Казахские песни Узбекские песни

Песня «Өмүр»
исполнителя Кызсайкал Кабылова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Өмүрдү барктап, сезбеген арбын,
Балким кебирлер түшүнөт баркын.
Кимдир бирөөгө аесуз курсуң,
Кимдир бирөөгө аябай зарсың
Кайырма:
Өмүр, өмүр биз деп жанасың
Өмүр, өмүр ойго саласың
Өмүр, өмүр колуңда сенин
Кимди, кай жерден, качан аласың
Таталбай өмүр даамын кетирип,
Жүргөндөрдүн бул күндөрдү эскерип.
Ойлоп алып мен да бир күн кетерим
Жаш жүрөгүм жашагымды келтирет.
Кайырма:
Өмүр, өмүр биз деп жанасың
Өмүр, өмүр ойго саласың
Өмүр, өмүр колуңда сенин
Кимди, кай жерден, качан аласың
Адамдык бизде пейил оңолбой,
Эскирип барат такыр колдонбой.
Убактылуу күндү гана өткөрүп,
Жүргөндөйбүз көп нерсени ойлонбой.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Капалыкты кайгыны жойсо дедим Көңүлүмө жарыгы толсо дедим Бой таштаган мен үчүн бийиктикте Болочогум атамдай болсо дедим Кайырма: Кубанычтан толкундап ыйлап алам Кыйноо тарткан күндөрдү жыйнап алам Баркын билип мен дагы түгөйүмдү Башымды ийип атамдай сыйлап алам Бийик кылган жашоомдо ордум дедим Бирок тагдыр сынооңдү койгун дедим Түн бир оокум жалбарып жаратканга Түбөлүгүм атамдай болсо дедим Жалыныма отума күйсө дедим Жаштыгымды кор кылбай жүрсө дедим Жамандыктан кайгыдан алыс кылып Жан шеригим атамдай сүйсө дедим
  • Жаратканым мага энчилеп Белек кылып берген балапанымсың Жарык айдайым ишене албаймын Сен жок кезде билбейм кантип жашадым Кайырма: Эркетайым менин эркетайым Маңдайымда жүрчү сен ар дайым Балапанымсың менин көктө жылдызым Бакыт мага түгөнгүс сенин кылыгың Кандай бакыт жанымда барың Жыттап алып сени кубаттанамын Күндөй жайнасаң апоу деп айтсаң Ал ансайын ачылат менин асманым Кылыктарың сонун эркелеп Сөздөрүң таттуу тартат өзүнө Күлгөнүң сулуу көздөрүң нурлуу Жаратканым бакытты берсин өзүмө
  • Мен арнаган ак сүйүүнү, Эстейсиң сен деген жүрөгүмдү. Сен сезесиң жан экенин, Аягың көңүлүмдү. Мен баш тартып ойлорумдан, Сүйөм деп кармасам колдоруңдан. Сен ишенип башкаларга, Адаштың жолдоруңдан. Кайырма Арнасам жүрөгүмдү жалгыз сага, А бирок арнабадың сүйүү мага. Бир күнү түшүнөсүң, Барысы жакын эмес, Мендей сага. Бир мезгилде түшүнөсүң, Мен сенин сезимиң сыйлаганым. Сен жүрөктү кыйнасаң да, Башкага кыйбаганмын. Сен карабай көздөрүмө, Ишендиң ар кимдин сөздөрүнө. Сен сезбедиң жашыганым, Жалгыз сен жүрөгүмдү.
  • Билем жаным таарынасың мага дайым Айтпасаң да көздөрүңдөн туям баарын Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин Жалгыз сага жан дүйнөмдүн ийилгенин Мейли кеттиң коштошподуң кош дебедиң Түшүнбөймүн таарынычың не себебин Сезген жоксун жүрөгүмдүн ооруганын Сезимдердин тоо гүлүндөй соолуганын Төгөт жамгыр коштошуунун көз жашыдыр Кеч болсо да калыстыгын кылаар тагдыр Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин Аста басып кете бердиң, кете бердиң Сезген жоксун жүрөгүмдүн эзилгенин Аста басып кете бердиң, кете бердиң