Казахские песни Узбекские песни

урмат усенов.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

урмат усенов

  • Татыктуу тамга тандайм өзүңө, Тартылам кара-кара көзүңө. Кат сунган сайым неге калтырайм, Бир тиктеп жок дей салчу сезиле. Теңебейм теңдеши жок ай-күнгө, Арбылган айдындагы ал гүлгө. Күн батар, ай булутка жашынаар, Гүл бүтөөр күз келгенде ийиле. Кайырма: Кайталап баткым келбейт арманга, Кайрымсыз кылыңан айлага. Мен эми махабатта кайырчы Кармалган кай күнөөмө жипсиз байланам. Жамалың жасап алган жандайсың, Жарыктык жалган беле кандайсың. Кайталап жутсам дагы көркүңөн, Каниет кыла албаймын, канбаймын. Эриниң элпилдеген эркеси, Эсиме эрким кайрып бербестир. Сурабай сулуу сени түбөлүк, Сүйгөнүм мага күнөө эместир. Кайырма: Кайталап баткым келбейт арманга, Кайрымсыз кылыңан айлага. Мен эми махабатта кайырчы Кармалган кай күнөөмө жипсиз байланам.
  • Көкү рөктө туйлады, көөдө нгө сыйбады, Көнүл менен касташтым, кыйбадым. Каректерин жалганчы, көз жашын бал тамчы, Көркөмү нө кул болдум, кайырчы. Кайырма: Тажадым мен, тажадым баарынан, Чарчадым мен, чалындым багымдан. Бар туруп балын татпадым, Оң болоор жалгыз калганым. Махабатым, жанылдым, жазганмын, Билсем дагы катага малындым. Күнөө менде билем, жаным, Сүйөм деген сөзүм шамым. Кетким келет камынып, эркиме таарынып, Ээлеп алган сезимди кагылып. Түшүнбөдүм, жалгыз бой күрөштөн чарчадым, Чеги болоор түгөндүм, жалынып.
  • Күтүүдөн мен тажабайм, Сүйөм десең түбөлүк. Көздөрүмдү кадабайм Жашай берем күн өтүп. Айла канча, кантейин, Сүйүптүрмүн өзүңдү? Ырга айлантам анчейин, Жол караган түнүмдү. Кайырма: Жазгы жамгыр, алыстаба, Сапар алба алыстарга. Калгым келбейт Жалгыздык туманында камалып. Жазгы жамгыр, алыстаба, Буюрбадың жалгыз мага. Ак сүйүүмдөн бир тамчы Өңдөнөсүң жалганчы. Үзүлбөгөн үмүтүм сезимимди жаралайт, Басылбаган күйүтүм жүрөгүмдү аймалайт. Элесиңди эсимден күзгү нөшөр талашат, Тамчылары жамгырдын бөтөн сымал карашат. Кайырма: Жазгы жамгыр, алыстаба, Сапар алба алыстарга. Калгым келбейт Жалгыздык туманында камалып. Жазгы жамгыр, алыстаба, Буюрбадың жалгыз мага. Ак сүйүүмдөн бир тамчы, Өңдөнөсүң жалганчы.
  • Кайдан жүрүп кабылдым, Карааны го жаңы ырдын. Талкаладың танбайм, Тамырымдан кармай. Калемимдин сыясы, Канымдан го сыягы. Өмүрүмө арнап, Өчпөс тамга баскан. Кайырма: Өмүрүмдүн кемеси, күн желеси, Аркамдан калбай. Туткунуңмун түндүн, Үмүтүмдүн шооласы, Жаркыраган суранамын. Барактардын актыгы, Канаттарын кактыбы? Кармана албай калды, Кай күнөөмө жазды? Мактанарлык махабат, Буюрбады мага бат. Көңүл бурчу, жаным, Көңүлүмдөн аздым.
  • Шириним, айткым келет, атыңды кайра-кайра, Баа жеткис бал каймагым өзүң гана. Чырагым, айткым келет, кайталап кайра-кайра, Аккансыйм айлуу түндө чексиз дайра. Неля: Жүрөгүм сага арнадым, Жүдөткөн жан арманым. Карачы, кандай сонун жарашканым. Кайырма: Жаралганым, жан арманым, Жараланган жүрөгүмдү сага арнадым. Бал шириним, бар демимдин билем жаным, билем жаным, мен сендикмин, Эзилем эрдиңден, эркиме бериле. Неля: Капилет капкан сүйүү карманып бура албадым, Кайратсыз канаттарым, кага албадым. Байкабай таткан сүйүүм, багымдын гүлүн ачты, Баралы келген беле махабаттын. Жылытам кучагыма, Жыпарым келчи мага. Жылдызым, баткым келет жыргалыңа.
  • Билем, сөз жок чүрөксүң, Тынчын алба жүрөктүн, Таштап кетчи, тандап жетчи, Махабат мүрөгүн. Билем, сөз жок сулуусуң, Сулуулугуң курусун, Байкап көрчү, балдап өпчү, Менден бир дурусун. Болбой эле кадаламын, Баш айланып ыр жазамын, Магдыраткан махабатка, Өзүң болдуң жан мазагым. Тоңбой эле жазыламын, Тоголонуп ачыламын, Тоо карагат көздөрүңө, Чабак уруп чачыламын. Кайырма: Качпай эле жабышамын, Карек издеп табышамын. Каш, көз, чач, кирпиктериңе, Чаң жугузбайм ханышамдын. Соолбой эле чачырадым, Соо койбодуң, жан чырагым. Жанчып тепсеп, тебелеген, Балким, өзүң менин бактым
  • Сенсиз өткөн көз ирмемдер кызыксыз, Көргүм келет сугум артып. Сезимимди тутандырган, тумар кыз, Сүйгүм келет жүзүң татып. Жылдыз болсоң мага, суранам, таң атпа, Сырдашып арзуумду айтайын. Күнүм болсоң менин, күүгүм тартып батпа, Нурларыңдан кубат алайын. Сенсиз жазган ырым мага кумарсыз, Коштой кетем ар бир сапка. Сезимимди тутандырган, тумар кыз, Жүрөгүмдөн барктап баккан. Жылдыз болсоң мага, суранам, таң атпа, Сырдашып арзуумду айтайын. Күнүм болсоң менин, күүгүм тартып батпа, Нурларыңдан кубат алайын. Жылдыз болсоң мага, суранам, таң атпа, Сырдашып арзуумду айтайын. Күнүм болсоң менин, күүгүм тартып батпа, Нурларыңдан кубат алайын.
  • Баёо сезим артта калып, Балалыктан өттүкпү. Жан дүйнөмдүн аруу, таза, Табышмагын төктүкпү. Ар бир кадам алга карай, Суроо менен ташталат. Мындан ары бизде дагы, Ойлончу кез башталат. Кайырма: Күч берчи, кубат бер, Кубандырып турайын. Кубалашып кумар менен, Куттуу үйүн курайын. Ак берчи, акыл бер, Адал такка коноюн, Ата-энемдин ак эмгегин, Актагандай болоюн. Өкүнбөймүн, өтүнбөймүн Кайра тартып бергениң. Себеп ошол сен да, мен да Эрезеге келгенмин. Теңир тиреп, тилек берсе, Тик аскага асылбай Акырында бакыт багын, Багбан жандай асырай Кайырма: Турмуш жолу туйласаң да, Тумарыңдан тарттырбай. Туткун болбой туу курса да Сураганың алдырбай. Актык менен, адал менен, Алга карай умтулсам, Алла Таала арнагандан, Кур кол дайым калтырбай