта, Адалдуу, амал кыл, эй пенде, адашпа. Парзы болгон жүрөктү н, калканы бул орозо, Туткун пенде жүрөгүңө, ыймандын нуру толбосо. Болсун десең таптаза, жүрөктө гү авазды, Эринбегин мусулман, окуп беш маал намазды. Жан дүйнөмдү азгырат, арзыбаган дүнүйөм, Алаксытып жазгырат, ыйман куту кетип үйүмө н. Оо, жараткан, кечиргин, ырдап турган пендеңди, Таазим этем алдыңда, оозума алып келмемди.