Казахские песни Узбекские песни

Песня «Суйуу жолу»
исполнителя урмат усенов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Баёо сезим артта калып, Балалыктан өттүкпү. Жан дүйнөмдүн аруу, таза, Табышмагын төктүкпү. Ар бир кадам алга карай, Суроо менен ташталат. Мындан ары бизде дагы, Ойлончу кез башталат. Кайырма: Күч берчи, кубат бер, Кубандырып турайын. Кубалашып кумар менен, Куттуу үйүн курайын. Ак берчи, акыл бер, Адал такка коноюн, Ата-энемдин ак эмгегин, Актагандай болоюн. Өкүнбөймүн, өтүнбөймүн Кайра тартып бергениң. Себеп ошол сен да, мен да Эрезеге келгенмин. Теңир тиреп, тилек берсе, Тик аскага асылбай Акырында бакыт багын, Багбан жандай асырай Кайырма: Турмуш жолу туйласаң да, Тумарыңдан тарттырбай. Туткун болбой туу курса да Сураганың алдырбай. Актык менен, адал менен, Алга карай умтулсам, Алла Таала арнагандан, Кур кол дайым калтырбай
  • Кайдан жүрүп кабылдым, Карааны го жаңы ырдын. Талкаладың танбайм, Тамырымдан кармай. Калемимдин сыясы, Канымдан го сыягы. Өмүрүмө арнап, Өчпөс тамга баскан. Кайырма: Өмүрүмдүн кемеси, күн желеси, Аркамдан калбай. Туткунуңмун түндүн, Үмүтүмдүн шооласы, Жаркыраган суранамын. Барактардын актыгы, Канаттарын кактыбы? Кармана албай калды, Кай күнөөмө жазды? Мактанарлык махабат, Буюрбады мага бат. Көңүл бурчу, жаным, Көңүлүмдөн аздым.
  • Татыктуу тамга тандайм өзүңө, Тартылам кара-кара көзүңө. Кат сунган сайым неге калтырайм, Бир тиктеп жок дей салчу сезиле. Теңебейм теңдеши жок ай-күнгө, Арбылган айдындагы ал гүлгө. Күн батар, ай булутка жашынаар, Гүл бүтөөр күз келгенде ийиле. Кайырма: Кайталап баткым келбейт арманга, Кайрымсыз кылыңан айлага. Мен эми махабатта кайырчы Кармалган кай күнөөмө жипсиз байланам. Жамалың жасап алган жандайсың, Жарыктык жалган беле кандайсың. Кайталап жутсам дагы көркүңөн, Каниет кыла албаймын, канбаймын. Эриниң элпилдеген эркеси, Эсиме эрким кайрып бербестир. Сурабай сулуу сени түбөлүк, Сүйгөнүм мага күнөө эместир. Кайырма: Кайталап баткым келбейт арманга, Кайрымсыз кылыңан айлага. Мен эми махабатта кайырчы Кармалган кай күнөөмө жипсиз байланам.
  • Билем, сөз жок чүрөксүң, Тынчын алба жүрөктүн, Таштап кетчи, тандап жетчи, Махабат мүрөгүн. Билем, сөз жок сулуусуң, Сулуулугуң курусун, Байкап көрчү, балдап өпчү, Менден бир дурусун. Болбой эле кадаламын, Баш айланып ыр жазамын, Магдыраткан махабатка, Өзүң болдуң жан мазагым. Тоңбой эле жазыламын, Тоголонуп ачыламын, Тоо карагат көздөрүңө, Чабак уруп чачыламын. Кайырма: Качпай эле жабышамын, Карек издеп табышамын. Каш, көз, чач, кирпиктериңе, Чаң жугузбайм ханышамдын. Соолбой эле чачырадым, Соо койбодуң, жан чырагым. Жанчып тепсеп, тебелеген, Балким, өзүң менин бактым