Казахские песни Узбекские песни

Песня «Курбум»
исполнителя Кызсайкал Кабылова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сырымды угарым
Суусасам булагым
Жанымда турасың
Үшүсөм күн болуп
Үлбүрөп гүл болуп
Көңүлүң бурасың

Кайырма:

Курбум сен менин бир курбум
Билбедимби сен менин
Кыйбасымсың менин


Жыгылсам таяган
Жалооруп караган
Жан курбум аяган
Кубансам сүйүнгөн
Кайгырсам күйүнгөн
Кири жок дилинде

Другие песни исполнителя:

  • Сен болдуң жүрөгүмдүн түрсүл-түрсүл соккон күчтүү ыргагы, Сен болдуң көңүлүмдүн муңдан толуп, оргуп чыккан ырлары. Жолу жок махабаттан боздоп жүргөн бото анык мен болдум, Сагындырып көздөрүңдүн жанып турган жанга дары нурлары. Сен болдуң кусалыктан күтүп-күтүп күдөр үзбөс сагынчым, Сен болдуң издегеним келчи, Жаным, өзүңдү абдан сагындым! Күтүүдөн күйүп бүттүм, келсең боло жүрөк отум өчүрбөй, Же болбосо көңүлүңдө барбы, Эркем, айтпай жүргөн таарынчың… Кайырма Өзүңдү дегдеп, өзүңсүз түндөр өтөт, Өзүң деген кусалыктан соккон жүрөк бар дүйнөмдү дүрбөтөт! Өзүңдү дегдейм карааныңа зар болуп, Кайтып келчи, Карлыгачым, муңкандырбай Мен кеттим дүйнөм тар болуп! Нечен күн өтсө дагы, нечен нөшөр төксө дагы келбейсиң! Не үчүн бир өзүң деп жүрсөм дале мен менен бир жүрбөйсүң?! Күндөр өтөөр, айлар өтөөр, мезгил да кетээр дайнын таптырбай, А мен болсо сүйөм сени, сүйөм сени, сенден күдөр үзбөймүн!
  • Капалыкты кайгыны жойсо дедим Көңүлүмө жарыгы толсо дедим Бой таштаган мен үчүн бийиктикте Болочогум атамдай болсо дедим Кайырма: Кубанычтан толкундап ыйлап алам Кыйноо тарткан күндөрдү жыйнап алам Баркын билип мен дагы түгөйүмдү Башымды ийип атамдай сыйлап алам Бийик кылган жашоомдо ордум дедим Бирок тагдыр сынооңдү койгун дедим Түн бир оокум жалбарып жаратканга Түбөлүгүм атамдай болсо дедим Жалыныма отума күйсө дедим Жаштыгымды кор кылбай жүрсө дедим Жамандыктан кайгыдан алыс кылып Жан шеригим атамдай сүйсө дедим
  • Тамшанасың таң каласың Жаш балакай канчадасың Алсырап ойноп жүрчү балашка Ансыз деле түшүп жүрөм талашка Качпа сулуу какпа сулуу Кыялыңды ташта сулуу Биз эми сенин супер менин Апама сен бол супер келин Купулга жигит толуш керек Үй машинаң болуш керек Сүйүүсүнө жетет татыганда Кнопкам менен жүргөн машинам бар Жаным деп алдабачы Калп сезимди арнабачы Сага болгон махабатым терең Алдап кетчүдөй депутат белем Мактанасың шаттанасың Азырынча жаш баласың Мактанчактын кереги жок мага Андай болсо башка кызды кара Каражаным балапаным Сага түнүм сага таңым Көгүчкөнүм болсоң жем болоюн Человек паугун мен болоюн Көгүчкөн эмес аккуумун мен Сүйүүдөй балдай таттуумун мен Көз менен анда атып алам Карегиме дайым катып эле алам