Казахские песни Узбекские песни

Песня «Балапаным»
исполнителя Кызсайкал Кабылова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жаратканым мага энчилеп
Белек кылып берген балапанымсың
Жарык айдайым ишене албаймын
Сен жок кезде билбейм кантип жашадым

Кайырма:

Эркетайым менин эркетайым
Маңдайымда жүрчү сен ар дайым
Балапанымсың менин көктө жылдызым
Бакыт мага түгөнгүс сенин кылыгың

Кандай бакыт жанымда барың
Жыттап алып сени кубаттанамын
Күндөй жайнасаң апоу деп айтсаң
Ал ансайын ачылат менин асманым

Кылыктарың сонун эркелеп
Сөздөрүң таттуу тартат өзүнө
Күлгөнүң сулуу көздөрүң нурлуу
Жаратканым бакытты берсин өзүмө

Другие песни исполнителя:

  • Жүрөгүмө сен жылуулук арнадың Көздөрүңдөн мен бакытты табамын Сенсиң менин он сегиз миң ааламым Бир өзүңө байланамын Сени менен бакыт барын сеземин Билем жаным жалгыз сендик экеним Менин тунук бакытыма себебсиң Жүрөгүмдө сезимдесиң Кайырма: Сен менин жаным Мен бактымды таптым Жаркытып жашоомо Жарык нуруңду чачтың Дайым менин жанымдасың бир өзүң Жагат мага сүйүп турган мүнөзүң Сени менен чогу бирге өткөргөн Кымбат мага мүнөттөрүң Бактылуумун өзүң барсың жанымда Эркелетип сүйүп турган дайыма Кандай жакшы жазылган бактыма Бакыт болбой башкаларга
  • Кун дейинби сени кундойум, Гул дейинби кызыл гулдойум. Баары, баары сага жарашат, Эмне дейин айтчы ким дейин? Кунум десен жарык чачайын, Гулум десен гулдоп ачайын. Эркелетсен мейли эмне деп, Эркен болуп сенин жашайын. Припев; Жанында жаным, Сенин болойун. Багына бактым, Барып конойун. Тыншачы жаным, Ортобуздагы. Жанырып жаткан, Суйуу обонун. Ай дейинби сени айдайым, Асел дейим ширин балдайым. Аруузатым арзуу сезимди, Ак суйуумду сага арнайын. Айым десен тундо толойун, Асманына бийик конойун. Жол корсотуп сага тундосу, Жарыгын мен сенин болойун. Припев; Жанында жаным, Сенин болойун. Багына бактым, Барып конойун. Тыншачы жаным, Ортобуздагы. Жанырып жаткан, Суйуу обонун.
  • Тамшанасың таң каласың Жаш балакай канчадасың Алсырап ойноп жүрчү балашка Ансыз деле түшүп жүрөм талашка Качпа сулуу какпа сулуу Кыялыңды ташта сулуу Биз эми сенин супер менин Апама сен бол супер келин Купулга жигит толуш керек Үй машинаң болуш керек Сүйүүсүнө жетет татыганда Кнопкам менен жүргөн машинам бар Жаным деп алдабачы Калп сезимди арнабачы Сага болгон махабатым терең Алдап кетчүдөй депутат белем Мактанасың шаттанасың Азырынча жаш баласың Мактанчактын кереги жок мага Андай болсо башка кызды кара Каражаным балапаным Сага түнүм сага таңым Көгүчкөнүм болсоң жем болоюн Человек паугун мен болоюн Көгүчкөн эмес аккуумун мен Сүйүүдөй балдай таттуумун мен Көз менен анда атып алам Карегиме дайым катып эле алам
  • Мөлтүрөгөн көздөрүң, Бир боорум деп, Мээримиң төккөнүң. Карындашым өзүңдөн, Мен көрөмүн,апакемдин өзүн. Бар болгун асылым,апакай, Ак куусу төрүмдүн. Кымбатым менин карындашым, Кадырлап алар тамырлашым. Кагылам сенден,айланып кетем, Табылгыс байлыгым. Караныңыз опол-тоо. Агатайым, башымды жөлөрүм. Капа тартсам капыстан, Атакемдей чекемден өбөрүм. Силер бар бир боорум асылдар, Бактылуу өмүрүм. Алыска кетсем сагынарым, Канатын жайып кайрыларым. Айланып кетем,жанымды берем, Табылгыс байлыгым. Жараткан берген бир тууганым, Жанымда түгөл жүрчү дайым. Атамда,апам маңдайда болуп, Сыймыктансын дайым.