Казахские песни Узбекские песни

Песня «Омурумдун кемеси»
исполнителя урмат усенов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кайдан жүрүп кабылдым,
Карааны го жаңы ырдын.
Талкаладың танбайм,
Тамырымдан кармай.
Калемимдин сыясы,
Канымдан го сыягы.
Өмүрүмө арнап,
Өчпөс тамга баскан.
Кайырма:
Өмүрүмдүн кемеси, күн желеси,
Аркамдан калбай.
Туткунуңмун түндүн,
Үмүтүмдүн шооласы,
Жаркыраган суранамын.
Барактардын актыгы,
Канаттарын кактыбы?
Кармана албай калды,
Кай күнөөмө жазды?
Мактанарлык махабат,
Буюрбады мага бат.
Көңүл бурчу, жаным,
Көңүлүмдөн аздым.

Другие песни исполнителя:

  • Билем, сөз жок чүрөксүң, Тынчын алба жүрөктүн, Таштап кетчи, тандап жетчи, Махабат мүрөгүн. Билем, сөз жок сулуусуң, Сулуулугуң курусун, Байкап көрчү, балдап өпчү, Менден бир дурусун. Болбой эле кадаламын, Баш айланып ыр жазамын, Магдыраткан махабатка, Өзүң болдуң жан мазагым. Тоңбой эле жазыламын, Тоголонуп ачыламын, Тоо карагат көздөрүңө, Чабак уруп чачыламын. Кайырма: Качпай эле жабышамын, Карек издеп табышамын. Каш, көз, чач, кирпиктериңе, Чаң жугузбайм ханышамдын. Соолбой эле чачырадым, Соо койбодуң, жан чырагым. Жанчып тепсеп, тебелеген, Балким, өзүң менин бактым
  • Шириним, айткым келет, атыңды кайра-кайра, Баа жеткис бал каймагым өзүң гана. Чырагым, айткым келет, кайталап кайра-кайра, Аккансыйм айлуу түндө чексиз дайра. Неля: Жүрөгүм сага арнадым, Жүдөткөн жан арманым. Карачы, кандай сонун жарашканым. Кайырма: Жаралганым, жан арманым, Жараланган жүрөгүмдү сага арнадым. Бал шириним, бар демимдин билем жаным, билем жаным, мен сендикмин, Эзилем эрдиңден, эркиме бериле. Неля: Капилет капкан сүйүү карманып бура албадым, Кайратсыз канаттарым, кага албадым. Байкабай таткан сүйүүм, багымдын гүлүн ачты, Баралы келген беле махабаттын. Жылытам кучагыма, Жыпарым келчи мага. Жылдызым, баткым келет жыргалыңа.
  • Күтүүдөн мен тажабайм, Сүйөм десең түбөлүк. Көздөрүмдү кадабайм Жашай берем күн өтүп. Айла канча, кантейин, Сүйүптүрмүн өзүңдү? Ырга айлантам анчейин, Жол караган түнүмдү. Кайырма: Жазгы жамгыр, алыстаба, Сапар алба алыстарга. Калгым келбейт Жалгыздык туманында камалып. Жазгы жамгыр, алыстаба, Буюрбадың жалгыз мага. Ак сүйүүмдөн бир тамчы Өңдөнөсүң жалганчы. Үзүлбөгөн үмүтүм сезимимди жаралайт, Басылбаган күйүтүм жүрөгүмдү аймалайт. Элесиңди эсимден күзгү нөшөр талашат, Тамчылары жамгырдын бөтөн сымал карашат. Кайырма: Жазгы жамгыр, алыстаба, Сапар алба алыстарга. Калгым келбейт Жалгыздык туманында камалып. Жазгы жамгыр, алыстаба, Буюрбадың жалгыз мага. Ак сүйүүмдөн бир тамчы, Өңдөнөсүң жалганчы.