Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кусалык»
исполнителя Кызсайкал Кабылова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сен болдуң жүрөгүмдүн түрсүл-түрсүл соккон күчтүү ыргагы,

Сен болдуң көңүлүмдүн муңдан толуп, оргуп чыккан ырлары.

Жолу жок махабаттан боздоп жүргөн бото анык мен болдум,

Сагындырып көздөрүңдүн жанып турган жанга дары нурлары.

Сен болдуң кусалыктан күтүп-күтүп күдөр үзбөс сагынчым,

Сен болдуң издегеним келчи, Жаным, өзүңдү абдан сагындым!

Күтүүдөн күйүп бүттүм, келсең боло жүрөк отум өчүрбөй,

Же болбосо көңүлүңдө барбы, Эркем, айтпай жүргөн таарынчың…

Кайырма

Өзүңдү дегдеп, өзүңсүз түндөр өтөт,

Өзүң деген кусалыктан соккон жүрөк бар дүйнөмдү дүрбөтөт!

Өзүңдү дегдейм карааныңа зар болуп,

Кайтып келчи, Карлыгачым, муңкандырбай

Мен кеттим дүйнөм тар болуп!

Нечен күн өтсө дагы, нечен нөшөр төксө дагы келбейсиң!

Не үчүн бир өзүң деп жүрсөм дале мен менен бир жүрбөйсүң?!

Күндөр өтөөр, айлар өтөөр, мезгил да кетээр дайнын таптырбай,

А мен болсо сүйөм сени, сүйөм сени, сенден күдөр үзбөймүн!

Другие песни исполнителя:

  • Жаным сездирдинго барынды Иймерип алдын шагымды Жаным коз талдырган ай белен Корунбой мурда кайда элен Кайырма; Жаным сен менен озумду бактылуу сезейинчи Жаным сен менен энсеген кыялга жетейинчи Жаным сен менен махабат багына барайынчы Жаным сен менен омурлук жолумду табайынчы Мага журогунду арначы Колумду сунам кармачы Жаным жылдызымсын асманда Кубанам сени тапканга
  • Жашоомдо бүтпөс санатым Жан атам сизсиз канатым Жүрөктү кубандырат Жүзүмдөн нур алдырат Мээримдүү сенин карашың Атакем ыйык тутам Бакытым менин атам Таазим кылып тизе бүгөм Ата сизди чексиз сүйөм Атакебай атакем Мээнетиң арбын ченемсиз Кымбатым ыйык чеберсиз Кыйналсам биле турган Мен үчүн бийик турган Атакем бийик тутам Атакем жаным атам Ачык болсун көңүлүңүз Узун болсун өмүрүңүз Атакем атакем Себеби сенсиң ырымдын Сезбестен турмуш кыйынын Жашай бер кылымдарга Жаныңда кызың барда Атакем асылым ыйыгым Атакем кумир тутам Жөнөкөй асыл адам Кичинемде эркелесем Эми сизди эркелетем Атакебай атакем
  • Мен арнаган ак сүйүүнү, Эстейсиң сен деген жүрөгүмдү. Сен сезесиң жан экенин, Аягың көңүлүмдү. Мен баш тартып ойлорумдан, Сүйөм деп кармасам колдоруңдан. Сен ишенип башкаларга, Адаштың жолдоруңдан. Кайырма Арнасам жүрөгүмдү жалгыз сага, А бирок арнабадың сүйүү мага. Бир күнү түшүнөсүң, Барысы жакын эмес, Мендей сага. Бир мезгилде түшүнөсүң, Мен сенин сезимиң сыйлаганым. Сен жүрөктү кыйнасаң да, Башкага кыйбаганмын. Сен карабай көздөрүмө, Ишендиң ар кимдин сөздөрүнө. Сен сезбедиң жашыганым, Жалгыз сен жүрөгүмдү.
  • Кун дейинби сени кундойум, Гул дейинби кызыл гулдойум. Баары, баары сага жарашат, Эмне дейин айтчы ким дейин? Кунум десен жарык чачайын, Гулум десен гулдоп ачайын. Эркелетсен мейли эмне деп, Эркен болуп сенин жашайын. Припев; Жанында жаным, Сенин болойун. Багына бактым, Барып конойун. Тыншачы жаным, Ортобуздагы. Жанырып жаткан, Суйуу обонун. Ай дейинби сени айдайым, Асел дейим ширин балдайым. Аруузатым арзуу сезимди, Ак суйуумду сага арнайын. Айым десен тундо толойун, Асманына бийик конойун. Жол корсотуп сага тундосу, Жарыгын мен сенин болойун. Припев; Жанында жаным, Сенин болойун. Багына бактым, Барып конойун. Тыншачы жаным, Ортобуздагы. Жанырып жаткан, Суйуу обонун.