Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сен»
исполнителя урмат усенов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Баёо сезим артта калып, Балалыктан өттүкпү. Жан дүйнөмдүн аруу, таза, Табышмагын төктүкпү. Ар бир кадам алга карай, Суроо менен ташталат. Мындан ары бизде дагы, Ойлончу кез башталат. Кайырма: Күч берчи, кубат бер, Кубандырып турайын. Кубалашып кумар менен, Куттуу үйүн курайын. Ак берчи, акыл бер, Адал такка коноюн, Ата-энемдин ак эмгегин, Актагандай болоюн. Өкүнбөймүн, өтүнбөймүн Кайра тартып бергениң. Себеп ошол сен да, мен да Эрезеге келгенмин. Теңир тиреп, тилек берсе, Тик аскага асылбай Акырында бакыт багын, Багбан жандай асырай Кайырма: Турмуш жолу туйласаң да, Тумарыңдан тарттырбай. Туткун болбой туу курса да Сураганың алдырбай. Актык менен, адал менен, Алга карай умтулсам, Алла Таала арнагандан, Кур кол дайым калтырбай
  • Күтүүдөн мен тажабайм, Сүйөм десең түбөлүк. Көздөрүмдү кадабайм Жашай берем күн өтүп. Айла канча, кантейин, Сүйүптүрмүн өзүңдү? Ырга айлантам анчейин, Жол караган түнүмдү. Кайырма: Жазгы жамгыр, алыстаба, Сапар алба алыстарга. Калгым келбейт Жалгыздык туманында камалып. Жазгы жамгыр, алыстаба, Буюрбадың жалгыз мага. Ак сүйүүмдөн бир тамчы Өңдөнөсүң жалганчы. Үзүлбөгөн үмүтүм сезимимди жаралайт, Басылбаган күйүтүм жүрөгүмдү аймалайт. Элесиңди эсимден күзгү нөшөр талашат, Тамчылары жамгырдын бөтөн сымал карашат. Кайырма: Жазгы жамгыр, алыстаба, Сапар алба алыстарга. Калгым келбейт Жалгыздык туманында камалып. Жазгы жамгыр, алыстаба, Буюрбадың жалгыз мага. Ак сүйүүмдөн бир тамчы, Өңдөнөсүң жалганчы.
  • Кайдан жүрүп кабылдым, Карааны го жаңы ырдын. Талкаладың танбайм, Тамырымдан кармай. Калемимдин сыясы, Канымдан го сыягы. Өмүрүмө арнап, Өчпөс тамга баскан. Кайырма: Өмүрүмдүн кемеси, күн желеси, Аркамдан калбай. Туткунуңмун түндүн, Үмүтүмдүн шооласы, Жаркыраган суранамын. Барактардын актыгы, Канаттарын кактыбы? Кармана албай калды, Кай күнөөмө жазды? Мактанарлык махабат, Буюрбады мага бат. Көңүл бурчу, жаным, Көңүлүмдөн аздым.
  • Билем, сөз жок чүрөксүң, Тынчын алба жүрөктүн, Таштап кетчи, тандап жетчи, Махабат мүрөгүн. Билем, сөз жок сулуусуң, Сулуулугуң курусун, Байкап көрчү, балдап өпчү, Менден бир дурусун. Болбой эле кадаламын, Баш айланып ыр жазамын, Магдыраткан махабатка, Өзүң болдуң жан мазагым. Тоңбой эле жазыламын, Тоголонуп ачыламын, Тоо карагат көздөрүңө, Чабак уруп чачыламын. Кайырма: Качпай эле жабышамын, Карек издеп табышамын. Каш, көз, чач, кирпиктериңе, Чаң жугузбайм ханышамдын. Соолбой эле чачырадым, Соо койбодуң, жан чырагым. Жанчып тепсеп, тебелеген, Балким, өзүң менин бактым