Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бир тууганым»
исполнителя Кызсайкал Кабылова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Мөлтүрөгөн көздөрүң,
Бир боорум деп,
Мээримиң төккөнүң.
Карындашым өзүңдөн,
Мен көрөмүн,апакемдин өзүн.
Бар болгун асылым,апакай,
Ак куусу төрүмдүн.

Кымбатым менин карындашым,
Кадырлап алар тамырлашым.
Кагылам сенден,айланып кетем,
Табылгыс байлыгым.

Караныңыз опол-тоо.
Агатайым, башымды жөлөрүм.
Капа тартсам капыстан,
Атакемдей чекемден өбөрүм.
Силер бар бир боорум асылдар,
Бактылуу өмүрүм.

Алыска кетсем сагынарым,
Канатын жайып кайрыларым.
Айланып кетем,жанымды берем,
Табылгыс байлыгым.

Жараткан берген бир тууганым,
Жанымда түгөл жүрчү дайым.
Атамда,апам маңдайда болуп,
Сыймыктансын дайым.

Другие песни исполнителя:

  • Жаным сездирдинго барынды Иймерип алдын шагымды Жаным коз талдырган ай белен Корунбой мурда кайда элен Кайырма; Жаным сен менен озумду бактылуу сезейинчи Жаным сен менен энсеген кыялга жетейинчи Жаным сен менен махабат багына барайынчы Жаным сен менен омурлук жолумду табайынчы Мага журогунду арначы Колумду сунам кармачы Жаным жылдызымсын асманда Кубанам сени тапканга
  • Мен арнаган ак сүйүүнү, Эстейсиң сен деген жүрөгүмдү. Сен сезесиң жан экенин, Аягың көңүлүмдү. Мен баш тартып ойлорумдан, Сүйөм деп кармасам колдоруңдан. Сен ишенип башкаларга, Адаштың жолдоруңдан. Кайырма Арнасам жүрөгүмдү жалгыз сага, А бирок арнабадың сүйүү мага. Бир күнү түшүнөсүң, Барысы жакын эмес, Мендей сага. Бир мезгилде түшүнөсүң, Мен сенин сезимиң сыйлаганым. Сен жүрөктү кыйнасаң да, Башкага кыйбаганмын. Сен карабай көздөрүмө, Ишендиң ар кимдин сөздөрүнө. Сен сезбедиң жашыганым, Жалгыз сен жүрөгүмдү.
  • Сен болдуң жүрөгүмдүн түрсүл-түрсүл соккон күчтүү ыргагы, Сен болдуң көңүлүмдүн муңдан толуп, оргуп чыккан ырлары. Жолу жок махабаттан боздоп жүргөн бото анык мен болдум, Сагындырып көздөрүңдүн жанып турган жанга дары нурлары. Сен болдуң кусалыктан күтүп-күтүп күдөр үзбөс сагынчым, Сен болдуң издегеним келчи, Жаным, өзүңдү абдан сагындым! Күтүүдөн күйүп бүттүм, келсең боло жүрөк отум өчүрбөй, Же болбосо көңүлүңдө барбы, Эркем, айтпай жүргөн таарынчың… Кайырма Өзүңдү дегдеп, өзүңсүз түндөр өтөт, Өзүң деген кусалыктан соккон жүрөк бар дүйнөмдү дүрбөтөт! Өзүңдү дегдейм карааныңа зар болуп, Кайтып келчи, Карлыгачым, муңкандырбай Мен кеттим дүйнөм тар болуп! Нечен күн өтсө дагы, нечен нөшөр төксө дагы келбейсиң! Не үчүн бир өзүң деп жүрсөм дале мен менен бир жүрбөйсүң?! Күндөр өтөөр, айлар өтөөр, мезгил да кетээр дайнын таптырбай, А мен болсо сүйөм сени, сүйөм сени, сенден күдөр үзбөймүн!
  • Бактыма сен барсың, Бакыт берген жансың Жанымда, тагдырымда. Татаал турмуш кечтик, Баарын бирге жеңдик Жаралып жалганга Сенин барың күч берет, күнүм керемет, Бизди күтөт келечек, күтөт келечек. Кайырма: Жетелешип басып жүрөлүк, Сезимдерди сактап түбөлүк Биз түбөлүк, түбөлүк, биз түбөлүк. Жалындаган сезим, Жакын жүрүп сездим, Жылуулугуң сенин… Аруу, таза сезим, Сүйүү кереметин Башкадан издебеймин… Сенин барың күч берет, күнүм керемет, Бизди күтөт келечек, күтөт келечек. Кайырма:
  • Билем жаным таарынасың мага дайым Айтпасаң да көздөрүңдөн туям баарын Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин Жалгыз сага жан дүйнөмдүн ийилгенин Мейли кеттиң коштошподуң кош дебедиң Түшүнбөймүн таарынычың не себебин Сезген жоксун жүрөгүмдүн ооруганын Сезимдердин тоо гүлүндөй соолуганын Төгөт жамгыр коштошуунун көз жашыдыр Кеч болсо да калыстыгын кылаар тагдыр Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин Аста басып кете бердиң, кете бердиң Сезген жоксун жүрөгүмдүн эзилгенин Аста басып кете бердиң, кете бердиң